АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН АКЫБЕТИ

Балыкчы шаарындагы №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, адабиятчы, акын, жазуучу, драматург, ардактуу эне жана сүйүктүү жубай, коомдук иштердин активдүү катышуучусу, бир топ китептердин автору, демилгечи инсан, кылдат педагог Асангүл Абдыгулованын ысымында көркөм адабий музейдин ачылышы болду. Ачылыш аземине аталган шаардын мэри М.Бообеков, шаардык кеӊештин төрагасы А. Смадияров баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мугалимдер, журналисттер катышып, белгилүү педагог А.Абдыгулованын  чыгармачылыгына бийик баа беришти.

Салтанатта Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси М. Кулова музейдин ачылышы, максат мүдөөсү жөнүндө кеӊири маалымат берүү менен төмөндөгүлөргө токтолду:

– Мурда эӊ атактуу адамдардын гана музейлери ачылганын укчу элек. Эми мына  замандашыбыз, насаатчы мугалим Асангүл эженин музейин ачып жатып, биз да өзүбүздүн эмгегибизди баалаганды үйрөнүп баштаганыбызды байкадык. Бул музейге эженин негизги эмгектери болгон китептери, методикалык иштелмелери, рефераттары, кол жазмалары, сүрөттөрү коюлуп, урунттуу учурлары боюнча жылнаамалар, эженин тарбия-таалим маселесинде айткан учкул сөздөрүн жайгаштырдык. Жыл өткөн сайын бул музей ар тараптан кеӊейип, мектептин табериги катары улам педагогдордун кийинки муунуна өтүп, балдарга билим-тарбия берүүнүн очогуна айланат деп ишенем.

Андан соӊ мектептин директору Н.Мамбетова А.Абдыгулованын педагогикалык ишмердигине өзгөчө мамиле жасаарын айтып, толкундануу менен сүйлөдү:

– Асангүл эже эӊ негизгиси практик мугалим. Ал 1990-жылдары эле сабактарды сахналаштырып өткөрүү ыкмасын киргизип, анын натыйжалуулугун иш жүзүндө далилдей алды. Ж.Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек” аттуу чыгармасын өтүү ыкмасын мугалимдер ушул күнгө чейин колдонуп келишет. Эжебиз мугалимдик кесипте 44 жыл иштеп, бай тажрыйбага ээ болуп, анысын азыркы күндө жаш мугалимдерге үйрөтүп, насаатчы, устат деген улуу атка татып олтурат. Биз Асангүл эжени атайын мектепке чакырып, же үйүнө барып ар дайым акыл сурап, кеӊешип турабыз. Эжеге жолугуп келген соӊ иштегиӊ гана келип калат. Бул устатыбыздын улуулугу болсо керек.

Эженин шакирти, Балыкчыдагы №6 мектептин директору К. Абдыкеримова Асангүл Абдыгулованын бул музейи 44 жылдык жалпы педагогикалык эмгегинин жеӊиши оӊойго турбаганын, түн уйкусун бөлгөн түйшүктүү эмгегинин жемиши экенине токтолду:

– Эже мектеп директору болуп иштеп турганда талапты абдан катуу койчу. Ошону менен бирге аны менен иштөө ушунчалык жеӊил эле. “Сен мыктысыӊ. Жакшы иштесеӊ мектепке директорлукка чейин өсүп жете аласыӊ. Андан да алыс кетесиӊ” деп бизге дем-күч берип койчу. Айтканындай, мектеп жетекчилигине чейин өсүп жеттик. Сынактарда алдыӊкы орундарды камсыз кылдык. Эже өзү гана ийгиликтерге жете бербей, шакирттерин да алдыга сүрөп жүрүп олтурганын айтпай кетүүгө болбойт.

О.э. белгилүү журналист Т.Токтогазиев, тарыхчы, окумуштуу А.Койчиев, Республикалык аксакалдар кеӊешинин төрагасы Ө.Үмөталиев, эженин улуу баласы С.Касманбетов  ж.б. чыгып сүйлөгөндөр А.Абдыгулованын педагогикалык эле эмес жазуучулук, акындык өнөрүнө токтолушуп, ар тараптуу талант ээси экенине, кумурскадай иштермандыгына тан беришти.

– Эженин музейинин ачылышы өзүнчө бир тарыхый окуя десек болот. Өмүрлүк жолдошу Сапарбек Касманбетовду эл манасчы, төкмө акын катары жакшы билет. Ал киши өзүнчө бир рухий кенч. Агабыздын эмгектерин да ушул жакка коюш керек. Экинчи жагы, мыкты мугалимдердин кол жазмалары, эмгектери да музейде сакталып, педагогиканын мурастары топтолгон өзүнчө бир очок болсо деген ойдомун,- дейт Т.Токтогазиев.

