АТТЕСТАЦИЯ: КАТЕГОРИЯГА ТАЛАПТАР ЖОГОРУЛАЙТ

Билим берүү жана илим министрлиги жаӊы окуу жылында мугалимдерди аттестациялоону киргизгени турат. Министрлик мугалимдин кесиптик компетенциясын  баалоо менен анын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана мотивациялоого басым жасоодо.

Мугалимдин акчасы көбөйсө, аброю да өсөт

Ушул айда Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн жумушчу топ педагогикалык жамаатты аттестациялоо тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобонун долбоорун талкууга койду. Жалпы жобого ылайык, эми педагогдор өз деӊгээлинин мугалимдик кесипке коюлуучу квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоого мүмкүнчүлүк алышат. Ошого жараша мугалимдер эмгек акысына кошумча акча алууга шарт түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкары жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Зоя Алексеевна Пактын айтымында, жакында эле республикабыздын ар бир регионунан тандалып алынган өкүлдөрдүн катышуусунда түзүлгөн жумушчу топ даярдаган долбоор талкуудан өтүп, эми ошол талкууда киргизилген алымча-кошумчаларды эске алуу менен акыркы варианты Өкмөттүн кароосуна сунушталмакчы.

– Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин аныктоочу категориялардын талаптарын иштеп чыгуу оӊойго турган жок. Ал аябай кызуу талаш-тартыштар, добуш берүүлөр менен дыкат иштелип чыкты. Анткени талаптар өтө жогору. Аттестациялоону уюштуруу да чоӊ жоопкерчиликти талап кылаары белгилүү. Педагогикалык кызматкерге «мугалим», «экинчи категориядагы мугалим», «биринчи категориядагы мугалим» жана «жогорку категориядагы мугалим» квалификациясын ыйгаруу ошол эле даражасына жараша райондук, облустук анан республикалык деӊгээлде каралып чечилиши керек деген сунуштар айтылып, колдоо тапты. Мугалим үчүн предметтин өзүн мыкты билүү жетиштүү эмес, ал педагогика, психология, мыйзам чыгаруу, өзү окуткан предметинен билими боюнча кесиптик квалификациялык тестирлөөдөн өтүшү шарт. Маселен алсак, кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо үчүн педагогикалык кызматкерге тесттик суроолор берилет, анын ичинде Кыргызстандын мыйзамдары, педагогиканын жана психологиянын негиздери, предметтик билимдер жана окутуунун методикасы боюнча суроолор бар. Тестирлөөнүн жыйынтыгында ар бир блок боюнча суроолордун 60 пайызынан кем эмес бөлүгүнө туура жооп берген учурда өттү деп эсептелинет , – дейт Зоя Алексеевна.

Жалпыбызга белгилүү болгондой, ушул жаӊы окуу жылынан баштап мугалимдердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулайт. Педагогдордун ишинин алга жылышын демилгелей турган маанилүү фактор анын эмгек акысынын төлөнүшү эмеспи. Мугалимдерди аттестациялоонун түпкү максаты да анын ишин мотивациялоону камтыйт.

Мугалимдерге категориясына жараша кошумча акча төлөө жаӊылык эмес. Аларга киргизилген категориялык ченем 2009-жылы алынып салынган эле. Азыр сунушталып жаткан долбоор мугалимдин жоопкерчилигин жогорулаткан, анын билим сапатын аныктоочу критерийлердин жаӊы ыкмалары менен айырмаланат. Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча мурда педагогикалык жамааттын 60 пайызга жакыны «жогорку категориялуу мугалим» статусуна ээ болгон. Бирок тилекке каршы, бул көрсөткүч алардын билим сапатына оӊ таасир эткен эмес.

Педагогдордун жоопкерчилигин арттыруу, балдарга сапаттуу билим-тарбия берүү ишин жакшыртуу жана ошондой эле алардын чыгармачылык менен изденип аракеттенүүсүн демилгелөө максатында киргизилип жаткан аттестациялоодо категориялык даражасын улам кийинки баскычка жогорулатууну каалаган мугалимдер толтурган билим «куржунун» эми райондук эле эмес, облустук жана республикалык деӊгээлде жактоосу талап кылынат. Аттестациялоонун шарты боюнча мугалим беш жылда бир аттестациядан өтүү сунушу менен кайрыла алат. Ошол эле учурда мөөнөтүнөн мурда да аттестациялоого катышууга укугу бар.

Мугалимдин кесиптик деӊгээлин аныктоо жана талкуулоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан июнь айында мектеп мугалимдери, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыгынын, профсоюз уюмдарынын жана жети дубандын методикалык борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек жана Ош шаарларында фокус-топторду өткөргөн. Анда мындан беш жыл мурда алынып салынган мугалимди аттестациялоо системасынын кемчиликтери, көйгөйлөрү жана ошондой эле жаӊы киргизиле турган сунуштарды талкуулашкан.

