ЖАРАТМАН МЕКТЕП ЖАМААТЫ ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕР

Ысык-Ата районундагы Рот-Фронт айылы союз мезгилинде эле эл аралык байланышы бекем интернационал чарба катары республикага кеӊири таанымал болчу. Азыр андагы калк катмары ал кездегидей болбосо да, эл аралык байланыш сакталып, башка мамлекетке көчүп кеткен рот-фронттуктар өз мекенинен кол үзбөй, жардам берип турушат. Айрыкча бул айылдагы Д.Мамашова атындагы орто мектеп көптөн бери Германия менен тыгыз алакалаш мамиледе иштеп келет. Мектепти билим берүүнүн мыктысы, кесипкөй адис Зайырбек Бексултанов жетектейт. Педагогиканын ары татаал, ары түйшүктүү майданында 35 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Зайырбек Бексултанов жаш муундарга таалимдүү тарбия, тереӊ билим берүүдө иштерман жетекчи катары мектеп жамааты менен бирдикте “бир жеӊден кол, бир жакадан баш” чыгарып дегендей, улам жаӊы ыкмаларды биргелешип издешип, аларды натыйжалуу колдонууга басым жасайт. Ал мектеп директору болгон акыркы 20 жылдан бери өзүнүн уюштуруучулук сапаттарын жана билим деӊгээлин Германия, Россия, Армения, Болгария мамлекеттеринен үйрөнүп келген иш тажрыйбалары менен айкалыштырып, окутуу процессинде колдоно билгендиги менен башкалардан айырмаланат.

Ысык-Ата районундагы Рот-Фронт айылында жайгашкан Динара Мамашова атындагы орто мектеби жеке эле районго, облуска эмес, республикага да кеӊири белгилүү мектептердин бири. Жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо жана аларга тереӊ билим берүүдөгү ийгиликтер көбүнчө мектеп директору Зайырбек Бексултановдун  мугалимдерге жана окуучуларга катуу талап коё билгендигинин жана уюштуруучулук жөндөмүнүн натыйжасы. Мектепте тарбиялоо, тартип сактоо маселесине өзгөчө көӊүл бурулат, натыйжада жеке эле билим берүүдө эмес, спортто жана башка сынактарда да жыл сайын мыкты көрсөткүчтөр жаралууда. Аларды атай кетсек, Д.Мамашова атындагы орто мектеп 2010-2011-окуу жылында Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан “ Мыкты билим берүү мектеби” деген Ардак грамотасы  жана баасы 90 миӊ сомдук интерактивдүү такта менен сыйланган.

2011-2012-жылдагы жетишкендиктери үчүн Сын-Таш айылдык кеӊеш тарабынан “Мыкты мектеп” номинациясы боюнча жеӊүүчү болгон. 2012-жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында айылдык мектептер арасында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаты менен сыйланган. Сыйлыкты Билим берүү жана илим министри К.Садыков тапшырган.

Мектеп тарыхы 1926-жылдан башталат. Чүй өрөөнүнө келген алгачкы немецтер 1926-жылы башталгыч мектеп ачышкан. Демек бул мектеп да Кыргызстанда алгачкы мектептерден десек  болот. Окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлгөн 312 орундуу мектепте учурда 488 окуучу билим алууда. Мектепте эмгектенген 40 мугалимдин 10 мугалими “Билим берүүнүн мыктысы” наамынын ээси.

Тажрыйбалуу мугалимдердин катарына Н.Б.Бусурманова, Х.К.Байтерекова, Т.М.Казка, Х.Т.Онгаева, Р.Ж.Эсеноваларды атасак болот. Мындан тышкары, нускоочу адистер: педагогика илимдеринин кандидаты, 8-класстын окуучулары үчүн чыгарылган химия китебинин автору Б.С.Рысбаева, республикалык китепкана тармагынын библиографиясынын авторлош түзүүчүсү А.А.Райымбековалардын ысымдары райондон тышкары да кеӊири белгилүү.

Мектеп 1994-жылы Кыргыз Республикасы жана Германия мамлекетинин ортосунда түзүлгөн билим жана маданият боюнча кызматташтык келишиминин негизинде Германиянын бир нече университеттери, мектептери менен түздөн-түз байланышып иш жүргүзүп келет. Он тогуз жылдын ичинде Мюнхен, Гамбург Фрейбург, Гановер университеттеринин  студенттери беш айлык практика иштерин Д.Мамашова атындагы мектепте өтөшкөн.

