«ИЛИМ-ТОЗБОГОН КУДУК, БИЛБЕГЕН КИШИ ДУДУК»

Кыргыз Социологиялык Ассоциациясы салтка айланган аракети боюнча жыл аягында, саясый мекемелерге жана окуяларга эксперттик баа берүү сурамжылоосуна Кыргыз улуттук илимдер Академиясынын тагдырына байланышкан суроолорду да камтыган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев коомдук эксперттик кеӊештин илимий курамын жаӊылоону жана өлкөдө илимий ишмерликти кайрадан көтөрүү маселесин өкмөткө табыштаган (бул 2014-жылдын 4-сентябрында болгон эле). Ошондон бери кыргыз коомчулугунда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынын тагдыры, дегеле кыргыз мамлекетинде илимдин абалы жана келечегине байланышкан талкуу кызуу уланууда. Мисалы, «Фабула» гезитинин  2015-жылы 15-январындагы №1 санында «Билим тармагы өксүп, орду толгус оор жоготууга учурады…» деген аӊгемелешүүдө жогорку окуу жайларынын адам чыдагыс абалы жөнүндө жарыяланган. Андан бери Республиканын күндөлүк басмаларында: «Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясын жоюу илимге зыян келтирет», «Улуттук Илимдер Академиясын жойгусу келгендер анын имаратына көз артып жаткандар», «Илимди жаӊылоо зарыл» деген сыяктуу пикирлер орун алууда. Бирок мындай маанилүү ишти окумуштууларсыз, анын ичинде КР УИАнын окумуштуулары катышпастан, көмүскөдөн жана үстүртөн эмес, туташтуу, ачык түрдө, коомчулуктун жана илимий чөйрөсүн жигердүү катышуусу жана илимдин коомдогу бийик ордун сактоо менен гана чечилүүгө тийиш экендиги күнүмдүк басмаларда ачыктан-ачык белгиленүүдө. Кыргыз республикасынын тил илимдери боюнча көрүнүктүү окумуштуу профессору, ийкемдүү дипломат, мекенчил, талыкпаган изилдөөчү Сыртбай Мусаев: «Илимде илим жөнүндө түшүнүгү жок, космополит, маӊкурттардын сунушу менен эле жоюп коюу эч мүмкүн эмес» – деген маегин «Алиби» гезити (жума күнү, 27-февраль, 2015-жыл) жарыялаптыр. Демек, бул республикадагы илимдин бүгүн полипарадигмалуулугу жөнүндө толук кандуу жумуш боло электигин кабарлайт…

Социология илими изилдөөнүн максатына ылайык сурамжылоонун ар кандай түрлөрүн пайдаланат. Эксперттик сурамжылоо Кыргыз Социологиялык Ассоциациясы тарабынан көп жылдан бери ар кандай маселелер боюнча эӊ кеӊири колдонуп жүргөн илимий ыкма болуп саналат. Бул жолу 50 эксперт сунушталган 2 суроого жооп беришкен. Алар Республиканын Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй областарында жана Бишкек, Ош шаарларында илим, билим, маданият тармактарында, коомдук уюмдарда, басмаларда, саясый партияларда эмгектенишкен кесипкөй адистер, сапаттуу, машыккан акыйкатчыл баалоочулар.

