САЛТТУУ ПЕДАГОГИКАНЫ НЕГЕ ЧАНДЫК? же тарыхый тамырыбыздан ажыраткан “жаӊычылдык” жөнүндө

Түшүнүксүз чет өлкөлүк түшүнүк, термин-сөздөргө оролгон, анан калса кыргыз таалим-тарбия берүү, окутуу традициясынан,  тарыхый калыптанган каада-салттуу элдик мектебинен алыстаткан, окутуп-үйрөтүүнүн элдик менталитетинен куржалак, элдик этнографияны, тарыхты, тилди, маданиятты унуткарууга, чанууга түртмөлөп, кандайдыр бир абстракттуу жасалма мазмун жана форма курулай таӊууланган педагогикалык, дидактикалык принцип, критерийлерден алыс, стандарттардын оторчулугу күчөп, анын ошол эле биздин педагогикалык-методикалык системада ойлонулбай, саман-чөбүнө карабай кабыл алынып жаткан, көпчүлүк жерде жана убакта буйрутмалуу түрдө окутуу, үйрөтүү, билим берүү, илим казуу жараяндарына киргизилип жаткан «жаӊычыл инновациялар, жакшына технологиялардын»  өсүп келе жаткан жаш муундардын, окуучулардын, студенттердин, үйрөнүүчүлөрдүн калыптанып жаткан аӊ-сезимдерине тийгизген терс таасирлери да көп болууда. Эмесе кеп оролу ошол жөнүндө болсун.

Ар нерсенин эки тарабы бар сыяктуу, эгер интерактивдүү делинген усул-ыкмаларды билим берүү  жана тарбиялоонун максат, милдеттерине же багыт жана көлөм, өлчөмдөрүнө карата туура колдонбосо, аларды  сабактын өзгөчөлүгүнө жараша ыктуу пайдаланбаса, окутуунун акыркы жыйынтыктарына кедергисин тийгизүүчү пайдасыз жактары көп. Маселен, айрым учурда предметте же коомчулукта туура, аныкталган маселелер деле башка жагынан кыйыр түшүнүлүп, талаштын предмети болуп калат. Окуучу туура эмес багытка үйрөтүлүп, жыйынтыгында маселе жөнүндө туура эмес пикир көз карашка ээ болушу мүмкүн. Маселен, «биргелешкен чыгармачылык ишкердүүлүк», «дискуссия», «кырдаалдар боюнча талаш-тартыш» сыяктуу  усул-ыкмаларды колдонууда, бири-бирине каршы даярдалган эки топ Кыргыз адабиятындагы Жамийланын (Ч.Айтматов «Жамийла») күйөөсүн таштап, башка бирөө менен Казакстанга качып кетишин бирөө туура десе, бирөө туура эмес дейт. Абсолюттук чындык жок, бул жерде далилдер менен, ораторлук (чечендик) менен  жеӊген тараптыкы чындык болуп калат. Демек, «калпты чындай койгуласа, чындык чычалай качат» психологиясы калыптанат. Мунун негизинде үйрөнүүчүлөрдө жалган, жасалма сүйлөө адаты, жасалма көз караш, аныктамаларды догурунуп түртүү, анысын чындык катары карап, айлана-чөйрөсүн ошого ынандыруу аракеттери күчөп, ошого ылайыкташкан көндүм-жөндөмдөрү калыптанат. Коомдо өзүнүкүн өмөчөктөп жарнамалоо, жасалма имидж түзүү далбасалары, куру дымакчылдык (амбициоз) позиция, делбетап демократиячыл, ашынган укукчул көз караш, чаржайыттыкка багытталган анархияга ыӊгайланган жүрүм-турумдар азыр жаштарда жайылып бараткан дагы бир оору көрүнүш. 

