АЛЫСКЫ ЧЕК АРАДАГЫ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА

Баткен районундагы Зар-Таш айылынын элинин кубанычында чек жок. Себеби көп жыл кыялданып жетпей келген бала бакчалуу болушту.

Өзбекстан менен чектеш орун алган Зар-Таш айылында 140 түтүн калк жашайт. Чакан айылдын балдары  бала бакча эмне экенин билбей чоӊоюшкан. Эми минтип эки тайпалуу бакчага айылдын барган балдардын кубанычынан айыл эли да кубат алып турган кез.

– Биздин жамааттык бала бакчага учурда 52 бала барып жатат. Азыр бала бакча болуп түптөлгөн имарат  айылдагы каралбай калган эски жай эле. Аны Төрт-Гүл айыл өкмөтү капиталдык ремонттон өткөрүп берди. Билим берүү жана илим министрлиги, Баткен райондук билим берүү бөлүмү туш тараптан колдоо көрсөтүштү. Ал эми “Юнисеф” эл аралык фонду жана «Айжан» коомдук фондунун жардамы менен бөбөктөр үчүн эмерек, телевизор, DVD,  килем, оюнчук, китеп, кеӊсе буюмдары менен камсыздалды, – дейт бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев.

Эки тайпага бөлүнгөн бөбөктөргө бир тарбиячы, бир анын жардамчысы жана медайым кам көрүшөт. Айыл эли балдары күнү кечке атайын адистер тарабынан камкордукка алынып, коопсуз жайда ойноп-күлүп, мектепке чейинки даярдыктан өтүп жаткандыгына  чексиз ыраазы болуп, рахматын айтып бүтө элек. Небереси ушул бакчага бара баштаган Бактыкан Курбанбаева небереси Адилеттин кадимкидей өзгөрүлүп калганын байкады.

– Бала бакчага барууну эӊсеген балдарыбыз аябай кызыгуу менен келип жатышат. Ал жерде ыр-бий үйрөнүшүп, түрдүү оюндарды ойношот. Уккан кызыктуу жомокторун үйгө келгенде айтып бүтө алышпайт. Менин неберем Адилет азыр алты жашта. Бакчага бара баштаганы аябай өзгөрдү. Маселен, колун айттырбай жууп, кадимкидей тартипке келип калды. Эртеӊ менен бакчасына ашыгып барат, – дейт кубанычын жашыра албаган чоӊ эне.

Бала бакчадагы  биринчи агай

Зар-Таш айылындагы бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев жаш жетекчилердин бири. Жаш эле эмес, Кыргызстандагы бала бакчаларды жетектеген эркек агай жетекчи десек да болот. Кесиби филолог мугалим Эмилбек Абдибаитович буга чейин Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенген. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу айылга көчүп барып, айылдан өзүнө ылайыктуу жумуш таппай жүргөндө, минтип өзүнө жаккан иш менен алектенип жатканына сыймыктанат.

– Өзүм балдар менен иштегенди аябай жакшы көрөм. Мен балдарга сабак өткөндү, аларга жаӊы нерселерди үйрөткөндү бала кезден кыялданчумун. Бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнөүӊүлүп кирип, алардын кызыктуу кыялы менен бөлүшүү кандай кызыктуу. Айылга көчүп келгенден кийин мектепте иштесемби деп пландаштырып жаттым эле. Анан ушундай бала бакча ачылып, ага башчы издеп жатышканын угуп калдым. Айылдын жаштары, айыл башчысы менин талапкерлигимди сунуштап, ал сунушту  Юнисеф эл аралык фондунун Баткен облусу боюнча координатору Ч.Ахмедова, Баткен райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковдор колдошту. Алардын ишенимин актаганга аракеттенип, чын дилимден иштегенге кириштим. Себеби, балдарыбыз жаӊыча сабакка, сапаттуу билимге, татыктуу тарбияга, көкүрөк толгон мээримге муктаж. Мына ушул муктаждыктарды аз болсо да орундатууга аракет жасасак. Балдар бакчасында башчы болуп иштеген жалгыз агай директор экенмин. Мен ушул жерде иштегениме сыймыктанам, – дейт Эмилбек Абдибалиев.

Тарбиячыларга “Чоӊ эне жомогу” жана “Аталар” уюму жардамдашат

Мурда чоӊ энелерибиз балдарды жомок менен таасирлүү тарбиялашчу эмес беле. Азыр ушул нерсе солгундап кеткендей. Кичинекейлерге жомок айтууну жандандыруу сунушу менен айылдын чоӊ энелерине кайрылышканда, алар жан дили менен макул болушту. Энелер жомок аркылуу  балдарды бир чети адеп-ахлакка тарбиялап, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгөөз  салымдарын кошсо, экинчи жагынан өздөрүнө да эрмек табылды. Интернет булактарынан кызыктуу китептерди издеп табууга энелерге жардамчылар көп. Балдарды тарбиялоого көӊүл буруп, тарбиячыларга көмөктөшүүгө энелерден тышкары аталарды да активдүү тартышууда. Ал үчүн атайын “Аталар” уюмун түзүштү.

– Азыркы учурда балдарга таалим-тарбия берүүдө атанын ролу азайып баратканы жашыруун эмес. Көпчүлүгү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө. Үйдө жүргөндөр деле таӊ заардан кечке дейре жумушта. Башкача айтканда, балдары менен ойноого, сүйлөшүүгө, эркелетүүгө көп убакыт бөлө алышпайт. Ата-энелер чогулушуна чакырсак, 90 пайыз апа келет. Балдардын тарбиясында эненин орду чоӊ, бирок, ошол эле мезгилде, аталар да кызыкдар болуш керек. Биз жаш курактагы балдарга аталардын да көбүрөөк көӊүл буруусун каалап, «Аталар» уюмун түздүк.  Уюмга мүчө болгон аталар менен жума сайын жолугушуу өткөрүп, балдарды тарбиялоодогу көӊүл буруучу маселелерди талкуулайбыз.  Алар                                                                                                                                           мындан сырткары балдар бакчасындагы курулуш, жасалгалоо иштерине жардам берип турушат. Жаз алды менен балдар бакчасынын айланасына бир топ көрктөндүрүү иштерин пландап жатабыз, – дейт директор мырза.

Зар-Таш айылындагы мектеп жашына чейинки бөбөктөр буга чейин көчөдө убакыт өткөрүшчү. Аларга атайын көӊүл бөлгөн иш-чаралар дээрлик жок эле. Азыр болсо бала бакчага барып бир тартипке келип калган балдардын бири-бирине жасаган достук мамилелерин, жүздөрүндөгү жылмаюуларын көрүшкөн тарбиячылар эле эмес, айыл эли да алардын кубанычына теӊ ортоктош болуп, бала бакчанын иши токтобой, андан ары уланышы үчүн колдон келген көмөктөрүн көрсөтүүгө ынтызар экендигин билдиришүүдө.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*