Чыгармачылык борборлорго чыгармачыл мамиле керек

Республикалык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын уюштуруу иштерин учурдун талабына ылайыкташтыруу, мектептен тышкаркы мекемелердин директорлоруна усулдук, укуктук жардам көрсөтүү, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында иштин жаңыча формаларын сунуштаган республикалык семинар өткөн жумада Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияда болду.

Семинарга 80ден ашык мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 128 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелери бар. Анын ичинде: спорттук мекемелер – 56, башка багыттагы мекемелердин саны – 72. Бул мектептен тышкаркы мекемелерде билим алып жаткан балдардын саны 107530 түзсө, эмгектенип жаткан мугалимдердин саны 3000ге чукул.

Семинар катышуучулары мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин учурдагы негизги проблемаларын белгилешип, чогулгандардын көңүл чордонуна алып чыгышты. Алардын айтымында, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна дал келген нормативдик укуктук камсыздандыруунун жетилбегендиги, республикадагы мектептен тышкаркы мекемелер тармагынын кыскартылып кетиши, начар материалдык-техникалык база, балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн жаңы уюштуруучулук формаларынын, ыкмаларынын жана технологияларынын мазмунун усулдук камсыздоонун жетишсиздиги, балдарга кошумча билим берүүдө окуу программаларынын багыттуулугуна дал келген ресурстук камсыздоонун төмөндүгү, окуу китептери, окуу-усулдук, маалымдама материалдары менен камсыздоонун жетишсиздиги жана ошондой эле материалдык-техникалык базанын эскилиги жеткендиги – эмерек, компьютердин жана оргтехниканын, көрсөтмө куралдын жоктугу, мына ушулардын баары бул багытта талаптагыдай иш жүргүзүүгө өз кедергисин тийгизүүдө.

КР Билим берүү жана илим министри К.Садыков сертификат тапшыруу учурунда

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын адиси Назгүл Мусаеванын айтымында, мектептен тышкаркы мекемелер баланы ар тараптуу өнүктүрүп, анын шыгын ачып, илим, техника, өнөр ж.б. жаатта таланттардын өнүгүүсүнө шарт түзүү менен бирге балага ал кызыккан, анын жаратылыш берген шыгын аныктоочу өбөлгөлөрдү түзүп берүүгө аракет кылууларыбыз керек.

– Уюштурулган семинар баардык жердеги мекемелердин проблемалары окшош экендигин жана аларды тез арада чечүү жолдорун биргелешип издешибиз керектигин далилдеди. Бирок ушундай көйгөйлөрүнө карабастан, мектептен тышкаркы мекемелер жер-жерлерде борборлорду сактап калууга аракеттенишип, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша балдарга таалим-тарбия берип келе жатышат. Андыктан иш-аракеттер жүргөн жок деп айтууга болбойт. Жер-жерлердеги борборлордо тарбия алган балдар элибиздин желегин чет мамлекеттерде желбиретип, ар кандай кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келип жатышкандыгы да буга айкын күбө. 2012-жылы Өкмөттүн токтому менен буга чейин жергиликтүү бийликтердин карамагына өтүп калган билим берүү мекемелери кайра Билим берүү министрлигине кайтарылып берилгендиги алардын ишине оң таасир берет деп ишенебиз. Бүгүнкү семинар республикалык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын уюштуруу иштерин учурдун талабына ылайыкташтыруу, мектептен тышкаркы мекемелердин директорлоруна усулдук, укуктук жардам көрсөтүү, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, иштин жаңыча формаларын издөө максатында өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары үчүн “Сейтек”, “Балажан”, “Алтын түйүн”, “Экология жана жерин таануу” сыяктуу республикалык борборлордун уюштуруу иштери көрсөтүлүп, катышуучулар үчүн мастер-класстар өткөрүлдү. Жана ошондой эле тиешелүү министрликтин өкүлдөрү менен мектептен тышкаркы мекемелердеги жүрөк өйүткөн көйгөйлүү маселелер тууралуу, учурдагы тарбия иштеринин солгундап кетишинин себептери, ким күнөөлүү деген сыяктуу суроолор семинардын алкагында өткөн тегерек столдо талкууланып, ушул маселелерди чечүү жолдорун чогулуп талкуулашты, – дейт.

Семинардын катышуучуларынын бири Ош областтык балдардын чыгармачылык борборунун директору Тынчылык Маткасымов бул иш-чара боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

– Республикалык кошумча билим берүүдөгү мектептен тышкаркы уюмдардын директорлорунун Республикалык семинары – бүгүнкү күндө республикабыздагы мектептен сырткаркы мекеме статусун алып жүргөн республикалык борборлордун, областык, райондук, шаардык балдардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилери үчүн учурдун талабына ылайык өз мезгилинде, жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп кетким келет.

Айрыкча бүгүнкү күндө мектептен сырткаркы мекемелердин жаш муундарга кошумча билим-тарбия берүү жана өнөр үйрөтүү – жалпы эле коомчулуктун колдоосуна муктаж. Бизге ушундай семинарлар тез-тез өтүп турса деп ойлойм. Мындагы биз күбө болгон семинар-тренингдер, ачык сабактар, көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө тегерек столдор, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, адистери менен жолугушуу ж.б. иш-чаралар – бүгүнкү күнү балдар чыгармачылык борборлорунун иштерин учур талабына ылайык өнүктүрүү сапатын көтөрүүгө өтө чоң усулдук жардам болуу менен, жетекчилердин тажрыйбаларынын артылуусуна өрнөктүү өбөлгө боло алды.

Жалпы эле семинардын катышуучулары республикалык семинардын уюштуруучусу Билим берүү жана илим министрлигине, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу усулдук борборуна, “Сейтек” балдардын улуттук борборуна, “Алтын түйүн” балдардын инженердик-техникалык академиясына, республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн туризм, край таануу жана экология борборуна ыраазычылыгыбызды билдирүү менен алкышыбызды айтабыз.

Бул сыяктуу өткөрүлгөн семинарлар жаш муундарыбыздын эртеңки келечегине көрүлүп жаткан камкордуктар жана өз жемишин берет деп ишенүүгө негиз бар.

Айнагүл КАШЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*