Мектепке зар бөбөктөр

Ошентип дагы бир окуу жылы аяктап, каникулга тарашкан балдардын кубанычында чек жок. Жайкы эс алуу мезгили башталганы Сокулук районундагы Лесное айылынын тургуну Насип апанын да санаасы тынчып калды. Анткени бул айылда мектеп болбогондуктан, эки небереси – Рысбек менен Жакшылык  5 километр аралыкта жайгашкан Манас айылына барып келип окушчу. Экөө жалаӊ “беш” деген бааларга окуганына бир чети кубанса, бир чети күндө таӊүрүл-бараӊ атканда көздөрүн ушалап жолго чыгышкан чүрпөлөрүн көрүп эненин ичи кабырылып тураар эле.

Сабырдын түбү — сар-санаа…

Лесное айылында учурда 700дөн ашык түтүн жашайт. Жери жайлуу, берекелүү айылдын тургундары жыл сайын көбөйүп баратканына береги айылга кире бериште катар-катар тизилип түшүп жаткан жаӊы конуштарды көрүп ынанасыӊ. Арийне, бул ыӊгайлуулук кичинекей бөбөктөргө тиешелүү эместей. Ушул жерге келген тээ 1990-жылдардан бери айылда мектеп, бала бакча дегенди көрбөгөнүн айтат Насип эне. Апанын балдары Нарындан көчүп келишип, ушул жерден там-таш алып отурукташып калышканына 20 жылдан ашып калды. Ошондон улам болсо керек, аны коӊшулары “нарындык апа” деп тергеп коюшат. 13 баланын энеси, “Баатыр Эне” Мукаева Насип апа уулу Нурбектен калган керээз – эки небересин жыттап, алардын кубаныч-кайгысын кошо тартышып дегендей, ошолорду эрмек тутуп отурган чагы.

— Балдарым ушул жерден үйлүү болушуп, короо-жай күтүп калышкандан бери мен да ушул жерге байыр алып калдым. Буга бир чети менин ден соолугум да себепкер болду. Өзүбүздүн жердигибиз – тоолуу Нарын өрөөнүнүн Оттугунан. Менин баамымда бул жердегилердин көпчүлүгү чар тараптан келип отурукташып калгандар. Айыл жылдан жылга кеӊейип баратат. Бир жаман жери — балдар үчүн мектеп, бала бакча деген жок. Эки неберем тиги Манас айылындагы Ат-Башы орто мектеп-гимназияга каттап окушат. Улуусу Рысбек 6-класска, кичүүсү Жакшылык 5-класска көчүштү. Рысбек бир эле сабагынан “төрт” чыгып калды, ал эми Жакшылык жалаӊ “беш” деген бааларга аяктап, медаль тагынды. Неберелерим — менин   сыймыгым. Ушуларды караан тутуп, кайгы-кубанычы менен жашап келатабыз, айланайындар. Меникиндей балдар башка үйлөрдө да бар эмеспи, эми ошол балдар үчүн же мектеп, же бала бакча курула электиги кимди да болсо түйшөлтөт. Жок дегенде башталгыч класс ачып коюшса, ушул кичинекейлерге сонун болоор эле, буларды көрүп биздин да көӊүлүбүз жайланып калмак. Болбосо, кышы-жайы чоӊдор менен жарышып, таӊ атпай турушат. Ырас, окуучуларды күнүнөүч маал автобус ташыйт, жол киреси – барганы 8 сом, келгени 8 сом. Анысына да кайыл элек, кез-кезде келбей калганы болбосо, үзгүлтүксүз эле каттайт. Бирок сабак саат 8де башталса, буларды саат 7лерде эле ташып барып таштап, башка айылдардын балдарына кетет. Түштө да сабактары эрте-кеч бүткөндүгүнө карабай, автобусту күтүүгө туура келет. Кай бирде ачка кесерип отургандан көрө дешип, жөө-жалаӊдап жөнөшөт. Кан жолдо кайгыбыз эле ошо – балдарыбыз аман-эсен келсе экен деп жакабызды кармап күтүп отурабыз. Машина менен ташыганга баардыгынын эле чамалары келбейт да. Маршрутка айдаган айдоочулар деле ар кандай болот экен, көбү жөөлөп албай кетишет. Ушул биздин мүдөөбүздү тиешелүү бийлик жетекчилери угушуп, оӊунан чечип беришсе, жакшы болоор эле. Менин неберелерим  азыр биртике бой тартып калышты, ал эми быйыл жаӊы окуу жылында 1-класска баргандар куурашат го, — дейт Насип апа кейип-кепчип.