Анкетадагы биринчи – суроо: “Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясын реформалоо боюнча кандай пикирдесиз?” деп аталат. 9 эксперт (18%), бул суроого жооп берген эмес, 6 эксперт (12%) “жоюп салып, институттардын функциясын университеттерге берүү керек” дейт. Бул эксперттер негизине ЖОЖдордун кызматкерлери. Алардын бирөө Баткен шаарынан, төртөө Ош шаарынан, бирөө Бишкек шаарынан. Демек, чечмеленбесе да түшүнүктүү го. 2 эксперт (4%) “мурункудай эле абалында калтыруу керек”– дейт. Алардын бирөө КР УИАнын кызматкери, экинчи – эл аралык Университеттин ректору. Эксперттердин дээрлик көпчүлүгү, 33 инсан (66%), негизинен коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун профессорлору, журналисттер: “Ички реформаларды жүргүзүп. Улуттук Илимдер Академиясынын курамын тактоо менен айкын изилдөөлөрдүн илимий натыйжалуулугун жогорулатуу, жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизип, элге кеӊири жайылтуу зарыл” – дейт. Демек, кыргыз коомчулугунун дээрлик көпчүлүгү Улуттук илимдер Академиясын сактап, мамлекеттин ар тараптан өнүгүшүнө илимий негизин күчөтүү зарылчылыгы күн тартибине коюлууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекетинин кайра жаралуу доору жөнүндө кыялданып, мындай дептир: “Акыркы жылдар көрсөтүп жатат-кыргыз элине кут келип, башкача бир энергия ойгонуп, пассионардык энергия келип жатат. Кудай буюрса, элибиз кайра жаралуунун даӊгыр жолуна чыкты. Кыргыз эли Борбордук Азияда өнүккөн мамлекеттерден болот деп толук ишенем!” (“Кыргыз туусу” гезити. 5.12.2014-ж). Жогоруда аталган – “Кайра жаралуунун даӊгыр жолу”- Улуттук Илимдер Академиясыз кыймылга келээри мүмкүн эмес. Илимди ар тараптан өнүктүрбөй туруп, ойгонгон энергияны, пассионардуулукту, кайра жаралууну” аракетке келтире албайбыз. Демек, Илимдер Академиясы коомду, ар тараптан өнүктүрүүнүн түбөлүк кыймылдаткычы, кудуреттүү акыл-ойдун ордосу, мамлекеттин куттуу дөөлөттөрүн уютуп турган ыйык борборунун иштиктүү катышуусуз, дүйнөнү ааламдаштыруу жана цивилизациялык өнүгүү шартында заманбап улуттук мамлекетти калыптандыра албайбыз. Бул чындыкты бөркүбүздөй эле көрүп коелук.

Кыргыз акылга, билимге, илимге байыртадан ыктаган ыйык нарк, көрөӊгө дөөлөттөрү менен адамзат тарыхында татыктуу орду болгон байыркы калк. Аларды кыскача санай кетелик: 1) Акыл, билим, илим эриш аркак болуп бирин-бири жетелейт. Ушуларды чечмелеген эле кыргыздын миӊден ашык макал-лакаптары бар. Мисал катары кээ бирлерине көӊүл буралык. “Акыл-алтын, ой-күмүш. Акыл деӊизден тереӊ, билим-тоодон бийик. Акыл тоӊбогон топ, билим түгөнбөгөн кенч. Акыл азбайт, билим тозбойт. Акыл айга жеткирет” жана башка дагы 100дөн ашык акылды эле чечмелеген макал-лакаптар бар.

“Билим адамдын канаты. Билим жанып турган чырак. Билим деӊиз, акыл кайык. Билим алууну бешиктен башта. Билим болбой илим болбойт. Билим үйрөнгөн кишинин иши көккө жетет. Билимдүүдөн акыл чыгат, акылдуудан накыл чыгат. Билимсиз адам – мөмөсүз дарек”, ж.б.

“Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой – баптана. Илим турмуш чырагы, өнөр эрдин куралы. Илим элдин көркү, токой жердин көркү. Илим акылдын кайрагы. Илимдин падышасы акыл, сөздүн падышасы – макал. Илимдүү нур, илимсиз-көр. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт. Илим ийне менен кудук казгандай” ж.б.

