КУУнун ректору студенттер менен жолугушту

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов окуу жайдын студенттеринин көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин өздөрүнөн угуу, алар менен ийри отуруп түз кеңешүү максатында жолугушууларды өткөрдү.

Анда алгач окуу жай жетекчиси студенттерге жолугушуунун максатын түшүндүрүү менен университетте жаңыдан киргизилип жаткан кредиттик окуу системасы, окуу жайда болуп жаткан маанилүү окуялар, о.э. Улуттук университеттин 80 жылдык мааракесине карата аткарылчу иштер тууралуу кенен айтып берди. Ал жетекчи катары кандай гана суроо болбосун жооп берүүгө даяр экендигин билдирип, студенттерге чөнтөк телефондорунун номерлерин да берди.

Студенттер университеттин жетекчисине жатаканалардагы жашоо шарттары, студенттерге берилүүчү жеңилдиктер, аскер кафедрасы, жайкы практиканы өткөрүү, китепкананын жана №6 окуу имаратындагы спорт залдын иштөө тартиби, физикалык лабораториядагы жабдыктар, студенттердин Ысык-Көлдө эс алуусу, чет өлкөгө окууга кетип жаткан студенттердин сессия тапшыруу шарттары тууралуу, ж.б.у.с. көптөгөн суроолорду беришти. Андан сырткары, жыйындын катышуучулары ректорго футболдук кичи аянтча куруу, студенттик идеяларды бир жерге топтоо, университетти бүтүргөн депутаттар менен жолугушууларды жана окуу жайдын пансионатында ишембилик өткөрүү жөнүндө сунуштарын да айтышты.

И.Исамидинов студенттердин айткан сунуш-пикирлери үчүн ыраазычылык билдирип, аларды колдоорун жана колунан келген жардамын аябай тургандыгын белгиледи.

Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган жолугушуулар студенттер үчүн маалыматтык эле эмес, тарбиялык жактан да чоң мааниге ээ болду. Анткени Искендер Исамидинов окшош маселелердин чет өлкөлөрдө кандай чечилип жаткандыгын, алар биздин студенттер үчүн сабак болушу керек экендигин белгилеп, студенттерге окуу жайдын эмеректерине аяр мамиле жасоого чакырды.

– Москва мамлекеттик университетинде 1951-жылы орнотулган стол, шкаф, лекциялык блоктордун чети да сынбай, ушул кезге чейин бүтүн турат. Ал эми Японияда болсо жаштарга өз жерине этият, аяр мамиле кылуу маданиятын үйрөтүү үчүн “Жерди теппе, жерге түкүрбө – аны бизге ата-бабаларыбыз мурас калтырган, ал биз үчүн ыйык. Биз аны көзүбүздүн карегиндей сактап, болочок урпактарга мурас катары калтырышыбыз керек!”, – деген бир эле сүйлөм жетиштүү. Ал эми бизде болсо – бир жагынан жаңысын коюп жатса, экинчи жагынан сындырып турабыз. Буга кайсы экономика чыдайт? Эгер биз университеттеги баардык нерсеге аяр мамиле кылып, сындырбай, бүлүндүрбөй, сарамжал болсок, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон болоор элек! Окуган аудитори­яларды карагылачы, полдун үстү, блок, столдордун асты – баары сагыз, ал эми эс алчу бөлмөлөрдүн дубалдарынын баары керексиз сүрөттөргө, “ыр саптарына” толгон. Айылдан ата-энелер, чет өлкөдөн коноктор келип калса, алар эмне деген ойдо калышат?”, – деп студенттерди тартипке чакырды ректор.

Мындай чакырыктарды уккан студенттер университетине аяр мамиле кыла тургандыктарын айтышып, көздүн карегиндей сактоого сөз беришти.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*