Аракетчил адамдын иши алдыда

Ар качан китептери менен сырдашып, көп убактысын жансыз досторуна арнаган кесиптешимдин чаалыкпаган, жадабаган эмгекчилдигине баа берем. Сабак боюнча керектүү методикалык көрсөтмөлөрдү же тарбия сабактарга керектүү материалдарды издеп калсаң, сөзсүз аларды табууга жардам берет. Күлүмсүрөй, жан дүйнөңдү байыта ар убак акыл кептерин жаштарга айтат.

Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектептин китепканачысы Кынаш Досонова китеп гана казына, андан байып, кубат аларыңды, китепти көздүн карегиндей сактоо ар бир адамдын, инсандын, окуучунун парзы экендигин сездире билет. Өзүнө берилген ишти так, өз убагында аткарат. Жоопкерчиликтүү мугалим, ки­тепканачы, тарбия иштериндеги директордун орун басары, мектептеги «Грация» бий тобунун жетекчиси, үйдөгү эне, чоң эне, таене – мына Кынаш кесиптешимдин көтөргөн жүгү.

Азыркы кезде өзү тарбиялаган шакиртине тарбия боюнча уюштуруучу милдетин өткөрүп берген. «Устатынан шакирти өтүптүр» дегендей, Гүлзат эжесинин ишеничин актоого аракет кылууда. Азырынча кадам ташташы көңүл жылытарлык.

2009-жылы «Китепканачылар» жылында окуу конференцияларын, диспуттарды өткөрүп, бул кесиптин көөнөргүс экендигин айгинеледи. «Иштегиси келген адам каражат издейт, иштегиси келбеген адам шылтоо издейт» деген экен Сервантес өз убагында. Мына ошондой Каныштын изденүүчүлүк аракети шылтоого баш ийбейт. Мугалимдердин кеңешчиси, балдардын сырдашы эжекебиздин иш түнөгү кимди да болсо кубандырбай койбойт.

Райондук бирикменин китепканачылар секциясынын жетекчиси жаш кесиптештерине көмөк көрсөтүүдөн, тажрыйба алмашуудан убактысын аябайт.

Мектептеги китепкана, документациялары өзгөчө. Даталуу күндөр, акын, жазуучулардын мааракелери жөнүндө бурч уюштуруп, ал боюнча иш-чара өткөрүүгө далалаты чоң. «Китепкана достору», «Жомок – биздин досубуз», «1-декабрь – кыш мезгилинин алгачкы күнү», «Сүйүктүү Ме­кеним – Кыргызстан», «Кыргыз элим кылымдарды карыткан», Чынгыз Айтматовго, анын чыгармачылыгына арналган сүрөт галереясы уюштурулган. Китептер текчелерге ирети ме­нен туура жайгаштырылган. «Айылдык билим берүү», «Соростун китептери», «Жомоктор дүйнөсүндө», «Дүйнөлүк адабияттар» боюнча билим берүү бурчтары бар.

Кынаш Досоновна ишине тыкан, тазалыкты сүйгөн, ар бир ишке кылдат мамиле жасай билген чыгармачыл экендигин жамааты баалайт.

Башка мектептерге ка­раганда окуучулардын китеп менен камсыз болушу сүйүнүчтүү көрүнүш. Башка мектептеги мугалимдер менен пикир алыша калганда, китептердин жетишсиздигин айтып калышат.

Айылдагы таланттуу адамдарды чогултуп, поэзиялык кече уюштурду. Азыркы кезде 11-классынын класс жетекчиси. Алардын эртеңки келечеги жөнүндө өз энесинен да артыгыраак кам көрө билет. Айрым учурларда окуучулар арасындагы келишпестик, түшүнбөстүк мамилелерди жай гана сүйлөшүп чечет. Жаш кездеги жалындаган нурдуу көздөрүнөн келечекке кадам таштоого кылган чечкиндүүлүгү байкалган улан-кыздардын үмүттөрүнө жол ача билген мүнөз Кынаш эжекебизде бар.

Окуучулардын, ата-энелердин күчү менен залды жана 11-класс окуган классты толук жабдый алышты. Заманбап эжекебиздин талыбас аракети аркылуу мектепте көңүл жылытарлык иштер жаралды.

Жаңы жылдык «Көгүлтүр от» оюн-зоогу мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде өткөрүлдү. Мында да, албетте, класс жетекчинин таасири көрүнөт.

Уктаса китеп менен сырдашкан эжекебиздин эмгеги бааланып Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун мыктысы төш белгисинин жана көптөгөн грамоталардын татыктуу ээси болду.

«Биздин эжекебиз» деп сыймыктанган окуучулардын зор ишенимине ээ болуу кандай гана жетишкендик. Үйдөгү уздугу, камбылдыгы, аялдык назиктиги, мектепте бийчи, уюштуруучу, демилгечи, кези келсе спортчуга да айланат. Бар бол, арыба кесиптешим демекчимин.

Рапия МҮСҮРАЛИЕВА,
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы
Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*