Жети дубанга жети компьютер

Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушундагы №85 орто мектепте “Мега Билим” долбоорунун “Жети дубанга – жети компьютер” акциясынын  негизинде компьютердик класс ачылды.

№85 мектептин директорунун орун басары Гүлнара Кыргызбаеванын айтымында, мектеп директору Жылдыз Сарыгулова долбоорго катышып, айыл окуучуларынын билим алуусу, жаӊы технологияны пайдалана билүүсүн арттыруу үчүн жасаган акыбети кайтты.

– “Мегаком” уюлдук компаниясынын коммерциялык директору баш болуп кызматкерлери келип, билим берүү программасы коюлган  жети компьютерди беришти. Бул компьютердин башкалардан өзгөчөлүгү ушунда экен. Мындан сырткары, интернетке дагы кошушту, – дейт тарбия завучу.

Эми бул мектептеги жогорку класстын окуучулары  информатика сабагынан сырткары, компьютердик класска кирип, башка сабактар боюнча слайд-шоу жасап, өздөрүнүн билимдерин өркүндөткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле мугалимдер дагы интернет аркылуу башка мектептердин мугалимдери менен байланышып, тажрыйба алмашышса да болот. Ар бир мугалим өз сабагына чыгармачылык менен даярданам десе, албетте, бул коюлган компьютердеги программалар аркылуу кызыктуу сабактарды түзүп, заманбап технология аркылуу балдарга сабак бере алышат.

– Ачылыш аземине жаӊы конуштун тургундары, ата-энелер комитети, аксакалдар кеӊеши катышты. Салтанат абдан шаӊдуу өттү, анткени “Мегакомдун” кызматкерлери окуучулар арасында кызыктуу викторина өткөрүштү. Маселен, уюлдук компаниянын окуучуларга кандай пайдасы тийип жатат, кандай жакшы нерселер уюштурулууда, акыркы кайсы тарифтерди билесиӊер ж.б.у.с. суроолор берилип, ага так жооп берген окуучуларга флешка, кепка ж.б. белектер тапшырылды. “Мегакомдун” жетекчилеринин айтуусуна караганда, көчөгө илген жарнактарга, баннерлерге кетирген каражаттарды андан көрө айыл жериндеги балдарга заманбап технологиялар менен таанышканга, билим алганга шарт түзүп берүүнү максат кылып коюшкан экен, – дейт Г. Кыргызбаева.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*