Конференция: “Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечегине сарэсеп”

Улуу Кыргыз каганатынын 1170-жылдыгынын урматына жана «Кыргызстан элинин тарыхый маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, кыргыз элинин жана Кыргызстанды мекендеген калктардын элдик педагогикалык мурастарын сактоо, иликтеп-изилдөө, окуп-үйрөнүү жана жайылтуу иштерин күчөтүү, жаш муундарды элдик идеалдарга, мекенчилдикке тарбиялоо, жаңы муундагы педагог кадрларды даярдоо маселелерин кеңири талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси 2013-жылдын 18-19-майында «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» деген темада республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференцияда төмөндөгүдөй маселелер каралат:

– Этнопедагогиканы изилдөөнүн теориялык-методологиялык маселелери;

– Заманбап билим берүүнүн мазмунун жана методдорун этнопедагогикалык  негизде жаңылоо көйгөйү;

– Жогорку жана орто окуу жайларында жаңы муундагы мугалимди даярдоонун этнопедагогикалык багыттары;

– Мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында «Манас» эпосун окутуунун этнопедагогикалык маселелери;

– Улуу Кыргыз Каганатынын тарыхы жана этнопедагогика;

– Фергана өрөөнүнүн тарыхын жаңыча иликтөө маселелери;

– Кыргыз элинин тарыхы – анын руханий турмушунун эки миң жылдык тажрыйбасын чагылдырган элдик акыл-ойдун уюткулуу кенчи;

– Тарых курсунда окуучулардын жана студенттердин инсандык сапаттарын өнүктүрүү маселелери;

– Тарыхый инсандардын өмүрүн иликтөөнүн көйгөйлөрү;

– Заманбап археологиялык иликтөөлөр: табылгалар жана көйгөйлөр;

– Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара тарыхынын маселелери;

– Постсоветтик Кыргызстандын саясат таануусунун маселелери;

– Кыргыздардын жана Кыргызстанды мекендеген калктардын этнопедагогикалык маданияты – улуттар аралык диалогдун, гуманизмге жана толеранттуулукка тарбиялоонун негизи.

– Элдин салттуу маданиятын, эне тилин, нарк-насилин сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү этнопедагогиканын ролу жана мааниси;

– Математикалык жана табигый илимдерди окуп-үйрөнүүдө этнопедагогикалык мурасты  пайдалануу;

– Мектепте адеп сабагын окутууну жана студенттерди рухий-ыймандык жактан тарбиялоону этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү;

– Үй-бүлөлүк жана мектепке чейинки таалим-тарбиянын өрнөктүү тажрыйбасын этнопедагогикалык багытта өркүндөтүү көйгөйлөрү;

– Ч.Айтматовдун ж.б. ойчулдардын чыгармаларындагы жана көөнөрбөс элдик мурастардагы этнопедагогикалык акыл-ойлорду гуманизмге тарбиялоодо колдонуу;

– Билим берүү мекемелеринде этникалык жана граждандык нарк-насилди калыптандыруунун этнопедагогикалык проблемалары;

– Мектеп окуучуларын жана студенттерди окутуу методикасын жана алардын билим жетишкендиктерин баалоону этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү;

– Мектепке чейинки мекемелердин, мектеп, орто жана жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин этнопедагогикалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу;

– Тарыхка, улуттук жана мамлекеттик символдорго аздектүү мамиле жасоонун негизинде жаш муундарда жалпы кыргызстандык маданий нарктуулук сезимдерди калыптандыруу;

– Кыргызстан элинин адептик дөөлөттөрүн, тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүү боюнча заманбап окуу программаларын, окуу куралдарын жана окуу курстарын иштеп чыгуу маселелери;

– Мектептеги адеп жана тарых музейи – жаш адамдын жалпы рухий-маданий жана жекече инсандык сапаттарын калыптандыруунун таасирдүү каражаты катары ж.б.

Республиканын жогорку окуу жайлары (КУУ, ОшМУ, КМУ, ЖаМУ, БатМУ, НМУ, ТалМУ, ЫМУ, ОГПИ ж.б.) сунушталган тематика боюнча алдын ала семинар-кеңешмелерди өткөрүшүп, анын негизинде тандалып алынган 5-10 докладды конференцияга сунуш кылышат. Конференциянын материалдары «Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары» журналында жана атайын жыйнакта жарыяланат.

Текст 12-шрифт менен 1 интервалда Times New Roman ариби менен терилип, көлөмү 5 беттен ашпоого тийиш. Конференцияга материалдар автордун так дареги жана телефон номери көрсөтүлүп, 2013-жылдын 30-апрелине чейин электрондук жана кагазга басылган түрдө төмөнкү дарекке жиберилүүгө тийиш: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Илим жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгы. № 216-каб. Электрондук дарек: etnopedagogika2013@gmail.com

Конференция Ош шаарында, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында өткөрүлөт.

Уюштуруу комитети

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*