80 жылдыкка карата жаӊы ачылыштар

К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  80 жылдык мааракесине карата “Баракелде – 2013” кароо-сынагы  жана  окуу жайдын жыйындар залынын ачылыш аземи болуп өттү.

Жобого ылайык конкурс жети номинацияда, үч тур менен өтүп, калыстар тобу тарабынан бааланды. Алып баруучулар номинациясы боюнча Евразия инновациялык технологиялар факультетинин студенттери Алдабергенов Балбак жана Сулайманова Сайкал жеӊүүчү болуп табылды. Вокалдык ырдоо боюнча агрономия факультетинин студенти Кадыркулов Данияр, инженердик–техникалык факультетинин студенти  Анаркул уулу Рыскелди, Техникалык-экономикалык колледждин студенти  Алмазбеков Абиль, Агроколледждин студенттери  ырларды жогорку чеберчиликте аткарышып, алдыӊкы сыйлыктарга ээ болушту. Бий номинациясында Евразия инновациялык технологиялар факультетинин студенттери индия жана уйгур бийлерин, Техника-экономикалык колледжинин студенттери “Электро буги”  бийин мыкты бийлешсе, Инструменталдык композиция номинациясы боюнча  агроколледжинин студенти Эржанов Руслан “Фламингону”  гитарада ойноп, ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин студенти Туратбек кызы Айпери  “Таӊ булбулун” комузда кол ойнотту. 

Ошондой эле Агроколледждин сатира жана юмор театры “3 поросенка и волк” аттуу пародияны актердук чеберчиликте аткарып беришти. Жыйынтыгында 1-орунду жеӊген  Агроколледж 20 000 сом, 2-орунга чыккан Техника-экономикалык колледж  15 000 сом, Инженердик техникалык колледж  10 000 сом менен сыйланды.

– Чындыгында, өнүгүүнүн жаӊы этабы 2010-жылы Р.Нургазиев жетекчи болуп келгенден тарта башталды. Бизде билим берүү, илим, эл аралык абал, тарбия иштери жана материалдык-техникалык базасын чыӊдоо боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканын байкоого болот. Кыргыз улуттук агрардык университетте агрардык багыттагы адистерди даярдап чыгаруу менен бирге, ар тараптан өнүккөн, рухий дүйнөсү бай, дүйнө таанымы калыптанган, адеп-ахлактуу инсандарды тарбиялоого көп эмгек жумшап келебиз. Эӊ негизгиси, студенттердин жан дүйнөсү бай, маданияттуу өсүшүн, жарандык калыптануусун, жеке инсандык жана кесиптик тажрыйбасын интеграциялоого шарт түзүп, көмөк көрсөтүп турабыз. Ушул максатта “Баракелде” кароо-сынагын өткөрүү салтка айланган, – дейт университеттин проректору Светлана Ботаканова.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*