«Сынчыл ойломдорду калыптандыруу», «топтордо талаш-тартыш», «ачык суроолор», «мээге чабуул» интерактивдүү усул-ыкмаларын артыкбаш пайдалануудан, жаш психологиянын ар бир көрүнүшкө ката элек борпоӊ жана ийкемдүү көз караштары, «сынчыл ойломдорго» өсүп отуруп, ашып кетет, бардык жараян, көрүнүштөрдү жактырбоо, кежирленүү, тежиктенүү, чануу, тануу сезимдери калыптанат. Ошентип, учурда коомдогу адамдардын улам бири-бирин жактырбоо, обочолонуу, артыкбаш сынчыл көз караш позицияларынын калыптанышы пайда болот. Позитивдүү эле нерселерди негативдүү көз карашта карап калышат. Муну биздин депутаттардын, зоппозициялардын. коом, уюмдардын кыймыл, аракеттеринен,  ж.б. коомдон чагылып жаткан толгон мисалынан көрсөк болот. Эч ким, эч кимди жактыргысы келбейт. Бардык жерде бири-бирине кыжынган агрессивдүү, антагонисттик, келишпес пикирлер, кайчы көз караштар. Мунун өзү жактырбоодон жек көрүүгө, андан күчтүүсүнүн менменсинген зордукчул, зөөкүрлүк басмырлоосуна, алсызынын мыйзамсыз террордук, жеӊ ичинен согуу, белден ылдый  тебүү, байкатпай атайын кыянаттык, карасанатайлык жасоо ж.б. ар кандай кылмыштуу аракеттерге өтүшүнө алып келет. Бул көрүнүштү азыркы коомдон, мамлекеттерден, мекеме, коом, уюмдардан жана жеке адамдардан кадимкидей жалбырттап, алоолонуп турган факты, аргументтерин айлана-чөйрөдөн, болуп жаткан окуялардан өтө көп байкоого болот. Демек, бүтүндөй коомдун өнүгүшүнүн ушундай шартында  билим берүү жана тарбиялоо тармагына жаштарга окутуп-үйрөтүүгө коюлган рухий-ыймандык дөөлөттү жаш муундарга калыптандыруу максат-мүдөөсү канчалык олуттуу жана аны чечүү кандай кыйын жана татаал экендигин да элестетип багыӊыз.

Айрым интерактивдүү инновациячыл методдун талаптары боюнча үйрөнүүчү жүрүш-туруштук жактан да активдүү болуп, кыргызча айтканда, «арты көӊдөй болсо да  оозун ачпай», көптү билген кебетелүү болууга, жүрүш-туруштарында  формалык кооздукка, активдүү кыймылдуулукка, жасалма грациялуу келбетке, ашыра боёлгон «гламурдуу» сулуулукка умтулуулары, башкача айтканда, бардык параметрлер боюнча заманбап модерн инсан кейпинде жүрүү керек. Бул айтылбаган, бирок учурда талап кылынып жаткан «этикалык эрежелердин», «эстетикалык умтулуулардын», жүрүш-туруш имидждердин негизинде улам кийинки жаш муундар жасалма кыймыл аракеттерди өздөштүрүшүп, натыйжада башындагы акылы тыкылдаган тапичкесине түшүп кеткен кыздар, ой-пикирден куржалак, сүйлөгөндөрү супсак, бирок көрүнүшү борсойгон, бактылуудай бажырайган жигиттер, маникендей болуп койкоюп, кооз, көркөм кыймыл аракеттерди атайын баскан-турганынан сүйлөгөндөрүнө чейин колдонуп, жасалма кылык, жест-мимикаларды, ымдоо-жаӊсоолорду кылган кызматтарынан тарта ичкен чайларына дейре пайдаланган, тигинден мындан алынган түшүнүксүз терминдерге ороп, автоматтын огундай тыпырап сүйлөгөн, тыкылдап жүргөн «жасалма адистер», «баш койкоӊ»  имиджмейкерлер, тапан тамадалар, модерн модераторлор пайда болду, шумдук!

Интерактивдүү методдогу дагы бир талап – үйрөнүүчүнүн өз алдынча ойлоп, сүйлөп, жүрүм-турум үйрөнүүсүн, б.а. укукчул, демократиячыл болуусун, оюн эркин, ачык, так, билдирүүсүн жактайт. Бирок ошол эле кезде жаман жагы, улам кийинки жаштарды барга көппөй, жокко чөкпөй,  ыраазы болгон жупуну жашоодон, жөнөкөйлүк, карапайымдыктан, олуттуу, оор басырыктыктан, сабырдуулуктан ж.б. ажыратып, кежирликти, тежиктикти, чыргоолукту, укукчул, саймедиреген саясатчылыкты жана башка «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» терс касиет-сапаттарды да калыптандыруусунда.

