ОшМУнун медицина факультети жаңыланууда

ОшМУнун медицина факультетинин адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы кафедрасынын алдындагы «Адам таануу» анатомиялык окуу музей-лабораториясы кошумча эки мультимедиялык залдар менен толукталды.

Аталган кафедранын башчысы Кыял Сакибаевдин айтымында, жаңы уюштурулган залдар акыркы үлгүдөгү компьютерлер, интерактивдүү доска жана жогорку ылдамдыктагы Интернет байланышы менен камсыздалган. Мындан сырткары, электрондук китептер, аудио, видео окуулуктар, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруудагы тесттик материалдар, анатомиялык Интернет ресурстар студенттердин эркин пайдалануусуна коюлган.

– Мындай жаңы маалымат алуу борборлорун ачуу менен биз билим берүүнүн сапатын арттырып, көргөзмөлүү окууну, сабакты уюштуруунун интерактивдүү усулдарын жайылтууну ишке ашы­рабыз. Саат сайын жаңылык жаратылып жаткан медицина тармагына сапаттуу адистерди даярдоого жаңы технологиянын жардамын кеңири пайдалануу ОшМУда жакшы жолго коюлган, – дейт Кыял Сакибаев.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*