Салттуу маданият эскирбейт

Өткөн жумада Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда «Кыргызстандагы билим берүү системасында салттуу маданияттын орду» аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ПКМДИнин пресс-катчысы Адилет Самсалиевдин берген маалыматына таянсак, конференциянын башкы максаты –  студенттердин оюн билүү жана илимий көз карашын, сүйлөө маданиятын калыптандыруу, о.э. жаштарга кыргыз маданиятын таанытууну көздөдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргызстан эл аралык университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети жана Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институттарында тарых адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер катышты.

Ал эми Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин  кафедра башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Р.Усенова жана  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Г. Абдалиевалар конференцияга модераторлук кылышса, жалпы кыргыз элинин маданиятына кайдигер карабаган, өз көз карашы бар 26 студент ой-пикирлерин ортого салышты.

– Конференцияда Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун  3-курсунун студенти Ж. Багышова, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин  3-курсунун студенти С. Сыдыгалиев, Кыргызстан эл аралык университетинин 2-курсунун студенти Акматили уулу Рахматилло,  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын  3-курсунун студенти Э. Касымовдор сыяктуу  студенттер тарабынан бараандуу баяндамалар жасалып, олуттуу ойлор айтылды, – дейт пресс-катчы.

Жыйынтыгында бул конференцияны салттуу улантуу жөнүндө резолюция кабыл алынып, кийинки конференцияны өткөрүү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетине өткөрүлүп берилди.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*