Анан калса, азыркы учурда  гумандуулуктун көрүнүштөрү болгон боорукерлик, мээримдүүлүктү, темирдей суук реалдуулук, берешен,  жоомарттыкты карандай сары эсепке негизделген тактык, сараӊдык, акыйкат адилеттүүлүктү кайсар докчулук, алдамчылык, чындыкты жалганчылык, сабырдуулукту тажаал долулук ж.б. «азыркы учурга ылайык заманбап» сапат-касиет, жүрүш-туруштар   кара көөдөй эле каптап жаткан учурда, эл гумандуулук эмес, турмуштун тумандуулугунан алысты көрө албай тунжурап жаткан кезде жана да саясий-идеологияда идеологдор жашоонун «табигый, нукура» (ким күчтүү, бай, бий болсо, ошол жашасын деген) тандоосун айбыкпай эле «айкөлдүк менен сунуштап», практикалык түрдө колдонуп көрсөтүп жатышкан мезгилде (алыс барбай эле НТС каналындагы «Особое мнение» ток-шоу көрсөтүүсүн көрсөӊүз), турмушка болгон көз караш, кыймыл-аракет жана сапат-касиеттер, адамдагы мүнөз, кылык-жоруктар таптакыр өзгөрүп жатканы жалган эмес. Маселен, азыркы адамдар, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш муундар кызыгышкан кино тармагында боевик, ужас, детектив, фантастика ж.б. жабалактап көрсөтүлүшү жаш муундардын адамчылык, акыйкаттык, адилеттүүлүк, гумандуулук ж.б. сапаттарын кадимкидей эле жууп, кырып  кетирип, аёоо сезимдерин өчүрүп, канкорлук, жырткычтык, зордукчулук ж.б. касиеттерди аӊ-сезимдерине солоп киргизип жатпайбы. Ошол үчүн жанагы жапжаш кыздар рэкет чыгып өз курбалдаштарын тоноп, уруп, дөөгүрсүгөн жигиттер аёону билбей кичинекей кыздарды зордуктап, бачабаздык, аӊгилик күчөп, жапжаш балдар бири-бирин өлтүрүп жатпайбы. Бул кашкайган фактылар айкындык деген түшүнүк менен шөкөттөлүп, ар күн сайын телевизордон көрсөтүлүп, радиодон уктурулуп, акыл-эстүү адамдын үрөйүн учурууда!

Ал эми идеологиянын бир бутагы болгон билим берүү жана тарбиялоодо эл тарабынан иштелип чыгып мурас калган опол тоодой рухий дөөлөттөр аркылуу жуга турган толгон-токой гумандуулуктарды, баалуулуктарды, менталитеттик өзгөчөлүктөрдү, кишини инсандыкка жеткире турган сапат-касиеттерди сабылып да, самырдай сайрап да, суук реалисттер болуп өсүп келе жаткан жаш муундарга жеткире албай жатканыбыз чындык. Маселен, азыр кыргыз адабиятындагы  Касымалы Баялиновдун «Ажар» чыгармасын жакшылап эле өтүп, туура эле түшүндүргөндөн кийин бир окуучунун жазган жыйынтык дилбаянына көӊүл буралы. «…Ажар кызык жана акылы жок кыз экен. Бай жана баардыгы колунан келген Чырдан эмнеге качат. Жыргап жашаса болмок да. Эгер бир аз чыдап койсо Чыр  өлөт эле да, анын бардык  байлыгы Ажарга калмак. Албетте. жолунда белен келген бактысынан ээн талаага качып кетсе, анан карышкыр жейт да. Ошону көрмөк… Азыр баягы заман эмес…» Же болбосо баштагы адабий-ыймандык түшүнүктөр боюнча Тейитбек, Жакып дүнүйөкор, Орозкул зөөкүр, Сабитжан маӊыз ж.б. деп адабий талданып, түшүнүлүп, күнөөлөнүп келсе, азыркы түшүнүк боюнча «алар реабилитацияланып» акталып жатышат. Ал эми Эркеайым («Шырдакбек»), Бурулчалар (Э. Турсунов. «Ата Журт») жана азыркы Алла Пугачёванын, Лолиталардыкы сымал жүрүш-туруштар кадимкидей эле жаш кыз-келиндер тарабынан гендерчиликтин, феминизмдин, эркектерге теӊ ата болуунун үлгүсү катары өрнөк туу болуп желбиретилип жатпайбы, иттики!

Дагы бир көрүнүш ушул азыр адабияттагы Ч.Айтматов, Т. Сыдыкбеков, М. Элебаев ж.б. жазуучулардын көркөм дөөлөттөрүн көпчүлүк жаш муун билишпейт. Мындай көрүнүш кыргызча окуган кыргыз балдарына эле мүнөздүү го десек, орус тилинде окуткан мектептердин жаш муундарынын деле абалы ошол экен. Маселен, алар деле М. В. Лермонтовду, анын «Биздин замандын каарманын», А.П. Чеховду, «Кутудагы адам», Гоголдун «Өлүк жандар», Грибоедовдун «Акылдын азабынан» ж.б. деле кабары жок. Анан аргасыздан ойго келесиӊ. Андай болгон соӊ бул улуу классиктерди программага киргизип, аларга саат бөлүп убара болбой, азыркынын жеӊил-желпи шоу чыгармаларын, делбетап детективдерин, карамүртөз. суук боевик, абстракцияга чулганган куру фантастикаларын, абстракттуу авангардизмин, роботтой сынык сызыктуу символизмин, реалдуу турмуштан алыс жасалмалуулукка, виртуалдуу-визуалдуу кыймыл-аракеттерге толгон модернизмин, силлогизмин, окутуп-үйрөтүп, ошолордон жана айтылган рухий-ыймандык көркөм дөөлөттөрдү «издеп», ошолордон гумандуулуктарды «таап» окутсакпы деген. Азыркы муун элдин байыркы дөөлөттөрүнөн баштап, кечээки Алыкул Осмонов, бүгүнкү Чынгыз Айтматовдордун чыгармаларынан, образдаштырып айтканда ары чети жатыркап, бери чети  «көӊүлдөрү айнып», айрымдары гана эптеп мойнунан байлаган иттей болуп окуй тургандыктары жалган эмес.