Адам жашоосу канчалык көп кырдуу болсо, кыргыздын макалдары, ылакаптары, учкул ойлору да ошолордун көп кырдуу татаал турмушун, баатырдыгын камтыган, канааттуу, ыргактануу, жандуу куюлушкан сөз түрүндө урпактарга жеткен; Алар кыргыздын тарыхты карыткан өмүрүндө дайыма булак бөлүп келген. Демек, илимий-техникалык революциянын шарттарында акыл, билим, илим биз үчүн нагыз күзгү; 2) “Манас” эпосу баштаган эпостор, көп тармактуу санжыралар улуттук дөөлөт, руханий нарк болуу менен, каада-нуска, салт, адат – өркүндөөнүн жана өзгөрүүнүн өрнөктүү өбөлгөлөрү болуп, жашоого тутка – жөлөк, өмүргө өзөк, элибизге ыйык мурас катары кыргыздын бай тарыхында жашап келген жана жашай бермекчи; 3) Кыргыздар байыркы көчмөндүк жашоодо эле атты, уйду, кой – эчкини, төөнү маданиятташтырган, үйгө үйрөткөн. Дүйнөнү дүӊгүрөтүп, Шумер цивилин түзгөн, көчмөндөр мамлекеттерин, империяларын гүлдөткөн, Батыш европалыктарга шым, дамбал, көйнөк кийгенди үйрөткөн, кеӊири жайылткан; 4) Манасчылар, ырчылар, акылмандар, жомокчулар санжырачылар –алардын көпчүлүгү куйма кулак, тарыхтан кеӊири кабары болгон көчмөндөрдүн акылмандары, даанышмандары эле. Манасчы санжырачылар – Манаска нагыз тарыхый Инсан катары мамиле жасашып, Манас жөнүндөгү эпос анык кыргыздын тарыхы жана ал биздин доордон 500 жыл илгери башталганы айтылат. Ошондуктан, Манастын ата – тегин өзүнчө баяндашат. Ошол замандагы тарыхый кырдаалды толук сүрөттөшкөн; 5) Кыргыздардын кылымдарды карыткан акыл-эси, санжыралары, тарыхы, ар кандай таш беттерине жазылган: Орхон-Энесей жазмаларында чагылдырылган, байыркы руникалык эстеликтер Орто Азиядан, Волга боюнан, Түндүк Кавказдан, Кыргыздын ар кайсы аймактарынан табылган. Карт тарыхта булар түрк доору деген наам менен сүрөттөлгөн; Мунун баарында байыркы көчмөндөрдүн дүйнөгө болгон илимий түшүнүктөрү сакталууда; 6) Көчмөндүк турмуш тарыхтын, акылдын, даанышмандык салттардын оозеки өнүгүшүн шарттаган. Элде ооздон-оозго, укумдан-тукумга айтылып келе жаткан, эл эч качан эсинен чыгарбаган, элдин эс тутумунда жашаган окуялар, тарыхый адамдар жөнүндө баяндар өтө көп. Кыргыз тарыхында өз кызматтары аркылуу кеӊири таанылган, элдин эрдигин, журттун каадасын, башкаруунун салт-нарктарын, учурдагы турмуштун көп кырдуу өйдө-ылдыйлыгын жөнгө салган акылмандыгын, туӊгуюктан жол тапкан амалкөйлүгүн, улууну урматтаган, кичүүгө сый мамиле жасап, тилин тапкан даанышмандыгын даӊктаган аӊыз кеп, уламыш, баяндары жөн жерден чыкпагандыгы бештен белгилүү.

Узун тарыхта белгилүү болгондой, алмустактан бери эле акыйкат, акыл жеӊип келет эмеспи. Ошол акыйкат акыл ээлери Ысык-Көл аймагында XVIII кылымдын экинчи жарымы –XX кылымдын биринчи чейрегине чейин – б.а. 250 жылдан ашык “акелер” аталып, Ысык-Көл аймагында жашапкелишкен экен. Элде калган накылдарда: “Нукура акыл сурасаӊ Сарт акеге, ыйык бата сурасаӊ Мойут акеге, асыл сөз сурасаӊ Тилекмат акеге бар”- деген. Залкар Садыр акенин акылмандыгы, элчилик шыгы, туӊгуюктан жол тапкычтыгы, эл ынтымагы үчүн аткарган иштери – азыркы кыргызга да үлгү. Акелердин кичүүсү Кыдыр акенин заман шартына ылайык жаштарды жаӊыча окутуп, билимге жол ачкандыгы, элдин нукура туусу, айтыла турган сөзү, чыга турган үнү болгондугу эл арасында изи өчпөй жашоодо. XIX кылымда журт атасы аталган Боромбай бий (1779-1856-ж) жашаган доорунда Ысык-Көл жергесинде акылмандар кеӊешин топтоп, дайыма алар менен ой-бөлүшүп, кеӊешин жүргүзүүчү акелер институтун түзгөн экен. Кыргыздын акыл тарыхында Ысык-Көлдүн кеменгер 7 акеси бий Боромбай доорунда пайда болуп, жашоо-тиричиликте орчундуу жаӊылыктар (жер айдалып, сугарылып, мөмө-жемиштер тигилип, малдын жаӊы түрлөрү) менен Манасчылык жана айтыш өнөрү пайда болгонун, Манасчылык өнөр менен катар айтыш кеӊири тарап, кадимки Каркыра жайлоосунда элдик майрамдар болгону кеӊири белгилүү. Атактуу окумуштуу Чохан Валиханов 1856-1857-жылдары Каркыра жайлоосунда “Манас” эпосунун үзүндүлөрүн жазып алып, аларды Европада француз тилинде жарыялаган эмеспи. Ошентип, көчмөн доорунда эле акылдын, илимдин, билимдин элементтери болгон акылмандык, акелик, Манасчылык кеӊири тараган. “Аке” наамы-эл тагдырына күйүп-бышып, токсон толгонуп, калктын келечегинин камын көргөн элдик инсандарга эл урмат-сый катары берген улуу даража. Акелер адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, чындыктан тайбаган, кыраакы, өзгөчө феномендүү элдин куту болушкан. Коомдо даанышмандыктын, акылмандыктын, билермандыктын кепили болуп, карапайым эл менен тыгыз байланышып, жалпы элдин ынтымагын көздөп, тышкары эл менен алака түзүүдө туура багыт   беришкен, бийликке аралашып, саясатка да аброй күтүшкөн.

