УЛУУ БУРУЛУШ, УЛУУ ДЕМИЛГЕ

Кыргыз элинин тарыхында бийлик башында көбүнчөсү баарын өзү билген зөөкүрлөр, маӊкурттар ээлик кылып, акыркы жыйырма жыл ичи учурда «бейиш төрүнүн качкындарынан» болгон экс-президенттер А.Акаев менен К.Бакиев жараткан система – үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп турду. Албетте, булар да элдин белгилүү бир бөлүгү, элдин кеӊ пейилдигинен, айкөлдүгүнөн улам бийликке келип, акырында өз дайындарын таппай калышты.

Акаевдик жана бакиевдик бийликтин башкы жетишпегендиктери эмнеде? Ар кандай коом коомдук өндүрүштүн негизинде келип чыгат жана өнүгөт. Мамлекеттин эӊ бир ыйык милдети болуп бул өндүрүштү уюштуруу жана аны өнүктүрүү эсептелинет, мында ар бир жамаат эле эмес, ар бир адам зарыл коомдук-пайдалуу элемент катары аракетте болушу керек. Бул өнүгүүнүн адепки алиппеси, чындыгы жана жалпыга бирдей мыйзамы. Адам бул мыйзамды жүзөгө ашырып жатып, өз Мекенинин нукура атуулу катары чыгат. Коомдук өндүрүш канчалык туруктуу, жөнгө салынган болсо, коом, анын ар бир мүчөсү ошончолук жыргалчылыкка жетишет же тескерисинче. Муну мурдагы экс-президенттер жана алардын кемчонтой куйруктары түшүнө алышкан эмес, түшүнүүгө умтулуунун ордуна жеке өзүнүн баюусу, үй-бүлөлүк-туугандык байлыкты өндүрүү, топтоо менен алек болушту.

Коомдо бир дагы ашыкча нерсе болбошу керек. Акаев-Бакиев заманында ашыкча бийлик бутактары көп орун алган. Мисалы, президенттик администрация жана министрлер кабинети эмне менен алектенишкен. Президент менен премьер-министр бири-бирин кайталаган. Баарынын башкы дирижеру Акаев учурунда анын аялы, Бакиев учурунда эрке баласы Максим болгон, булар өлкөнүн президенттерин өздөрүнүн көлөкөсүнө, аргасыз элпек кулуна айландырышкан. Улуу кытай философу Конфуций императордун: «өлкөдө качан жыргалчылык болот?» – деген суроосуна «Качан үй-бүлөдө ата ата катары, эне эне катары, балдар балдар катары, ал эми өлкөдө президент президент катары, өкмөт өкмөт катары болгондо, жыргалчылык орнойт. Эгер орду жана ролу өзгөртүлсө, мына ошондо анык башаламандыкты, эч кандай макулдашпагандыкты күтө бер», – деп жооп берген. Ал эми президенттин премьер-министрлерин, скиперлерин мындай коёлу, жеке вице-премьерлери канча эле?.. Өздөрүнө кеӊешчилерди консультанттарды, референттерди штатка алып алышкан. Эмне менен алектенишкенин бир кудай өзү билет: алар дээрлик эч нерсе кылышчу эмес, бирок жогорулатылган эмгек акыны үзгүлтүксүз жана убагында алып турушкан.