Рот-Фронт айылындагы мектепте немец тилин багыттуу окутууга басым жасалгандыктан, окуучулар республикалык олимпиадаларда 18 жолу байгелүү орундарды ээлешкен. Буга мугалимдер Б.Х.Салиева, Т.Ж.Эмиловалардын салымдары чоӊ. Айрыкча ушул мектепте иштеп кетишкен Штефан, Чынара Мюнхоффтор немец тилин үйрөтүүдө опол тоодой эмгек өтөшкөндүгү маалым. Алар Рот-Фронт мектебинин жана Германиядагы мектеп окуучуларынын ортосунда достук мамиле түзүүүчүн бир нече жолу өз ара тажрыйба алмашууну ишке ашырышкан. Ошонун негизинде мектептин бир нече окуучулары Германиядагы университеттердин студенттери болуп калышкан. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн Россия, Турция, АКШ мамлекеттеринде  билимин уланткандары да бар.

Мектеп бир катар эл аралык ВОЗ, ЮНИСЕФ, ГИЦ долбоорлору менен алакалаш иш жүргүзүп келет. Алсак, ГИЦ программасы мектеп окуучуларын китеп, окуу куралдары менен камсыздоо, мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу багытында алгылыктуу иш-аракеттерди ишке ашырууда. 2012-жылы АРИСтин ретрофитинг программасынын алкагында 1 млн 300 сом акча каражатына мектептин чатыры жабылды. Ушул эле программа боюнча спорт залга тактай төшөлүп, мектептин от жагуучу, суу жүрүүчү түтүктөрүн оӊдоо иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары Түштүк кореялык “ЭФ, ЭЙ, ЭЧ” коомдук уюму балдарды китепке багыттоо иши боюнча компьютер, корей, англис тилдерин үйрөтүү, бий, таэкван-до, чач-тарач сыяктуу ийримдерди алып барат. Мектеп окуучуларын китеп окууга кызыктыруу үчүн 50 миӊ сомго сүрөттүү кызыктуу китептер сатылып алынган. Мындан тышкары социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына тамак-аш, кийим-кече, ун жана башка баалуу белектер таратылат.

Мектеп жамааты ынтымактуу, ар иште өздөрүнүн жакшы жактарын көрсөтүүгө аракеттенишерин байкоого болот. Мектеп жыл сайын райондук билим берүү башкармалыгы менен бирге усулдук ачык сабактардын семинарын өткөрөт. Өзгөчө орус тили мугалими Н.Б.Бусурманованын ачык сабактары жогорку баага татыктуу болуп, башка кесиптештеринин арасында дайыма зор кызыгууну жаратып келет. Жакында эле билим берүү башкармалыгынын адистери текшерүү учурунда мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарыхчы О.Ы.Момунов жетектеген методикалык кеӊештин документтери үлгүлүү деп табылып, райондук масштабда жайылтууга сунуш кылынды. “Жыл мугалими“ конкурсунун жеӊүүчүлөрү Н.Исакова, Н.Б.Абдраимова, Р.Абдылдаев, Н.Б.Бусурмановалар мыкты педагогдор катары белгилүү.

Мектептин окуу-тарбия иштеринин башчысы  Ж.Өмүралиев   райондо мыкты адис катары таанылган. Ал жетектеген ЮИДД   (жол кыймылынын жаш инспекторлору) командасы жыл сайын конкурста 1-орунду ээлеп келишет. Мектептин комузчулары, бийчилери “Сары Өзөн чолпондору” конкурсунун бир нече жолку лауреаттары.