Совет доорунда Кыргыз Республикасы түзүлүп, анда заманбап илим пайда болуп, ар тараптан өнүгө баштаган.1943-жылы Ата-Мекендин тагдыры согушта арсар болуп турганына кабастан, СССР ИАсынын филиалы уюштурулган. Ал 60 жылдан ашык убакыт бою республиканын жетекчи илимий борборунун милдетин аткарып, коомду экономиканын, табияттын тармактары боюнча илимий изилдөө институттары, лабороториялары түзүлүп, замандын талабына көп тараптан жана татыктуу изилдөөлөр жүргүзүлүп, дүйнөгө кеӊири тааныла баштаган. Аган жарыш Республиканын Жогорку окуу жайларынын кафедраларында жана илимий-изилдөө лабороторияларда да өзүлөрүнүн профилине жараша илим жүргүзүлүп, аспирантура, докторантура иштеп, илимий даражалуу кесипкөй адистерди даярдоо жолго коюлган.

Тилекке каршы, мамлекет илимди ар тараптан колдоп, анын жетишкендиктерин азаттыктагы жаш улуттук республиканы колдоочу бекемдөөчү жана сактоочу күч катары пайдалануудан четте калууда. Ошол эле учурда Улуттук Илимдер Академиясынын бардык эле бөлүмдөрү, институттары жана лабороториялары бүк түшүп, жалдырап калган жок. Мисалы, гуманитардык жана экономикалык бөлүмдүн 2014-жыл үчүн илимий отчетуна күбө болуп, абдан сыймыктануу сезими бизди толкундантты. Аталган бөлүмдүн курамында 5илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар. Мында жалпы кызматкерлердин саны – 271, анда илимий кызматкерлердин саны – 251, алардын ичинен 5 академик, 22 корреспондент мүчө, 36 илимдин кандидаты эмгектенет. Бөлүмдүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев отчетунда 2014-жылы бөлүм тарабынан 9 илимий долбоордун алкагында илимий – иштери жүргүзүлүп, 29-монография, 10 окуу китептери, 384 илимий макалалар жарыяланган, анын ичинен 54 макала чет өлкөлөрдө жарыяланган. Бөлүм тарабынан 24 эл аралык, республикалык илимий форумдар, конференциялар уюштурулган. Бөлүмдүн алдындагы 6 диссертациялык кеӊеште республикалык жана чет элдик ар кандай мекемелеринен даярдалган 8 доктордук, 59 кандидаттык диссертациялар жакталган. Демек, улуттук илимдер Академиясынын тегерегинде калыптанып жаткан ар кандай психологиялык, социалдык, адамдык басмырлоолорго карабастан гуманитардык жана экономикалык бөлүмдүн илимий кызматкерлери академик Абдылдажан Акматалиевдин кылдаттык жана чеберчилик жетекчилиги менен 2014-жыл, «Мамлекетти чыӊдоо» деген жарлыкка татыктуу салым кошуп, жасалма түрдө түзүлгөн ар кандай кыйынчылыктарга карабастан мекенчилдик ишенимдерин салтанатташкан.

Азаттыктагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясы бар, бирок илим жана инновация боюнча мамлекеттин саясаты эмдигиче тактала элек. Билим жана илим министрлигинин “аты бар, заты ар сар”, азыр сунушталып жаткан “илим фондусу” маселени татаалдаштырат, бирок өнүгүүнүн рационализми болушу өтө эле күмөндөр.

Азыркы эркин Кыргызстандын шартында чарбаны мурункудай эсктенсивдүү (кеӊейтилген) жол менен эмес, интенсивдүү (күчөгөн) ыкмасы менен башкача айтканда илимди жаӊы технологиянын, теориялардын жана методдордун негизинде гана өзгөртө жана өнүктүрө алабыз. Ааламдашытруу күчөп, алыскы жана жакынкы кошуналар табигый байлыктарга, кошумча жумушчу күчүнө көз артып, аларды ээлеп алууга аракеттенип жаткан заманда улуттук илимдер Академиясы эӊ зарыл. Анткени,   накта илим өнүгүүнүн түбөлүк кыймылдаткычы, улуттун куту менен дөөлөттөрүнүн уюткусу, кудуреттүү акыл ойдун, философиянын ордосу, мамлекетти чыӊдоонун нагыз өзөгү. Мамлекетибиздин, ар бир аймактын заманбап жогорулаштардын илимий мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, жаӊылыктардын катализатору болуу менен дүйнөлүк илимий борборлор менен теӊтайлаша кызматташып, жашообузду жакшыртууда, экономикабызды чыӊдоодо, улуттук руханий асыл нарк дөөлөттөрүбүздүн зоболосун ого бетер көтөрүүдө азаттыгыбыздын кадырын көкөлөтө күтүп алууга заманбап кубаттуу Академиянын жана тармактык илимдердин мааниси ченемсиз. Албетте, илимдин натыйжалуулугун жогорулатуу абдан зарыл, ал үчүн уюштуруунун жана башкаруунун жаӊы түрлөрүн издөө ашыктык болбойт. Азаттыктагы кыргыз мамлекетинде Улуттук илимдер Академиясынын жашоо-тиричилик маселелерин Ата Мекенди коргоо, ички иштерди жана тышкы саясатты башкаруу деӊгээлинде коюп, мамлекеттин Президентинин көзөмөлүндө болушу максаттуу болоор эле жана өзүбүздүн рухий тарыхыбыздын, маданий уӊгубуздун, улуттуук наркыбыздын баардыгын улуттук Ата Мекенибиздин гүлдөшү үчүн максаттуу пайдалануу абзел. Анткени азаттыктагы кубаттуу заманбап мамлекетинин өнүгүү өзөгү рационализмдин негизине катылган. Аны такай жандандыруу үчүн күчтүү, кубаттуу идеялык-интеллектуалдык таяныч менен бирге кубаттуу мамлекеттик башкаруу зарыл. Эксперттерге 2-чи суроо төмөнкүдөй болгон:“Кыргызстанда илим жана жаӊы технологияларга мамлекет тарабынан жетишээрлик көлөмдө көӊүл бурулбай жатат. Ушуга байланыштуу илим жана инновация комитетин түзүп, анын төрагасынмекенчил такшалган окумуштуудан дайындап, вице-премьер-министр деӊгээлине көтөрүүгө кандай карайсыз?”- деген сурообузга 5 эксперт (10%) жооп берген эмес, “туура эмес, мындай органдын зарылчылыгы жок” -20 эксперт (40%) жооп берсе, 25 эксперт (50%), -“Туура деп эсептейм, ушундай органды түзүү зарыл”-дейт. Эксперттердин пикирлеринин мындай болуп бөлүнүп калышы толук объективдүү жана биздин азыркы шартта калыс. Анткени, мунун тарыхый саясый себептери бар. Албетте бул узун түшүндүрүүнү талаптайт. Ага да кезек келээр. Азырынча эӊ кыска айтып туралык. СССРдин шартында Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн маселелери, табигый, техникалык жана коомдук илимдер боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр бирдиктүү совет мамлекетинин жана башкаруучу коммунисттик партиянын саясатынын жана кубаттуу идеологиясынын көзөмөлүндө болуучу. Иликтөөлөрдүн сапатын жогорулатуунун, Кыргызстандын жарандарынын дүйнөгө коммунисттик (же марксисттик-лениндик) көз карашын калыптандыруунун деӊгээлин, абалын Москвадан текшерип, ошого жараша республиканын илимдер Академиясынын, жана тармактык министрликтердин карамагындагы көп сандаган илимий институттардын лабороториялардын (мисалы Айыл чарба министрлигинин алдында эле топурак таануу, дыйканчылык, мал чарбасы жана жайыттар боюнча илим изилдөө институттары болоор эле) каржылооо маселелери илимий отчетторунун сапатына жараша ар жыл сайын чечилип турчу. Демек, тактап айтканда –союздук республикада Москванын тыкан көзөмөлү менен академиялык жана тармактык илимдер өнүгүп, улуттук илимий кадрлар да даярдалып турганы тарыхый чындык.

