«Чыӊгыз Айтматов – адабий доор”

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, профессор, адабиятчы жана сынчы Асаналиев Кеӊешбектин 85 жылдык мааракесине арналып чыгарылган «Чыӊгыз Айтматов – адабий доор” аттуу китебинин бет ачар аземи 24-майда Улуттук илимдер академиясында болуп өттү.

Кеӊешбек Асаналиев (1928-2007) – кыргыз адабиятынын көрүнүктүү тарыхчысы, филология илиминин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон сынчы.  Ал өз чыгармачылыгында Ленинград шаарында Пушкин үйүнүн аспирантынан тартып Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директорунун орун басары жана Ж.Баласагын атындагы КМУда кафедра башчысына чейинки узак жана жемиштүү жолду басып өткөн. К.Асаналиев бир катар монографиялардын, статьялардын жыйнактарынын, орто мектептер үчүн окуу китептеринин, көптөгөн курч жана полемикалуу статьялардын автору. Анын изилдөөлөрүнүн негизин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, ошондой эле жалпы кыргыз адабиятынын өнүгүү тенденциялары ээлеп турган. К.Асаналиев өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын, адабият жана илимий чөйрөлөрдүн белгилүүөкүлдөрү тууралуу өз эскерүүлөрүн өзүнүн акыркы эмгегинде – «Адабий айкаш» адабий мемуарында иш жүзүнө ашыра алган. Мемуарлардын кайрадан кайталанып басылып чыгышы ушул эле бет ачарда сунушталды.

Сунушталган китеп 2003-жылы жазылганы менен окумуштуунун көзү барында жарык көргөн эмес. Китеп Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы маанилүү аспектке – анын кош тилдүүлүгүн, же билингвизмди кароого арналган. Автор Ч.Айтматовду орус тилине кайрылууга түрткөн себептер жөнүндө маселени коюп, белгилүү жазуучунун чыгармачылыгын жаӊы ракурстан карайт, анын жазуучулук тагдырынын бүткүл драмалуулугун көрсөтөт.

Монографияда, анын фонунда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы өнүккөн Кыргызстандын адабий турмушунун маанилүү маселелери козголуп, көӊүл чордону жазуучу менен бийликтин, жазуучу менен адабият чөйрөсүнүн, коомдун карама-каршы коюлушуна топтолот. Китеп кызыктуу жана жандуу тил менен жазылган, автордун жеке башынан өткөндөрү жана байкоолоруна жык толгон.

Кечеге Кеӊешбек Асаналиевди жеке тааныган, аны менен бирге иштешкен, илимий талаш-тартыштарга катышып жүрүшкөн адамдар катышты. Иш-чара “К.Асаналиев атындагы рухий мурастарды изилдөө институту” Коомдук бирикменин катышуусу менен уюштурулган.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*