Сырттан окуу мектебинин директору З.Калдыбаев эже менен жакындан иштегендиктен, анын педагогикалык кредосу бийик деди.

– Мен эми Асангүл эжени курулай мактабайын. Айтайын дегеним, бирөөнүн баласын тарбиялоодон мурда өзүӊ, балдарыӊ, үй-бүлөӊ да тарбиялуу болушу парз.  Асангүл эженин балдарынын баары мыкты чыкты. Бир үйдө он бала болсо көп учурда тооктун жумурткасындай бирөөсү “сасыткы” болуп калат эмеспи. Асангүл эже менен Сапарбек агайдын балдарынан андай “сасыткы” чыккан жок. Баары биринен бири өтөт. Мисалга айтсам, Сүйүнбеги Жогорку Кеӊеште аппарат жетекчисинин орун басары, кыздары Гүлнара, Акчолпон Би-Би-Си радиосунда үзүрлүү эмгектенип келишет. Ушунун өзү эле Асангүл эженин кандай педагог экенин айтып турат, – дейт ал.

Уулу Сүйүнбек кечеде катышкандарга таалим-тарбия туурасында кызыктуу аӊыз притчаны айтып, олтургандарды кепке муютту. Андан ары апасынын ишине жасаган мамилесин да айта кетти:

Өткөн 1984-жылы үйлөнүп, айылга барып калдык. Кетээрибизде баягы тойдон калган устуканыбызды дептердин чатыраш кагасына келинчегим ороп алыптыр. Апам капыстан көрө калып, бизге аябай нааразы болуп, урушканы бар. – Ой, бул эмне кагаз, мынчалык урушчудай,- деп карасак, балдардын жазган дилбаяндары экен. Кагаз саргайып деле калыптыр. Карасак, 1972-жылы жазылган кайсы бир окуучусунун дилбаянын 1984-жылга чейин сактап жүргөн экен. Ошол кагаз үчүн жаӊы келген келинин урушуп жатпайбы. Өзүнүн кесибине жан дили менен берилген апама ошондо катуу таӊ калгам.

Кечеде Асангүл Абдыгулова өзү да сөз алып, мугалимдик иштин түйшүгүн, милдет-максаттарын айтып өттү.

– Мектептин директору болуп иштеп жүргөн кезде мугалимдерден эӊ эрте келип, баарын тосуп алар элем. Ойлочумун: өзүм жетекчи болсом, анан алардан кийин келсем, кандай үлгү болом, кантип аларды эрте кел, кечикпе деп айта алам. Жумуш бүтөөрдө баарынан кеч кетем. Каш карайганча иштейм. Коллективим мени көрүп түзөлсүн дечүмүн. Айтканымдай, баары мени сыйлап турушар эле. Мен да аларга бир туугандык мамиле кылып, түшүнүп, талапты да туура, так коер элем. Жаш мугалим кезимде директор агай текшерүүчүлөр келгенде алгач менин сабагыма киргиздирип, журнал, конспектилерди жыйып, эӊүстүнө меникин койчу. Эмнеге минтесиз десем, сеники баарынан жакшы толтурулган, таза, талапка жооп берет деп көӊүлүмдү көтөрүп койчу. Чындыгында мен класста гана эмес республикалык телестудиядан да сабактарымды эчен ирет өттүм. Ал сабактарды эӊ кыйын усулчулар жогору баалаганда менин да колуман бир нерсе келет экен деп кубангам. Эми менин аздыр-көптүр эмгегимди баалап музей ачканыӊарды көрүп олтуруп, ак эмгек талаага кетпептир деп кубанып олтурам, – деди кеченин күнөөкөрү белгилүү педагог Асангүл Абдыгулова.

Салтанаттын соӊунда Балыкчы шаарынын мэри, шаардык кеӊештин төрагасы, мектеп мугалимдери Асангүл Абдыгулова атындагы адабий, маданий музейдин материалдарын жыл сайын көбөйтүп, кеӊейте беришерин убада кылуу менен бирге, Асангүл эжеге бакубат жашоо, чыӊ ден соолук, бактылуу карылык каалашты. Ал эми окуучулар А.Абдыгулованын ырларын жатка окушуп, спектаклдеринен үзүндү коюшту.

 Майрамбек Токторов, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*