XX кылымдын 90-жылы Советтер Союзу тарап, “Кыргыз Республикасы- “азаттыктагы, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, бирдиктүү, социалдык мамлекет”- болуп жаралганыбызга 25 жылдын жүзү болууда. Эки жолу 2005-жылы мартта жана 2010-жылы апрелде –элдик социалдык ыӊкылап болуп, бийлик алмашты. Ыӊкылаптардын себептери жетишээрлик жана түшүнүктүү деӊгээлде чечмеленгени менен күткөн натыйжалары эмдигиче такталбай калууда. 2015-жылы 24-мартта жогорку деӊгээлде бийлик уюштурган илимий конференция да натыйжалар, келечек, өнүгүү жөнүндөгү маселелер такталбаганы да өкүнүчтүү. XX кылымдын кеменгер улуу даанышманы Чыӊгыз Айтматов Европада элчилик кызматта жүрсө да 2005-жылы 24-мартта өткөн элдик ыӊкылаптын мазмуну, келечегин чече турган маселелери жөнүндө алда канча көп, кеӊири маӊыздуу пикирлерин Европанын, Россиянын басмаларында жарыялаган. Алар бүгүн 2010-жылдын апрель ыӊкылабынан кийин да өтө актуалдуу. Ошондуктан, улуу акылмандын ыӊкылаптан кийинки өнүгүүнүн максаты жөнүндө нарктуу, маӊыздуу, мазмундуу сунуштарын келтирейин.

Биринчиден, экономикабыз кандай болот? Экономикабыз абдан алсыз, артта калган өлкөнүн бири болуп калдык… Жумушсуздук өзгөчө жаштардын арасында күчөдү. Бул абдан кыйын, андан да айыккыс балакет бар-коррупция. Жемей, таламай жана башка ушул сыяктуу. Мына ушуларды оӊдой алабызбы?

Экинчиден, Тилекке каршы, бизде март ыӊкылабынын максатына жетпей жатат, интеллектуалдык жетишкендиктер коррупциянын зыяны менен формалдуу нерсеге айланып кетти. Азыр диплом алыш, “беш” деген бааны алыш оӊой болуп калыптыр.

Үчүнчүдөн, март ыӊкылабынан кийин Кыргызстан мамлекети астыга эмес, артка кеткенине, жашоо-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө мурун кыргыздын жашоосунда эч болбогон “маӊкурттук”, “марадерлук”, “саткынчылык”, “уруучулук”, элдик мүлктүн, жер байлыктарынын, жердин өзү кошулуп чет элдиктерге сатылганынын баарына күбө болуп, “мүйүздүү болобуз деп, кулагынан ажыраган” Кыргызстандыктардын абалына жаны кейип, өтө капа болгон экен. 2007-жылдын акыркы күндөрүндө журналист: “Азыр бизде кандай мамлекеттик идеология бар, сиздин оюӊузча?”-деп сураса, Чыӊгыз Төрөкулович: “Азыркы бийликте эч кандай идеология жок, эгер болсо – ал мамлекет деӊгээлиндеги манкуртизм идеологиясы” – деп кесе жооп берген экен. (Караӊыз: Кусеин Исаев. “Чыӊгыз Айтматов, Кыргызстандагы 2005,2010-жылдардагы элдик революциялар жана кыяматтык кысталыштагы социологиянын орду”. Известия ВУЗов.№3, Бишкек,2013. 193-194 б.б).