Турмуш небак далилдегендей, илимий-техникалык прогресс жадесе илимий-техникалык революциянын шарттарында да эгер илим бир тарапка, билим берүү системасы экинчи бир тарапка, күндөгү иш практикасы башка бир үчүнчү тарапка тартып турса, бир дагы тепкичке жогору көтөрүлө албайт. Илим, билим берүү жана иш практикасы ашкере саясатташуунун ордуна жарнакташып чогуу аракеттенишкенде гана прогресс алдыга адымдайт. СССРде алар бири-биринен ажырым өнүгүшкөн: идеология, билим берүү жана философия кандай болушу керектигин саясат аныктаган. Советтик, акаевдик, анан бакиевдик иш практикасынын трагедиясынын өзөгү да дал мына ушунда камтылган. Эгемендүүлүктүн жыйырма жылы ичинде туруктуу идеологиябыз болбогондугунан, айрыкча акыркы беш жыл аралыгында философиябызда, идеологиябызда, саясатыбызда, маданиятыбызда кызыл кулактык, чайкоочулук орун алып келди. Бүгүнкү президентибиз Алмазбек Атамбаевдин башкы, негизги артыкчылыгы, баарыбызга маалым болгондой, Манас рухун көтөрүү менен кыргыз элинин келечекке карай үмүт отун жандырып, туура багыт алгандыгында. Кыргызда: «Манас бар – кыргыз бар, кыргыз бар – Манас бар!» деп айтылат эмеспи, 2012-жылдын 27-январында Президенттин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын – философемасын, философиясын окуп-үйрөнүүнү тереӊдетүү жана жарандыкты, атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө Кайрылуусу чыкты.

Америка улутунун атасы, даӊктуу уулдарынын бири Авраам Линкольн түндүктүн түштүктүн үстүнөн болгон өтө кыйынчылыкка турган жеӊишинен кийин согуштан чарчап-чаалыккан элдин алдына чыгып сүйлөшү керек эле. Анын Гитисбергдеги сөзү америка элинин үмүт отун жандырган жана аны прогресстин шыдыр жолуна багыт алдырган. Алыскы Америкадагыдай болуп бизде да түндүк жана түштүк көйгөйү бар. Бакиевдин өкүмзордук бийлигинин кандуу чеӊгелинен Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев сыяктуу көрүнүктүү эл баштаар инсандарыбызды 2010-жылдагы апрель революциясы сууруп чыкты. Азыркы жаӊы шайланган президентибиз Алмазбек Атамбаев ошондо эле өлкөнү бакиевдик зомбулуктун сазынан сууруп чыга турганын жарыя айткан. Эл ага ишенди жана кыргыздын Авраам Линкольну Атамбаевге келечекке болгон бардык үмүтүн артып отурушат. Мында биз Атамбаевди бекеринен Линкольнго катар коюп отурган жокпуз. Америка элинин атасы Авраам Линкольн, түрк элинин даӊазалуу уулу Кемал Ататүрк сыяктуу Алмазбек Атамбаевге да элине ак кызмат кылып, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырып, чындап эл атасы, улут атасы болуу мүмкүнчүлүгү берилип, минтип эми улуу курулуштарга да жол ачылып отурат. Алсак, «Кемин-Датка» жогорку чыӊалуудагы электр энергиясын берүү комплексинин курулушу, Кытайды Борбордук Азия менен түз байланыштыруучу темир жол курулушу, нефтини кайра иштетүүчү комбинатынын курулушу, Нарын дарыясын бойлой ГЭСтердин тармагын, мунун ичинде Камбар-Ата–1 ГЭСин жана да Сары-Жаз ГЭСин куруу иштери башталуу алдында турат. Эгер ушул ойлогондор ишке аша турган болсо, Борбордук Азия, бүткүл Азия чөлкөмүнө электр энергиясын ири өлчөмдө импорттоочу өлкөгө айланабыз. Боом капчыгайынын жолу бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, Ысык-Көлдү айланта евростандарттагы жол салуу менен бирге эле, Көлдү бойлой велотуризм жолун куруу өлкөбүзгө экотуризмди өнүктүрүү боюнча жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берер эле ж.б. Акырында айтарыбыз, эми бир аз чымырканып, үч эле жыл ар кимибиз өз ордуларыбызда ичип-жебей, уурдабай, маӊдай терибизди төгүп, ак эмгек өтөй алсак, элдин небактан берки күткөн үмүтү, кыял-тилеги ишке ашып, Борбордук Азиядагы эӊ бир үлгүлүү, эталон өлкөгө айланып калгыбыз да бардыр. Эмесе, келер күнгө ишеним артып, ал күндү жакындатууга биз да өз салымдарыбызды кошуу аракетинде бололу.

Таалайбек Иманкожоев,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун философия кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*