Исманалы Райымбердиев,

Лейлек районундагы Кыргызстандын  60 жылдыгы атындагы мектептин директору, жумушчу топтун мүчөсү:

– Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын атайын буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, мугалимдердин чеберчилигин көтөрүү, квалификациясын жогорулатуу максатында, алардын ошол чеберчилигине жараша кошумча акча берүү боюнча атайын жобонун долбоорун иштеп, талкууга койдук. Анын жыйынтыгында мугалимдердин эмгегин так, адилеттүү баалаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенебиз. Мурдагыдай эле «биринчи категориядагы мугалим», «экинчи категориядагы мугалим» жана «жогорку категориядагы мугалим» деген даражалары калган менен мурдагыга караганда талаптар жогорулады. Ал талаптарга мугалимдин өзүнүн билим деӊгээлинин, балдарга билим берүү сапатын баалоонун критерийлерин кошууга болот. Аттестациялоо беш жылда бир жолу өткөрүлөт, бирок эгер мугалим даяр болсо мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүү сунушу менен кайрыла алат. Аттестациялоонун критерийлери: мугалимдик кесипке коюлуучу квалификациялык талаптарга дал келүүсү, кесиптик билимин жана иш тажрыйбасын баалоо, анын чыгармачылык активдүүлүгү жана демилгелүүлүгү, квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруусу жана кайра даярдоодон өтүүсү ж.б. Мугалимдин категориясына жараша кошумча акча төлөнөт. Демек, ушундай жол менен изденип иштеген жогорку даражадагы мугалимдин катарына кошулууга умтулган чыгармачыл адистердин санын көбөйтө алаарыбызга ишенем. Жогорку даражадагы мугалим категориясына мугалимдин талапкерлигин мектеп директору көргөзөт, бирок аттестациялык комиссияда министрликтин өкүлү да болот. Мисалы, экинчи даражадагы мугалим даражасын берүү райондун деӊгээлинде, биринчи даражадагы мугалим категориясын берүү облустун деӊгээлинде, ал эми жогорку даражадагы мугалим категориясы министрликтин деӊгээлиндеги комиссиядан өткөн соӊ берилгени туура деп ойлойм.

Категорияларды ыйгаруу ушундай масштабда, мектеп жетекчилигинин катышуусуз өткөндүктөн «бармак басты, көз кысты» деген кыязда, тагыраак айтканда, коррупциялык элементтердин катышуусуз өтөөрүнө толук ишеним бар. Мурда маселен, мектеп директору аттестациялык комиссияга кирчү. Азыр андай эмес, мен директор катары өз туугандарымды да жогорку категорияга көрсөтө албайм, себеби жаӊы жобо боюнча мектеп жетекчилиги аттестациялык комиссиянын составына киргенге укугу жок. Бул чыныгы мыкты мугалимдердин гана татыктуу категорияга ээ болуусун камсыз кылат деген ойдобуз. Бир гана жери айыл жергесинде көп жылдан бери балдарга сапаттуу билим берип иштеп келген мугалимдер тесттен өтпөй калабы деген коркунуч бар. Себеби тестирлөө компьютер аркылуу жүргүзүлөт, ал эми компьютер менен алыскы айылдык мектептер толук камсыз болгон эмес, анын үстүнө жаш курагы ылдыйлап калган педагогдордун баары эле компьютерде иштегенди биле беришпейт.

Абайылда Темиров,

Кочкор райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы:

– Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап мугалимдердин айлыгы 50 пайызга, башталгыч класстардын мугалимдеринин айлык акысы болжол менен 80% пайызга көбөйөт. Ошону менен  бирге мугалимдер аттестациянын негизинде квалификациялык  категорияларга ээ болушат. Аларга категориясына жараша 1000 сом, 1500 сом, 2000 сом кошумча төлөмдөр берилмекчи. Мурун берилип жүргөн категориялар 2011-жылдан баштап жоюлуп калбады беле. Ошондуктан аттестациялоонун жаӊы жобосун иштеп чыгуу үчүн ар бир облустан бирден адистен турган жумушчу топ түзүлгөн. Нарын облусунан мен киргенмин. 28-июндан 17-июлга чейин ошол жумушчу топ негизги Жобону, мугалимдерге коюлуучу критерийлерди, талаптарды иштеп чыгып  Билим берүү жана илим министрлигинде министр Эльвира Сариеванын катышуусунда жобону презентацияладык. Ал кеӊешмеде Аттестациянын мөөнөтү, аттестациялоо комиссиялар жөнүндө тактоо жүргүзүлдү. Министрликтин аттестациялоодо II  категорияны мектеп комиссиясы, I категорияны райондук билим берүү бөлүмү жана жогорку категорияларга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү катышкан комиссия жүргүзүү жөнүндө сунушун эске алдык.

Мугалимдердин ишин жеӊилдетүү жолдорун издеп, аларга стимул көрсөтүүгө, мотивациялоого демилге көтөргөн Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага жана Кыргызстандын бардык облустарынын  өкүлдөрүн коштогон жумушчу топко эӊ жакшы шарт түзүп, тиешелүү материалдар менен  камсыз кылган, топтун ишин жетектеп турган ЮНИСЕФтин координатору Фарида Рыскулиевага мугалимдердин атынан чоӊ ыраазычылык билдиребиз.

Айнагүл Кашыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*