«Акыркы коӊгуроону» кафеде, жаратылышта жана унаалардын коштоосунда жүрүштөрдү уюштурууга тыюу салынды

«Акыркы коӊгуроо» салтанатынан соӊ жаратылышта, кафе-ресторандарда эс алууга жана жеӊил автоунаалардын коштоосунда жүрүштөрдү уюштурууга, окуучулардын ден соолугуна жана өмүрүнүн коопсуздуктарын сактоо максатында Билим берүү жана илим министрлигинин жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйруктарынын негизинде тыюу салынды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардык билим берүү башкармалыгы ата-энелерден, коомчулуктан жана окуучулардан жыл сайын өтүлүүчү «Акыркы коӊгуроо» салтанатын тынч, мыйзамдын негизинде өткөрүүгө чакырат.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*