УУЛ-КЫЗДАРЫМА АЧЫК КАТ (экинчи макала)

Саламатсыңарбы, ананайын уул-кыздарым? Силер менен көптөн бери дидар жүзүңөргө, тоң ширин сөзүңөргө маарып, узак сүйлөшө албай жүргөнүмөөзүм да өкүнө арзып жүрөм. Көрсө силерге окшогон окуучуларымдан бөлүнүп, мектеп  босогосун аттабай калганыма көп жылдар өтүптүр. Анан калса мезгил зымырыгы бир учурда жапжаш көрүнгөн агайыңардын кундуздай кара чачына бубак бастырган карылык деген силерге болгон дегдөөмдүн алдын тооруп, кабылдаган көкүрөк дартымды көзүмдө күйгүзүп, жалынтып-жалбартып койбодубу.

Мурда элес албаган, баркына жете бербеген сөздөргө терең карап, көзүң жетсе да сөзүң жетпей, арманың көкүрөгүңдө кабылдап, өзүң менен өзүң сүйлөшүп калат экенсиң. Анан кантмек элең, мен силерге жетпей, силер «а, агай, саламатсызбы?» деп учураша бир учурда бизге окшогон балдарды окуткан экен деген ызаат-урмат көрсөткөн боло өтүп кетесиңер.

 Аттиң десең, өткөн заман адамдары менен тил табыша сүйлөшүүнүн өзү да кыйындап, силер бизге, биз силерге жетпей, улуу-кичүүнүн аралыгы алыстап баратпайбы. Анын себептерин айта отурса четтен табылат, ага силердин макул боло угар түрүңөр да жок. Бирок кантсеңер да көкүрөктө буккан акыл кебимди бир агылып-төгүлүп айтып калгым келди. Али кары адамдын «мен айтпасам, сен айтпасаң, ал айтпаса ким айтмак эле» деген жакшы бир ниет кебин эстеп отурбайымбы… «Ай, бул жаштарыңдын угар түрү жок» деп жүрсөк, өзүбүз менен кошо ала кетчүдөйбүз.

Мына  ушундай, ананайын чырактарым! Айтаар кептин, сүйлөшөр сөздүн төркүнүн көпкө ойлоно акырында кат аркылуу сүйлөшүүнү ылайык көрдүм. Эсимде, мындан көп жыл мурда, анда мен мектепте силерге окшогон уул-кыздарды окуткан мугалим болчумун. Эгиздей эки уулум артма -арт орто мектепти аяктап, жогорку окуу жайынан окуп жатышкан. Мен өзү мугалим болсом кантип эле акыл-кебим, баскан-турганым эртели-кеч таасир бербесин деп эресеге жеткирген сезимталдуулукту, дүйнөгө болгон көз карашты, ой жүгүртүүнүөздөрүнө койчумун. Көрсө акыл-кеп айтчу аталык милдеттен четте калганымды кийин сезип, өзүмдүн кайдигер аталыгыма өкүнүп жүрбөйүмбү. Эми алар үйдө эмес сыртта, элге, адамдарга аралаша кайра мага акыл айтчу эресеге жетип калышкан учур деп дагы сарсанаага чөмүлө жүрүп, акырында кат жолдоону туура көрүп, биринчи катты ошондо жазган болчумун. Бирок жазары жазып эми муну окуп берсемби деп дагы кыйла күн түйшөлдүм. Жок, кантсе да бул катты бир эле менин уулдарым эмес, мага окшогон аталардын бел болоор уулдары да окушсун деп «Кутбилим» гезитине жарыяладым. Кийин мугалимдердин кеп сөзүнө караганда жаман болбоптур. Аталар кебине суусап жүрүшкөн окутуучулар өздөрү окуп, окуучуларына тарбиялык сааттарда окутуп, кыйла эле алапайын таппай жүргөн уулдарыбыз кеп-кеңешке маани беришкен көрүнөт, анын жыйынтыгын өзүмдүн уулдарымдын баскан-турганынан, сезимтал ой жүгүртүүлөрүнөн, акыл парасаттарынан баамдап  жүрдүм.

