Кыргыздарга кымбат тарыхчы Ю. Худяков

Юлий Сергеевич Худяков байыркы жана орто кылым доорлорундагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Юлийдин илимдеги алгачкы кадамдары анын студент кезинде эле башталган. Новосибирскте өткөн XI илимий студенттик конференцияда Ю.С.Худяков “Кыргыз жоокеринин чаап кесүүчү куралы” деген темадагы доклады менен катышкан. Ал эми XII илимий конференцияда “IX-XII кк. енисейлик кыргыздардын комплекстүү курал-жарактары” жөнүндө өзүнүн жаңы маалыматтарын сунуштаган. Бул доклад көпчүлүктүн кызыгуусун туудурган. Жаш студенттин мындай аз изилденген темага болгон кызыгуусу ушуну менен эле токтоп калган эмес. Тескерисинче, кыргыз тарыхы Юлий Сергеевичтин бүткүл илимий-изилдөө ишинин негизги тармагына айланды.

Юлий Сергеевич 1977-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактады. Бул оригиналдуу диссертациялык эмгек 1980-жылы “Илим” басмасынын Сибир бөлүмү тарабынан жарык көрдү. Эмгек “Энесай кыргыздарынын VI-XII кк. курал-жарактары” деп аталган. Юлий Худяковдун алгачкы монографиясы энесайлык кыргыздардын археологиясына жана тарыхнаамасына арналган объективдүү жана ар тараптуу, жаңычыл иликтөө болуп калды. Эмгектин аталышы айтып тургандай, илимий иш кыргыздардын курал-жарактарын археологиялык жана курал таануу жаатында классификациялоого арналган. Окумуштуу энесайлык кыргыздардын жакындан салгылашууда колдонгон куралдары – кош миздүү кылыч, тек миздүү ийри кылыч, найза, айбалталарынын доордук эволюциясын иликтеп көрсөткөн.

Ошондой эле, Юлий Худяков өзүнүн эмгегинде кыргыздардын аскердик өнөрүн жалпылап көрсөткөн. Анда Энесай кыргыздарында курал-жарактардын пайдаланылышы VI-VIII кк. айырмаланып, IX-X кк. чукул өзгөрүүгө дуушарланганы тастыкталат. Ал түгүл аскердик аргымактар да мурдагы доорлордогу көөдөнү ачык турпатынан айырмаланып, тулку-бою башынан буттарына чейин кийиз менен жабылган, кийизге жыгач тактайчалар тилке-тилке болуп бекитилген.

Юлий Сергеевич Худяков 1947-жылы Россия Федерациясында төрөлгөн, Новосибирск университетинин тарых факультетин (1974), ошол эле жерден аспирантураны (1977) аяктаган.

Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору.

Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Тарых илимдеринин доктору.

Ю.С.Худяков кытай жылнаамаларынын орусчага которулган тексттери менен археологиялык маалыматтарды Энесай өрөөнүндөгү аска сүрөттөрүнө салыштыруу аркылуу оор жана жеңил куралданган кыргыз атчан аскерлеринин ар кыл доорлорго таандык сүрөттөмөсүн реконструкциялап сунуш кылат. Ю.С.Худяковдун реконструкциялык сүрөттөрү далилдүүлүгү менен айырмаланып турат.

Юлий Худяковдун кийинки монографиясы 1982-жылы “Табат өрөөнүндөгү кыргыздар” деген ат менен Новосибирск шаарында жарыяланган. Дал ушул китебинде автор IX-X кк. Кыргыз кагандыгынын мезгилин жалпы эле «кыргыз тарыхынын жылдызга колу жеткен сааты» катары эң жогору баалаган. IX-X кк. окуялар, автордун пикирине караганда, бүтүндөй Борбордук Азиядагы этностук тарыхтын салттык багытын өзгөртүп салды, уйгурларды кеңири аймакка чачыратты, кимак-кыпчак бирикмесинин консолидациясына жагымдуу шарт түздү, кыргыздарга Теңиртоо тарапка жол ачып берди, моңгол тилдүү көчмөндөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусунун алдыңкы доору болуп калды.

Негизги эмгектери:

1. Енисейлик кыргыздардын курал жарактары.-Новосибирск, 1980.

2. Табаттагы кыргыздар.-Новосибирск, 1982.

3. Орто кылымдагы Түштүк Сибир жана Борбордук Азия көчмөндөрүнүн курал жарактары.-Новосибирск, 1986

4. Енисейдеги кыргыздар. Окуу куралы.-Новосибирск,1986.

5. Борбордук-азиялык көч-мөндөрдүн эрте жана өнүккөн  орто кылым доорундагы курал жарактары.-Новосибирск, 1991.

6. Азиянын мейкиндигиндеги кыргыздар.-Бишкек, 1995.

Юлий Сергеевичтин “Кыргыздар Азиянын мейкиндигинде” деп аталган дагы бир белгилүү монографиясы, алгачкы жолу Кыргызстандын өзүндө толук басылып чыккан. Эмгекте байыркы жана орто кылым доорлорундагы кыргыздардын тарыхындагы окуялар чагылдырылат. Анда кыргыздар “Түштүк Сибир жана Борбордук Азияда эки миң жылдан бери жашаган жоокер жана туруктуу түрк тилдүү көчмөн эл” деп сүрөттөлөт.

Тарыхый чындык көмүскөдө калып, эгемендик алганга чейин кыргыз окумуштууларынын тизгини тартылып келген кезде, кыргыз элинин байыркы эл экенин Юлий Сергеевич тайманбай изилдеп, айтып келди. Кыргыздар үчүн легендага айланып калган Новосибирскиден келген тарыхчы Ю.С.Худяков кыргыз эли үчүн бараандуу эмгек жасады. Кыргыз тарыхынын чоң бир доору окумуштуунун эмгектери аркылуу элге маалым болду.

Ө. Алымкожоев,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун аспиранты

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*