Мектеп үчүн даяр имарат бар

Айылдагы даяр имаратты балдарга берүү жөнүндөгү ой-сунуштар Лесное айылынын жашоочуларында да бар болуп чыкты. Алардын айтымында, ушул айылда мектепке ылайыктуу эки кабаттуу имарат бар. Ошону ремонттоп, мектепке айландырып койсо болот, керек болсо бир бурчуна бала бакча ачып алса да ылайык келчүдөй. Мындай оюн бизге Лесное айылынын тургуну Гүлмира Бектемирова да билдирди. Ал 2007-жылдан бери Манас айылында жайгашкан Ат-Башы орто мектебинде балдарга орус тили жана адабияты сабагын окутат. Балдарга кошумча англис тилинен да сабак берет. Гүлмира Нуркамиловна үй-бүлөсү менен алыскы Алай өрөөнүнөн көчүп келишкен. Анын жолдошу аскер кызматкери болгондуктан, үч баласы менен көп жерлерде көчүп-конуп жүрүшүп, акыры ушул Чүй боорунан орун алып калышкандыктарына он жылдан ашып калды.

— Менин атам да агартуу тармагына кыйла жыл эмгек сиӊирген мугалим эле. Атамдын жолун жолдоп мугалим болуп, балдарга билим-тарбия берүү вазийпасын аткарып жүргөнүмө сыймыктанам. Бул айылда мектеп жок болгондуктан, мен да балдар менен кошо Манаска барып-келип иштейм. Жолдо жүрүү кыйын эле, чоӊуна да, кичинесине да. “Жол азабы – көр азабы” деп бекеринен айтылбаса керек. Айрыкча, бөбөктөргө боорум ачыйт. Ызгаардуу кышка, жаан-чачынга карабай жолдо жүрүшөт. Балдар эртеӊ мененки автобустан калып калбайлы дешип эрте турушат. Түштө, кечинде автобустун каттамына карап, көз каранды болушат. Эртеӊ менен эрте туруп уйкулары канбай чарчаган балдардын окууга жөндөмдүүлүгү басаӊдап калаарын байкайм. Ата-энелери да балдарынын ден соолугуна кабатыр болушат. Айылдаштарымдын сунушу боюнча ушул жердеги эки кабаттуу имаратты мектепке айландырып алса болчудай. Ал азыр жеке менчикте, бирок иштетилбей эле көптөн бери бош турат. Жаӊы имарат куруп убараланбай эле ошол имаратты мектеп катары пайдалансак, маселе чечилмек, — деген оюн бөлүштү бизге Гүлмира айым.

Айыл тургундарынын көзүнө илинген ал имаратты кезегинде менчиктештирип алган бизнесмен менчигин башкага бекер берери деле күмөн деӊизчи. Бирок бийликтегилер менен бир пикирге келишип, балдардын бакубат келечеги үчүн биргелешип иш башташса, алар бизнестен тапкан байлыгынан артык бак-дөөлөт күтүп, элдин батасын алышмак. Расмий эмес алынган маалыматтар боюнча айлана-тегереги 20 гектардан ашык аянтты ээлеген ал имаратты жеке эле билим берүүнүн эмес, спорттук аянтчалары, эс алуучу оюн-зоок бөлмөлөрү бар, жаштардын кадимки маданий очогуна айландырып койсо, эӊ эле сонун болчудай.

Бул — эл өкүлдөрү чече турган маселе

 Мектеп маселесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандай карашат болду экен деген ойдо Ат-Башы айыл аймагынын башчысы  Азисмамед Сейдалиевдин кеӊсесине баш бактык. Иштегенине 4 ай чамалап калган башчы учурда жол маселеси менен чапкылап жүргөндүгүн айтты.