Интерактивдүү, жаӊычыл сабактарды өтүүдө, ык-усулдарды колдонууда  азыркынын модасы техникага көбүрөөк кайрылууга туура келет. Албетте, бир жагынан техника, технология колду, ойду узартып, ыӊгайлуулук жаратып, маселелерди  жакындан жана тез чечүүгө жардам берет. Ошол эле кезде «сыныктан башкасынын баары жугуштуу» болгондой, технократиянын, урбанизациянын суук, муздак деми, ал турмак образдаштырып айтканда, руху, духу жаш муундардын жаӊы калыптанып келе жаткан ой-боюна кирип, оӊой эле сиӊип, аларды да муздатып, стандартташтырып, роботтоштуруп, коомдон алыс жашаган, элден-журттан четтеген, мекенчилдиктен куржалак өз көмөчүнө гана күл шилеген өзүмчүл «Өлүк жандар» (Гоголь),  өзүн-өзүнө бекитип алган «кутудагы» (А.Чехов «Кутудагы киши») жаштар көп чыгып жатканы жалган эмес. Башкача айтканда, көп жаштардын «эл ичинде жапжалгыз калуусунда», коомдун мүчөсү боло албай өзү менен өзү болуп, «жалгыз карышкыр», «жарым дудук», суук жашоо стилинде күн кечирүүсүндө, урбанизация, технократия ж.б. жараяндар менен бирге окутуунун азыр биз мактап жаткан интерактивдүү техникачыл усул-ыкмаларынын да жардамдашып жатканы жалган эмес.

Ошондой эле техниканын бардык мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип алган балада азыр кыймылдап, ойлонуп, даярдануу деген жок. Көпчүлүгү техникага таянат, китептен, илимий булактардан издеп убара болушпай, реферат, курстук иш, дипломдук иштер тургай, айрым жөнөкөй эле суроолорду, илимий булактарды интернеттен издешет. Аларды акыл-эстерине сиӊиришпей, керектүү жерде шпаргалка гана түрүндө колдонушат. Башкача айтканда, «алма быш, оозума түш», даярга көнгөн, жатып ичер жанбактылык психология азыр көпчүлүк билим, тарбия алып жаткан жаштарда үстөмдүк психологиясы. Алар билим алып бир кесипке ээ болсо деле, мектептеги  он жылды, ЖОЖдогу беш жылды жалаӊ интернет, компьютерге таянып көнүп алгандыктан, турмушка өз алдынча кадам таштоого, иш кылууга мойну жар бербей, анын жолун билбей көчөдө калышууда же 50-60ка чыкканча ата-энесинин мойнуна минип, алардын пенсияларына көз артып жүргөн же аялынын, же күйөөсүнүн жонуна минип альфонстук кылган муун пайда болду.

Техниканын дагы бир жаман жагы, азыр мугалимдин, окутуучунун класстагы, аудиториядагы кыймыл-аракети, сөзү бардыгы жазылып алынуу коркунучу бар. Мугалимге антипадиядагы студент же окуучу бат эле мугалимди торго чалындырып, шантаж жасоого мүмкүнчүлүктөр кеӊейди. Анткени сабак учурунда ар түрдүү сөздөр сүйлөнөт, асыресе тентек окуучу, жалкоо студенттерге ар кандай насыйкаттар, ачууланган  үн, кырааттар болушу мүмкүн.

Тойчубай Үсөналиев,  КТМУ Билим берүүнүн отличниги, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белги медалынын жана Ардак грамотасынын ж.б. сыйлыктардын ээси. 1 программа, 1 стандарт, 2 окуу китебинин, 1 методикалык колдонмонун автору. 1 методикалык жыйнактын түзүүчүсү, 9 окуу топтомунда (окуу китеп, көнүгүүлөр жыйнагы ж.б.) авторлош жана редактор. Башка авторлордун 2 китебине рецензент, 1 мемуардын редактору. Методикалык, илимий жана публицистикалык 60тан ашуун макалалардын ээси.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*