Дене тарбия мугалими Ж.Сейитказиев жетектеген спорттук команда футбол, волейбол, баскетбол, жеӊил атлетика боюнча райондук, облустук мелдештерде алдыӊкы орунду ээлешип, мектепти эле эмес айылдаштарын да сыймыкка бөлөп келет. Алсак, футбол боюнча Сын-Таш айыл аймагы боюнча Рот-Фронт мектеби жети мектептин арасында биринчиликти ээлешти. Ал эми райондо апрель айында өткөрүлгөн мелдеште 6 команданын ичинен жарым финалда Канттагы спорт мектеби менен беттешип, байгелүү экинчи орунду ээлешти. Команданын капитаны Улан Токтогонов, мыкты оюнчулар А.Курманбеков, М.Ырысов, Жалил уулу Руслан, Н.Сейитказиев, дарбазачы Абазбек уулу Мурадилдер чындап эле айылдаштарынын сыймыгына айланышкан. Ошондой эле баскетбол боюнча да Сын-Таш айыл аймагындагы жети мектептин ичинен биринчиликти ээлешти. Баскетбол боюнча кыздар командасы да балдардан кем калышпай алдыда келатышат. Жеӊил атлетикадан да мыкты ийгиликтер жаралып, райондук мелдеште Эркин кызы Жаӊыл 400 м аралыкта биринчи келип жеӊишке ээ болду. Ал эми 9-класстын окуучусу  Нурбек Сейитказиев район, облус боюнча чуркоодо биринчиликти жеӊип, Кара-Балта шаарында өткөрүлгөн республикалык мелдеште 1500, 400 м аралыкта чуркап экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль менен сыйланып кайтты. Жаӊыл Сагынбаева болсо кыздар арасында 800 м аралыкта чуркоодо облуста экинчи келип ал да күмүш медалдын ээси болду. 11- класстын окуучулары – эгиздер Каниет жана Азирет Асанбековдор райондо 1- 2-орундарды  багындырышып, облустук мелдеште 3000 м чуркоодо Каниет биринчи, ал эми Азирет үчүнчү келишип, диплом, алтын жана коло медаль менен сыйланышты. Демөөрчү-массажист Абасбек Жолоев жаш спортчуларды жеӊишке шыктандырып мелдештер учурунда ден соолуктарына көзөмөл кылып турат.

Спорт жаатында мектептин мына ушундай мактанаарлык ийгиликтери арбын. Бул бир чети балдардын дени сак болушуна жетекчиликтин кам көрүүсү болсо, жетишкен жеӊиштер бир чети мектептин аброюн арттырып жаткандыгы анык.

Мектеп турмушун көз жаздымдан сырт таштабай, колдоп келатышкан демөөрчүлөр Ф.М.Малибалиева, А.А.Райымбекова, ишкер фермерлер: Замир Ашырбаев, Уран Кожомкулов, Салмоор Исаков. Ө.Курманалиев, жергиликтүү кеӊештин депутаттары Д.Молдокматова, Б.Таштанбеков, Д.Ашыралиев, Э.Токсонов, У.Өмүралиев, Б.Жолдошбеков, К.Дуйшалиев, К.Байгазиев, М.Кожомкулов ж.б. ар тараптан материалдык жардам көрсөтүп турушат.

Мектеп директору Зайырбек Бексултановду түйшөлткөн маселелер арбын. Алардын бири – бул мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө каражат өтө аз бөлүнүп жаткандыгы. Мындан башка да көп учурда каражаттын тартыштыгы кендирди кесип, мектептин чарбалык иштерине ойдогудай көӊүл бурулбай калат. Ушундай шарттарда мектепке кайдигер карабаган адамдарга кайрылууга аргасыз болушат. Мектеп администрациясын эле эмес, мугалимдерди, ата-энелерди түйшөлткөн дагы бир маселе – окуу китептеринин жетишсиздиги, басылып чыккан китептердин мазмуну, аткаруу иштеринин тапшырмалары системалаштырылбаганы. Эгемендүүлүккө ээ болгондугубузга 20 жылдан ашса да, орус класстары Россия мамлекети даярдаган китептер менен окутулуп жатканы, ошол аз сандагы китептер да өтө эскирип, таӊсыздыкты жаратып жаткандыгы тилекке каршы, окуу процессине кедергисин тийгизбей койбойт. Балдардын көркөм дүйнөсүн байытууга зор салым кошуучу мектептин китепканалык фонду адабий китептер менен көптөн бери толукталбагандыктан жана учур талабына ылайык китептер жок болгондуктан, балдарды китеп оку деп айтууга да ооз барбайт. Китеп таӊсыктыгы окуучуларга эле эмес, мугалимдер үчүн да көйгөй жаратат. Мугалимдер окуу куралдарынын, методикалык көрсөтмөлөрдүн аздыгынан, болсо дагы мугалимдин чөнтөгүнө чак келбегендиктен, максаттагыдай билим берүүдөн кыйналышаары жашыруун эмес. Ал эми жетекчини кубандырганы – мектеп жамааты айрым кыйынчылыктарга карабай, өзүнө коюлган милдеттерди ар дайым абийирдүү аткарып келгендиги. Мектептин мугалимдер жамааты кандай гана кыйынчылыктар болбосун, талыкпай изденүү жолунда болуу менен мамлекеттик талапты үзгүлтүксүз ишке ашырууда зор күч болушууда.   

Айнагүл Кашыбаева,“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*