Тилекке каршы, 2010-жылы апрель айында болуп өткөн элдик социалдык ыӊкылаптан кийинки аракеттерибиз да элибиздин тилегине, келечек максатына жетишерлик деӊгээлде жооп бере элек. Кыргыз байыркы чыгыш элдеринен. Өзүнүн мамлекет куруу, коомду өнүктүрүү, элди башкаруу боюнча улуу салттары, үрп-адаттары, санжыралары, “Манас” баш болгон маӊыздуу эпостору турат. Бирок жаӊы кыргыздын улуттук мамлекетин түптөөдө дагы чет элдин, өзгөчө Европанын үлгүсүнө окшошууга аракеттенип жатканыбыз өкүндүрөт. Компрадорлук жана олигархтык  реакциячыл идеологияга сугарылган саясый партия аталгандар менен жаӊы улуттук кыргыз мамлекетин курушубуз өтө көп күмөндөрдү жаратууда. Ошондуктан, жаӊы кыргыз улуттук мамлекетин илимдин жаӊы техниканын, технологиянын салттык дөөлөттөрдүн, адептердин дагы башка каражаттардын негизинде түптөшүбүз жана өркүндөтүшүбүз зарыл. Бул маселелер боюнча республиканын басмаларында “илимди тескеп туруучу мамлекеттик комитет керек” деген маалымат “Эркин Тоо” гезитине 2014-жылдын 4-ноябрында жарыяланган. Анда айтылган: “Азыр бизде билим жана илим министрлиги бар. Улуттук илимдер академиясы бар. КР өкмөтүнүн алдында инновация жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы бар. Бирок, бизде бир дагы союз кезиндегидей илим саясатын тейлеген мекеме жок. Илимге жумшалуучу бардык каражаттар бир жерге топтолуп, илим үчүн чыгымдалбай, чачырап бөлүнүп кеткен” – деп эӊ туура айтылган. Андан бери 6 ай өттү. Бирок эч бир жылыш байкалбайт. Тилекке каршы, билим, илим маселелери мамлекеттик деӊгээлде чечилбегендиктен, басмада дискуссия уланууда… ЖАМУнун доценти Дилбар Чокоева да Улуттук Илимдер Академиясы, ЖОЖдордогу коррупция, мамлекетти сактоодо интеллигенциянын ролу ж.б. маселелер боюнча жаны күйгөнүнөн айткан (караӊыз: “Алиби”, 13.03.2014-ж). Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү программалуу чечимдерди кабыл алып, улуттук мамлекетти ар тараптан өнүктүрө турган илим, билим маселелерин орду-ордуна коюуга убакыт жетти го. Бул максатта адегенде төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарыл:

Биринчиден, Билим министрлиги –өзүнүн тарыхый миссиясы болгон –башталгыч, орто, атайын орто жана жогорку билимдердин бардык тармактарын заманбап өнүктүргөндөй укуктарды берүү; экинчиден, Улуттук илимдер Академиясын –“мамлекеттин куттуу дөөлөттөрү уюп турган кудуреттүү борбору” – катары өркүндөшүн камсыздоо; үчүнчүдөн, мамлекеттин илим жана инновация (жаӊылыктар) комитетин түзүп, аны өкмөттүн башкармасынын биринчи орун басарынын деӊгээлинде билимдүү, илимдүү, мекенчил инсанды башкаруучу дайындап, илим үчүн каражаттардын баарын бир жерден үнөмдүү жана кирешелүү пайдалануу механизмин түзүү зарыл.

Жаӊы кыргыз улуттук мамлекеттин калыптана баштаганына жакында чейрек кылым болот. Дүйнөнү ааламдашытруу жана цивилдештирүү шартында элибизде “ойгонгон энергияны, пассионардуулукту, кайра жаралуунун даӊгыр жолун” акыл-эстүүлүк менен пайдаланып калбасак, карт тарых кечирбейт.

Кусеин ИСАЕВ, Кыргыз эл мугалими, социология профессору, Кыргыз социологиялык Ассоциациясынын Президенти

 Самар СЫРГАБАЕВ, социология илимдеринин кандидаты, Кыргыз социологиялык Ассоциациясынын илимий катчысы

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*