Мынакей, ананайын балдарым, биринчи жазган катымдын төркүнүн силерге баштан аяк айтып бергенге чоло да жок, аны сарасептүү агай-эжейлерден сурасаңар, балким тарбиялык сааттарда айтып бергендери чыгар. Азыркы силерге багышталган кат мазмуну, айтайын деген көкүрөк көйү таптакыр башкача. Мени көп жылдардан бери кыйнап, минтип отурсак эртеңки уул-кыздарыбыздын тагдыр-таалайы кандай болот, кандай жашоону алып келишет деген сарсанаада биз карылар айтпасак анан ким деп өзүмдү мажбурлап кат жолдоп жатканым ошондон.

Бул кымгуут заманыңардын кандай-андайлыгына башың жетпей андай-мыдай дегенден да корунуп, коркконуңду кантесиң. Жакаңды кармана жакшылыкка жооругандан башка аргаң да калбай жалдырап турганың андан бетер. Кантсе да көкүрөк көйдө айтайын, айтпасам болбойт дегенимди силер менен бир ата-баладай сүйлөшө бөлүшкүм келди. Бул менин карылык чын сөзүм, ананайын уул-кыздарым! Кантип кабыл аларыңарды, кандай теризде угарыңарды алдын ала айталбайм, аны эртеңки адам болуу абалыңар айтып берет. Балким силердин учкул шыр кеткен заманыңардын табити бизге окшогон карылардын накыл кебине муктаж эместир. А балким жакырданып бараткан жаш адамдардын, силерге окшогон уул-кыздардын басар багытын таппай жаткан эртеңки күндөрүн аз болсо да жол көрсөтөр деген гана үмүт.

Мен бул жолу  силердин гүлгүн жаш курагыңарда эч ким ойлобогон, күтпөгөн үч нерсе жөнүндө кеп козгоону туура көрдүм. Айтып болбойт, балким үч жаман нерсенин бирөөсүнө күтүлбөгөн жерден кабылышыңар да мүмкүн. Кеп төркүнүн туюктатпай ачык айтканга да батыналбай карбаластайсың. Мындай акыл ишенбеген көрүнүштөрдү көрүп, угуп туруп мурда жокчулукта, ачарчылыкта да жашоо үчүн төрөлгөн жаш, кары адамдардын өзүн-өзүөлтүрүү деген  үч уктаса түшүбүзгө кирбептир. Өзүн-өзүөлтүрүүгө барган, айрыкча жаштарыбыздын не себептен экенин билбей, бир психологу зордук-зомбулук, бирин-бири тоноо, рэкетчилик, бири-бирине күн көрсөтпөй сабоо десе, дагы бири агыл-төгүл барчылыктан, даяр нерселерден тажап жашагысы келбей өзүн-өзүөлтүрүүгө барганы ошондон дейт. А дагы бир психолог алдындагы кыйынчылык, жамандык менен кантип күрөшүүнү билбей, оңой кутулуунун жолу деп өзүн асып же атып өлүүнү туура көргөндөр деп бир топ далилдерди айтып тастыктаган болот. Бул үч психологдун айткандары да туура. Бирок үчөөсү теңөзүнүн өлүмүнө себепчи болгон баланын эмнени каалап, эмнени көз жарыла көксөгөн жандүйнөсүнүн жардылыгын, жаман менен күрөшө билбеген алсыздыгын айтышкан жок.

 Али такыба карылар айтып калышар эле, даяр нерсенин, көп нерсенин кадыры болбойт деп. Мээнет кыла  тер төгө тапканыңдын таттуулугун эч нерсеге салыштырып болбостугун турмушубуздан көп кездештирдик. Ошондогу тапкан мээнетибиздин даамы дале оозубузда. Турмуштук сабактардан улам өткөн менен  бүгүнкүнүн ат менен төөдөй айырмачылыгы эми башка жетип өткөн ата-бабалардын алдын ала ойлоп тапкан табылгаларын турмушта колдонуудан мурда анын пайда-зыян жактарын эске ала «а мунусун колдонсо болбойт, а мунусу адамдын акыл-эсине, иштөө кызматына жарабайт, адамды жалкоо кылат, бузат» деп колдонууга киргизчү эмес. Эртеңкиге көп шашылба, эрте жеткендин азабы күч, артка кайтканга жолу жок дешсе ошого да маани бербеппиз.

Көрсө мындай зуулдаган көз ирмем заманды көрүп, эмне, адам баласы жердеги жашоосун эртерек бүткөрөлү деп шашып жатабы дейсиң. Чынында эле илимпоздордун айтымында, 24 саат 17 саатка кыскарса жашообузда шаштыра ачылыштарды күргүштөтө жасап жатканыбыз ошо да деп аргасыздан ой-кыялыңда өзүңө-өзүң күпүрчү болосуң.