— Лесное айылында башынан эле мектеп жок. Эч болбосо башталгыч класс ачып бергиле деген тургундардын талабы да бизге маалым. Балдар жакын жайгашкан айылдарга каттап окушат. Ошонун айынан кээ бир мектептерде балдардын саны аябай көп болуп, мугалимдерге да ашыкча жүк артылып, дагы бир маселе жаралып отурат. Алсак, Манас айылындагы 485 орундуу мектепте учурда 1500 бала окуйт. Мектепти ашыкча жүгүнөн арылтуу үчүн кошумча имарат куруу керек. Ушул маселени чечүү тууралуу район жетекчилигине, тиешелүү мекемелерге кайрылганбыз. Тилекке каршы, чукул арада мектеп куруу маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ат-Башы айыл аймагына Манас, Акжол, Лесное, Төрткүл айылдары жана бир дача участогу карайт. Бул айылдарда мектеп маселеси менен бирге бала бакча көйгөйү да бар. Убагында үч айылда жакшынакай бала бакча имараттары болгон экен, менчиктештирүү башталганда сатылганы сатылып, таланганы таланып, айтор, менчикке өтүп кеткен. Азыркы учурда Манас айылында 100 орундуу бир менчик бала бакча гана бар, — деди айыл башчы биз менен болгон учкай маегинде.

Айыл жашоочулары тез арада мектеп курулуп калаарына деле ишене беришпей тургандыгы алардын маанайынан көрүнүп турат. Буга убакыт, анан дагы көп каражат сарпталаары  анык иш. Бирок чама-чакка карабай калктын саны өсүп, бөбөктөр жаралып жаткандан кийин, бул маселени кандай болсо да чечүү керек эмеспи. Мурда ушул айыл аймагында жетекчинин орун басары болуп иштеген, Манас айылынын тургуну Молдошев Саматбек, мектеп жана бала бакча маселесин чечип берүү тууралуу өтүнүч катты Жогорку Кеӊешке жолдоо керектигин айтат. Эл өкүлдөрү гана тиешелүү тармактын жетекчилери менен биргеликте “Ийри отуруп түз кеӊешип” дегендей, кандай жол менен болсо да чечип берүүгө же болбосо чечүү жолун табууга чамалары келерине ишенерин билдирди.

— Ички миграциянын натыйжасында  азыркы учурда борбор калаабыздын айлана-тегереги  кеӊейгенден кеӊейип келатат. Айрыкча Чүй боорунун Бишкек шаарына жакын жайгашкан райондорунун мурдагы айдоо аянттары жер тилкелерине бөлүнүп, сатыла баштаганы жаӊы конуштар түшүп жатканы маалым. Жаӊы конуштар менен бирге социалдык проблемалар жаралып жатканы да бүгүнкү чындык. Анткени алар калкты тейлөө кызматтарына муктаж. Мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди куруу маселеси – жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан чечилиши зарыл. Буга жергиликтүү бийлик жетекчилери да колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, көмөкчү болуулары керек деп ойлойбуз. Биздин Ат-Башы айыл аймагына Азисмамед Токтогулович башчы болуп келгенине аз эле убакыт болду. Аракети бар жетекчи экендигин байкап жүрөбүз. Эс алуу күндөрүнө карабай иштеп жатканын көрүп калабыз. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ушул аймакка караган айылдардын баарына балдар ойной турган аянтчаларды куруп ишке киргизди. Эми мектеп, анан бала бакча маселесин да четинен караштырса деген мүдөөбүз бар. Анткени айыл тургундарынын саны көбөйүп, Сары-Өзөн Чүйдү мекендеп сырттан келип отурукташып жатышат. Аны менен бирге айыл инфраструктурасы да оӊолуп, кеӊейиши керек дегендей. Былтыр беле, Кыргыз Өкмөтү менчиктештирүү маалында башаламан тарап кеткен социалдык имараттарды, айрыкча бала бакча имараттарын баштапкы максатына кайтаруу тууралуу маселе козгоду эле. Менин оюмча, жаӊы имарат куруп отурбай эле ошол эски имараттарды ыӊгайлуу жолу менен калыбына келтирүү туура болмок, — деди.

Айнагүл Кашыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*