Немец тилчилердин курултайы өттү

Республикадагы немец тили мугалимдери немец тили сабагынын саатынын кыскартылып жатканына жана республикалык олимпиададан алынып салынгандыгына нааразы экендиктерин И.Арабаев атындагы КМУда өткөн Немец тили мугалимдеринин Х съездинде билдиришти.

Иш-чарага республика боюнча мектептеги немец тили мугалимдери жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. Анда мугалимдер немец тилине тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгын айтышып, немец тилинин бир жыл мурун борбордук тестирлөөдөн, быйыл республикалык олимпиададан алынып салынышына нааразычылыгын билдиришти.

Алардын айтымында, немец тили англис тилиндей эле өнүккөн тилдердин катарына киргенине карабастан тиешелүү көңүл бурулбай келет. Окуу пландардан кыскартылышы, биринчиден, мугалимдерге таасирин тийгизсе, экинчиден, жогорку окуу жайын бүтүрүп жаткан студенттердин келечегине балта чабууда. Себеби аларда беш жыл бою немец тилин окуп алып каякка барып иштейбиз деген маселе жаралууда.

– Немец тилинин мектептеги окуу планынан кыскартылып жатканына биз нааразыбыз. Бул маселени атайын ушул курултайда көтөрүп чыктык. Билим берүү министрлигине кайрылуу жасайбыз, – дейт Кыргызстандагы немец тили мугалимдери уюмунун төрайымы Айсулуу Каразакова.

Иш-чаранын экинчи күнүндө немец тили мугалимдери Германиядан келген мугалимдердин, Германияга барып келген жергиликтүү мугалимдердин сабактарына катышып, сабак өтүүдөгү коммуникативдик жаңы ыкмаларды үйрөнүшүп, тажрыйба алмашышты. Катышуучулардын айтымында, мындай семинарлар немец тили мугалимдери үчүн абдан зарыл. Себеби окуу китеби жок болгондуктан билим берүүдө абдан кыйналышат. Советтер Союзу таркагандан бери бир дагы немец тили боюнча окуу китеби чыккан эмес. Мугалимдер болсо ушундай иш-чараларга катышуу менен гана кесиптик чеберчилигин жогорулатышып, окутуунун алдыңкы методдорун үйрөнүшөт.

– Мен былтыр педагогикалык тажрыйба алмашуу боюнча Германияда бир ай болдум. Ошол жактан “Кыргызстанга саякат” деген сабак өттүм. Ага 40 мугалим, 400 окуучу катышты. Ал жактан сабак өтүүнүн алдыңкы методдорун үйрөнүп келип, биздин райондогу мектептерде семинар-тренингдерди өттүм. Негизинен биз ушинтип бирибиз көрүп келгенди экинчибизге үйрөтүп, башка мектептерге жайылтуу менен гана кесиптик чеберчилигибизди жогорулатып, билим берип келе жатабыз, – дейт Чолпонкулова Карачач.

АКМАТОВА Айгүл, Кочкор району:

– Азыр немец тилине көп көңүл бурулбай жатат. Айылдык мектептерде эң биринчи көйгөй окуу китептеринин жетишсиздиги. Англис тили боюнча китептер 11-класска чейин жеткиликтүү чыгарылган. Немец тили боюнча китеп такыр жок. Союз убагынан бери бир да китеп чыга элек. Болгону 3-класс үчүн бир китеп чыккан. Бирок ал дагы талапка жооп бербейт. Башкы каарманы кылып чычканды коюп койгон. Аны окуучуларга дагы жеткирүү кыйын. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн өзүбүз эптеп аракет кылып келебиз. Окуу китебин Германиядан заказ менен алдыртабыз. 2-3 даана китеп келет, анын бирөө менде болсо, ошончо балага бир китепти беребиз. Анан эптеп сүрөттөр менен, доскага жазып окутканга аракет кылабыз. Союз убагындагы китептерди да пайдаланабыз. Анан кантип сапаттуу билим беребиз. Ушундай семинарларга келгенде дисктерди алып кетип, Германияга барып келгендер өтүп жаткан оюн сабактарды үйрөнүп алып анан сабак өтөбүз. Анан ушинтип өзүбүздүн күнүбүздү өзүбүз көрүп жатканда, сабактардын кыскарышы, олимпиададан алынып салынышы бизди нааразы кылууда.

ШАМБЕТОВА Гүлзада, Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы мектептин жаш мугалими:

– Мен окуу жайды бүтүп иштеп баштаганыма аз эле болду. Бирок минтип немец тили сабактары кыскарып, айрым мектептерде жабылып жатканы мени абдан өкүндүрөт. Себеби биз беш жыл бою контракт төлөп окуп, анан эми алган билимибиздин үзүрүн көрөбүз деп жатканда немец тили сабактары кыскарууда. Негизи немец тили англис тили сыяктуу эле жакшы өнүккөн тилдерден. Мугалим катары бул сабактын жоюлуп кетишине жол бербөө максатында биздин мектепте экинчи тил катары окутуу үчүн төрт саат киргиздирип алдым. Окуучулар немец тилин экинчи тил катары үйрөнүшүүдө. Окуучулардын деле каалоосу бар. Бирок, тилекке каршы, биздин бул эмгектерибиз акталбай, өз максатына жетпей калчудай болууда.

Аталган кафедранын башчысы Кыял Сакибаевдин айтымында, жаңы уюштурулган залдар акыркы үлгүдөгү компьютерлер, интерактивдүү доска жана жогорку ылдамдыктагы Интернет байланышы менен камсыздалган. Мындан сырткары, электрондук китептер, аудио, видео окуулуктар, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруудагы тесттик материалдар, анатомиялык Интернет ресурстар студенттердин эркин пайдалануусуна коюлган.

– Мындай жаңы маалымат алуу борборлорун ачуу менен биз билим берүүнүн сапатын арттырып, көргөзмөлүү окууну, сабакты уюштуруунун интерактивдүү усулдарын жайылтууну ишке ашырабыз. Саат сайын жаңылык жаратылып жаткан медицина тармагына сапаттуу адистерди даяр­доого жаңы технологиянын жардамын кеңири пайдалануу ОшМУда жакшы жолго коюлган, – дейт Кыял Сакибаев.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*