Муну айтканымдын себеби, айланып келип бул тирүүлүктө бир берилчүөмүрдүн баркына жете бербеген жандүйнөбүздүн мазмунсуздугунда болуп жатпайбы. Эмгек кыла жашай билген адамды көз ачып жумганча бир кнопканы басуу менен каалаган нерсең даярдыкка үйрөтүп, мээнет кыла тапкан табылгаңдын шириндиги болбой жатпайбы. Көз майды түгөтө китеп окуу деген болбогон убакытты алчу нерсе болуп калды. Менин баам-туюмумда, китеп өткөн заман адамдарына, акыркылары биз боло өз кызматын өтөп, өз жашоосун аяктады десем жаңылыштык эмес. Азыр акын, жазуучуларыбыз өздөрүнүн дартман жандүйнөсүнүн эргип рахат алуусу үчүн жазып калышты, бул кашкөй чындык. Башкача айтканда, баланын суусап турган жандүйнөсүн өтө оңой, көз менен көрө турган компьютердик оюндар буруп кетти. Болгондо да кан жыттанган адам өлтүрүү ыкмалары баланын жандүйнөсүн ырайымсыз мыкаачылыкка тарбиялаган оюндар.

Бир нерсеге ынандыруучу жарнамалар, көрөңгөлөр, арзымат ырчыларын ырдатып жар чакырган алдамчы салтанаттар, деги койчу, жашаарыбызды жашап, эртеңки силерге окшогон уул-кыздарыбызды ойлоп, өткөрүп жаткан күндөрүбүзгө каниет кыла жашап жаткан адамдарбыз. А силер, ананайын уул-кыздарым, биз агыл-төгүл барчылыкта жашап жатабыз дегениңер менен силердин таптаза жандүйнөңөрдү каалагандай уулап, ар кандай фанаттык диний көз караштарга азгырып кетип жатышпайбы. Карагылачы, силерге окшогон жапжаш адамдар фанат азгырыгына алданып, динди бетине жамынган жанкечти террорчуларга аралашып Сирияда жүрүшпөйбү. Азыркы күндө менин дүйнөгө болгон көз карашымда жер шарынын токсон пайыз адамы фанаттык азгырыктарга дароо эле алданган адамдар болсо ошо жүз пайыздын он пайызы гана өз көз карашына бекем турган, дүйнөгө оптимисттик  көз караш менен караган туруктуу адамдар болушат. Али такыба карыялар «акыл менен  кудай тааныптыр» деп бекеринен айтышпаганы кудум эле ушундай күндөрдүн келерин алдын-ала билгендей туюлат. Чынында эле илимий-техникалык прогресс канчалык дүркүрөп өскөнү менен ошо билимдүүмүн деген илимпоз же саясатчы жок нерсеге ынандырган молдокенин алдында алсыз болуп чөгөлөп отурбайбы. Демек, акылдуу баштын ойлоп тапкычтыгы эң жогору, а жандүйнөдөгү оптимисттик туруктуу билим жокко эсе. Мында жаш адамга атеисттик тарбия берилмейин, диндердин чыгыш себептерин туура түшүндүрмөйүн кийинки шашылыш чара көрүү көр пендесинин чоң жаңылыштыгы  дээр элем. Мен Мухаммед пайгамбарыбыз жөнүндө силерге эки ооз гана сөз айтышым мүмкүн. Себеби биз бул сүйлөшүүбүздө жалаң түшүнүп-түшүнбөй фанатизмге азгырылган силерге окшогон жаштарыбыздын тагдырларына кайрылууну максат кылып койгом. Насип кылса улуу ойчул философ Мухаммед пайгамбар жөнүндө узактан узак сукбат куруп берем. Оо, Мухаммед пайгамбар пайгамбарлардын пайгамбары десек ак сөз. Чынында эле Мухаммед пайгамбар улуу ойчул философ, адамдыкка тарбиялоонун чоң окуусун жараткан акылман инсан катары тааныймын.

Жер жүзүндө канча пайгамбар өтсө алардын бардыгы Юрисалимден билим алышкандай, Мухаммед пайгамбар да билимди Юрисалимден апасы Оминанын жардамы менен  алган. Себеби Омина айым иудей кызы болгон. Атасынын соодагерлик өнөрүн үйрөнүп, дүйнөнүн көп жерлеринде болгон. Ошондогу адам баласынын жашоосун, кечирген турмушун көрүп жүрүп, жок, адам баласынын мындай жашоосу болбойт деген бүтүмгө келип, алган билиминин негизинде адам баласынын турмуштагы өтө керектүү жашоо мыйзамдарын жазып отурган. Буга аялы Хадича да чоң көмөк көрсөткөн. Кийин пайгамбар 63 жашында каза таап, жазып калтырган хадистерин Мухаммеддин окуучулары топтоштуруп отуруп пайгамбар дүйнө салгандан 83 жылдан кийин Куран китебине айлантышкан. Ошондо да кудум эле азыркы партиялар орун талашкандай, ал мезгилде да Мухаммедге каршы чыгып, анын окуусун бурмалап, өзүн пайгамбар кылып көрсөткүлөрү келгендер да чыккан. Ананайын уул-кыздарым, Мухаммед пайгамбар жөнүндө кызыксаңар анын чыныгы өмүр жолу жөнүндөгү окууларды таап окусаңар болот. Азыркы эл аралап жүргөн пайгамбарлардын өмүр жолдору бүтүндөй ойдон чыгарылган, акылга сыйбаган жомоктор. Менин туюмумда, улуу ойчул жаратуучу пайгамбардын чыныгы жүзү ачылбай, дагы эле фанат адамдардын көзкарашында ойдон чыгарылган жомоктор.

Кантсе да Мухаммед пайгамбар жараткан ислам дини адам баласын бардык жамандыктардан арылтып, жакшы нерселерге алып чыкты десек жарашат. Мухаммед ушунусу менен улуу инсан. Мына ушундай таза динди ар кандай жанкечтиликке баргызып жаткан жихатчылар мусулманчылыкты беттерине далда кыла кандай гана бейкүнөө адамдарга кызыл кыргындарды жүргүзүп жатышат. Мына ушундай баш айланткан азгырыктар, үгүттөр менен канчалаган силерге окшогон кырчындай жаштар (айрыкча өзбек, тажик улутундагылар) Сирияда согушчан динсиздердин курмандыгы болуп жатышпайбы. Бир өкүнүчтүүсү, бир кезде жандүйнөсү ушунчалык таза адамдын кайда басарын билбей турганда дин азгырыгына кирип кеткендигинде болуп жатпайбы. Андай фанаттык азгырыктарга кирип кеткен адамга акыл айткан сөздүн да, кеп-кеңештин да эч кандай таасири болбой калат, себеби ал адамдын жандүйнөсү бүтүндөй ууланып бүткөн. Мына ушундайдан сак болгула дегеним. Жок нерсеге азгырылгандардын коркунучу бүтүндөй дүйнөлүк көйгөйгө айланып кетпедиби. Силерден чыкпайт деп ата-энеңер да, силерди окуткан мугалимдер да, жада калса силерге ишенип турган мен да кепилдик бералбайм. Азыркы азыткыдай болгон дүйнөдө бири-бирине болгон ишенбөөчүлүк ушунчалык кыйынга туруп калбадыбы. Эки жүздүүлүк, байлык, бийлик, саткынчылык барган сайын күч алды. Жанагы мекендин душманына ойлонбой мынча доллар берем десе сатып кетчү чыккынчылык, саткынчылык мына ушундай эки жүздүүлүктөн жаралат да. Театрды кой азыр саясатчылардын элдин алдында ойногон таң калаарлык спектаклдери кызык болуп калды. Атактуу артисттерди алып келсең да саясатчылардын комедияларындай ойной алышпайт, көрүп жатпайбызбы. Мына ушундай туруксуз жагдайды демократия, адам эркиндиги дегенге шылтайбыз. Мен көп жерде ушундай башаламандыкты төмөнкүдөй сөз менен мүнөздөп келем. «Адам баласына чексиз эркиндиктин берилиши да өтө опурталдуу, кийин аны башкарууга болбой калат» деп. Чынында эле эркин демократиянын сабактарын өз көзүбүз менен көрүп, чилдей тырпыраган бир тууган мурдагы республикалардын бири-бирине көрсөткөн жоруктарынан көрүп жатпайбызбы. Кечөөкү Украинадагы элдик төңкөрүштү, адам акылы сыйбаган окуяларды мен «Жапайы капитализмдеги жапайы демократия» деп мүнөздөдүм. Чынында эле артык болом деп бирөөлөрдүн көкүтүүсүнө кирген шордуу элге эле кыйын дегендей өз көзүбүз менен көрбөдүкпү. Бул дагы жанагыдай диндик фанатка азгырылгандай, түшүнүгү жок элдин саясатка аралашканы болуп жатпайбы.

Бирөөлөрдүн союлун чабышабыз деп баары жоктон куру кала алтын тепшини эңсеген «Алтын балыктагы» куу кемпирдин таз кейпин кийип отуруп калышпадыбы. Бул Украин элин табалоо эмес, жок нерсеге азгырыла чабылып-чачылган карапайым элге боор толгоо. Кантсе да жок нерсеге азгырылган силерге окшогон жаштардын жан дүйнөлөрүнүн жардылыгы саясатчы эл бузар, бийликке умтулгандардын куралы болуп жаткандарына жаның кейийт. Бирөөсү бизнестен чогулткан баш-аягы жок дүйнөмдү сактап калам деп депутаттыкка умтулса, дагы бири элдин далдасына өтүп алып бийликке таш кулатып жатканына күлкүң келет. Карапайым элге не жок, саясатчылардын куралы болбой тиричилигиңди кылдырата бер, дагы эле өзүңдүөзүң багып жатпайсыңбы дегиң келет.

Айтор, силер менен кенен-кесир сукбат курууга көптөн бери арзып жүрдүм эле, мына эми пурсаты чыгып кат аркылуу кеп куруп отурабыз. Силердин өксүк жериңер эле китеп дүйнөсү менен жүздөшпөй калганыңар болуп жатпайбы, аттиң! Болбособу, мындай күргүштөгөн агыл-төгүл заманда окууңарга жандүйнөңөр төп келишсе не деген бийиктиктерге көтөрүлүп, азгырма дүйнөнүн кандайлыгына туура түшүнүп, кандай кыйынчылыктарга болсо да туруштук бере жеңип, жашоо рахатына бериле «жок, мен өлбөймүн, жашашым керек» деп, алдыңкы үмүттөргө умтулар элеңер. Аттиң, бир кем дүйнөнүн баш айланткан опур-топурун карабайсыңбы. Менин баамымда, китеп жашоосун аяктаган сыяктанат. Анан дагы тарбия башаты болгон ата-эне да, мугалим да өзүнө жетишпей балага айтылчу тарбиялык сөздөр жок дегенде дасторкон четинде айтылбай ата- эне  мугалимге шылтап, мугалим улам саатын карап  үйдөгү көр-тирилигине шашып, мектептерде окуу жүрүп жатабы жатат дегендей элестейт. Балким, мен жаңылып жаткандырмын, мектеп босогосун аттабай калганыма көп жылдар жүз бербедиби. Балким, мен күтпөгөн өзгөрүүлөр заңгыраган мектептерде биз элес албаган тарбиянын башкача усул окуулары жүз бергендир. Ылайым эле ошондой болсун деп карылык жашык диниңде жакшылыктарды гана тилейсиң.

Анан дагы айтайын деген оюм калып эле тажатма саясат кептерине кирип кеттим көрүнөт. Көкүрөктүөйүгөн үч нерсенин экөөсүн учкай болсо да айттым көрүнөт. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей, айтылган кептин маанисине жетик түшүнө алдыңарбы, анын жыйынтыгы аз да болсо турмушуңарда акырындап байкалат. Эми кеп кезеги кыздарыма багышталган ой-туюмдар. Муну  айтпасам деле болмок, бирок кары адамдын көп нерсеге сарасеп салып жүрүп «э, мунусу болбойт, сүйдүм, күйдүмдүн да чеги болот» деп, алыска, бөтөн журтка, тили, дили башка элге кеткен кыздарыбыздын тагдыр-таалайына кейичү болдум. Эмне, кыргыз кыздарынын эли-жерин, мекенин, туулган жерин сүйчү жүрөгү жокпу дечү болдум. Бөтөн журтту өгөйлөп көзмончоктой кыздарыбыздын тили, дили башка адамдардан кызганганымдын да жөнү бар, балдарым. Ыраматылык энем алыска кеткен эжесинин арман ырын көп айтаар эле.

          «Жылга толгон айылда,

           Жылып кирер жерим жок,

          Эримден башка элим жок.

          Кокту толгон айылда,

         Кол жылытар жерим жок.

         Балдардан башка элим жок»

деп, ыйлачу экен элин-жерин сагынып. Ырдагы көкүрөктөгү сагыныч кусалыкты айтып түгөтө алгыс философиясын карагылачы, жөн эле ыйлагың келет. А азыркы заман кыздарынын жандүйнөсү мекен, эл-жерге болгон сүйүүсү кандай болду дүйнөнүн түгөл ал учу менен бул учуна ким болбосун ылгабай, эртеңки күнү кандай болоору, ойдо жок англисче сүйлөшүп эле сүйдүм-күйдүм айтыша колтукташканча «кош болгула атакеси, апакеси, чау» дегенче кетип жатышканына таңсың. Бир жолу «Ош жаңырыгы» гезитинен раматылык жазуучу Таш Мияшевдин бир макаласында «Ганси» авиабазасындагы америкалык учкучтардын сексенине кыргыз кыздарынын турмушка чыкканын айтып кейип жазганын окуп калдым эле. Минтип отурса кыргыз менталитети, генофонду кандай болот, кытайдан кытай,  эч качан атасы башка улуттан кыргыз төрөлбөйт да.

Ананайын уул-кыздарым, мактангандык эмес нукура табиятыбыз кыргыз мүнөзүндөй жан дүйнө башка улуттарда жокко эсе. Бир туугандык, дос-жардык, барды-келди, адамдарды жогору баалаган урмат-сый, меймандостук бир гана кыргыздарга мүнөздүү. А керек болсо башка улут адамдары, айрыкча Европа адамдары ата-энесин араң таанышат. Бир жылда көрсө көрөт, болбосо ата-эне  кантип жашап, кантип күн кечирип жатат жумушу деле болбогонун арзып барып жашап көргөндөр айтып жүрүшпөйбү. Айтаарым, жандүйнө сулуугу, табигат сулуулугу баар-баары өзүбүздө. Дубай деп тамшанган жасалма шаар адамга сүйкүмдүүлүгү жок боено кербезденген аялдай. А, кыздарым, илгери такыба карыларыбыздын «кыз балага кырк үйдөн тыюу» деген кебинин төркүнүндө терең философиялык ойлор бардыгын жазбай эле сезсе болот. Анан дагы силерге айтаар менин жандүйнөмдө түбөлүк жашап келаткан адат жөнүндө. Мени жашоого дегдеткен, дайыма шыктанткан дем-күч берип турган өткөн күндөрүмдү ар дайым эстеп-эңсеп, көз алдыма тартып жүргөнүм жандүйнөмө канчалык эргүү берерин сөз менен айтып бералбас элем. Мына ушундай ар кимдин эле оюна келбеген жагымдуу абалды агай, эжейлер тарбиялык сааттарда өткөн менен бүгүнкүнү салыштыруу менен сүйлөп ширин элестерге жетелесе, балким жанагыдай бейажал өлүмдөргө баргызбай «жок, мен деле аталардай, апаларыбыздай башка түшкөн кыйынчылыктарды жеңишим керек» деп өлүп баратса да жамандык менен күрөшүп жатып өлөөр беле деген ойго кетесиң.

Мына ушундай, ананайын уул-кыздарым. Чолок ойго нелер келип, нелер гана кетпейт. Бул биздин кат аркылуу азга болсо да сукбат курганыбыз болду. Сезип турам, ушунчалык бериле укканыңар көз алдымда элестеп турат. Үмүт бар, ишеничим бек, ананайындар. Карысаң да  өлгүң келбей жашоого дегдегениң кызык. Кандай күн башка түшсө да өлбөгөнгө тырышып жашап турайынчы. Анткени силерди үмүттөндүрүп дагы да кат жазгым келип жатпайбы. Кантсек да силер менен коштошоор учур да келди көрүнөт.

Саксаламатта болгула, ананайындар!

Өлбөсөм дагы да кат жазып, көкүрөктөгү тынчтык бербеген кеп сөзүмдү айтып бергим бар!

 Мурзапар  Үсөн

4-октябрь, 2015-жыл ,  «Муз-Булак» коругу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*