20 ЖЫЛ КЕЧИККЕН ЖОКПУЗБУ?

Билим берүүнүн өнүгүү жолун жаӊылоо боюнча коомдук талкууга карата пикир

Өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Кыргыз коомунда кандай гана өзгөрүүлөр, кандай гана алмашуулар болбоду. Бул мезгил адабиятчы, сынчы К. Асаналиевдин сөзү менен айтканда: “кыргыздын социалдык-коомдук жана маданий турмушунда “тоолор ордунан көчүп“, “дайралар нугун өзгөртүп”, чындык менен кызылдай калп, ак менен бүтүндөй кара аралашып, чаӊ тополоӊ түшүп жаткан учур”. (Асаналиев Кеӊешбек. ”Чыӊгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн”. Бишкек – 1995). Андан бери коомубуздун көп тармактарында өзгөрүүлөр, жаӊылашуулар болду жана болуп жатат. Ал эми билим берүү жаатында жылыш анчейин байкалбайт. Совет доорундагы орто мектептердеги сабактар, анын сааттары өзгөргөн деле жок.

Реформа деп эле чет мамлекеттерди туурай берген болбойт; экономикабыз, маданий жана башка абалыбыз туура келбейт; балдар бөлүнүп калат; окуу китептерин жазып, жаӊыртып, басып чыгаруу керек, ага каражат жок деген сыяктуу ойлор айтылып келди жана айтылып жатат. Ушинтип отуруп 20 жыл кечиккен жокпузбу?! Менимче, дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин билим берүү жаатындагы алдыӊкы тажрыйбаларын пайдаланып, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алып, советтик билим берүүнүн жакшы жактарын колдонуп, аларды айкалыштырып билим берүү тармагыбызды сөзсүз жаӊылоо керек. Себеби, билим берүү экономикабызга да, маданиятка да, башка бардык тармактарга чоӊ таасирин тийгизет, өзгөртөт, өнүктүрөт.

 Билим берүүнү жаӊылоо – өтө жай жүрө турган процесс, ага бир топ убакыт, мезгил керек… Биз бүтүндөй бир муунга жаӊыча багыт, жаӊыча билим-тарбия берип, ал муун коомду жаӊылап, коомду өзгөртүүсү керек. Аны келечек муундар баалап, айтар.

 Мугалимдердин айлыгы көбөйгөн эки жылдан бери. Биз, мугалимдер, көп саат менен, көп айлык алганга көнүп калдык. Эми сааттар кыскарып, капчыгыбыз бөксөрсө, туура кабыл алганыбыз оӊ. Жарытпаган айлык менен деле 20 жыл иштеп келбедикпи. Митинг, пикет, куру кыйкырык жана башка туура эмес иштерден алыс бололу. Жаӊылануубуз келечек, жаш муундар үчүн болсун!

Менин мугалимдик кесипти аркалап, алыскы айылдык мектепте эмгектенгениме он беш жыл болуп баратат. Балдар окубайт, эч нерсеге кызыкпайт, азыркы балдар башкача, тартиби жок деген сыяктуу сөздөрдү мугалимдерден да, ата-энелерден да, жалпы эле коомчулуктан көп угам. Жок, балада кымындай да күнөө жок. ”Жаман атты жакшы бакса, тулпар болот, кушту таптаса, шумкар болот”. Күнөө дал ушул билим берүүбүздө, өзүбүздө, бизде-чоӊдордо болуп жүрбөсүн?!

Баланын билимин баалообуз да туура эмес дейбиз. Кандай жол менен бааласак да “2”, ”3”, ”4”, ”5” деген бааларга барып такалабыз. Себеби, баланын билими, аракети ушундай баалоого туура эле келет. Кийинки сөздөрүмдө ушул баалоону жетекчиликке алмакчымын.

 Швейцариянын орто билим берүүсү көп баскычтан турат экен:

1. Даярдоо мектеби, 5-6 жаштан, 1-2 жылга созулат.

2. Башталгыч мектеп, 6-7 жаштан, 6 жылга созулат.

3. 7-8 класс.

6-класстан кийин жыл сайын экзамен аркылуу бала 3 багыттагы билим алууга укук алат:

1. Гимназия 7-12-класс, мында жогорку баага (“5”ке) ээ болгондор окуйт.

2. Экинчи мектеп 7-9-класс, мында анчейин жогорку эмес баага (“4”кө) ээ болгондор окуйт.

3. Кесиптик мектеп 7-9-класс, мында төмөнкү баага (“3”кө) ээ болгондор окуйт.

Гимназия жана экинчи мектептеги балдар жыл сайын экзамен аркылуу экинчи мектептен гимназияга, гимназиядан экинчи мектепке которулуп турат, экзаменди “канааттандырарлык эмес” баага тапшырса, ордунда калтырылат. Гимназияны бүтүргөндөрдүн гана ЖОЖго тапшырганга укугу бар. Экинчи мектепти бүтүргөндөр колледждерге окууга укук алат, колледжди бүтүргөндө, жумушка киришет, ЖОЖго окууга укугу жок. Кесиптик мектепти бүтүргөндөр чарбачылыкта, ар кандай жумуштарда эмгектенишет. Башталгыч класстан баштап, баланын жөндөмүнө жараша сабактар өтүлүп, багыт берилет. Мындай билим берүү системасы дүйнөнүн көп өнүккөн мамлекеттеринде колдонулат. (“Кутбилим” газетасы, 20. 07. 2012. №27 (10485) Баячорова. Б. ”Подготовка высокообразованных кадров – требование времени”).

Бул маалыматтардын негизинде мен орто билим берүүнүн төмөндөгүдөй баскычтарын сунуш кылар элем:

1. Даярдоо классы, 5-6 жаштан бир жыл.

2. Башталгыч класс, 1-4-класс, төрт жыл.

3. Ортоӊку класс, 5-6-класс, эки жыл.

4. Толук эмес орто билим: 7-8-9-класс, үч жыл.

5. Жалпы орто билим: 10-11-класс, эки жыл.

Башталгыч класста баланын жөндөмүнө жараша багыт берилсе. Ортоӊку класста (5-6-класста) баланын жөндөмдүүлүктөрүн аныктап, ар кандай кесиптер боюнча зарыл маалымат берилсе. Дүйнө таанымын кеӊейтүүгө басым жасалса.

6-класстан кийин балдар өздөрү эле “3”, ”4”, ”5”ке окугандары болуп бөлүнүп калат. 6-класстан кийин экзамен аркылуу 3 класска бөлсөк:

1. Гимназия 7-11-класс, “5” кеокугандар.

2. Жогорку кесиптик класс, 7-9-класс, “4”кө окугандар.

3. Кесиптик класс, 7-9-класс, “3кө” окугандар.                

 Башка жол-жоболор жогорудагы Швейцариянын системасындай эле болсо.

Менимче, ал жол-жоболор бизге туура эле келет. Сөзсүз өзгөчөлөнгөн алымча-кошумча кылуу деле керек эмес.

Балдарды 3 класска бөлүү башталгыч класстан кийин эртелик кылат, 9-класстан кийин кеч болуп калат. Бул – практикадагы менин байкоом. 6-класстан кийин “3”, ”4”, ”5”ке окугандар, аракет кылгандар өздөрү эле бөлүнүп калат. Ошондо бир класста 20дан кем эмес балдар менен бир мугалим 3 башка мамиле, 3 башка тапшырма, 3 башка метод, 3 башка убакыт менен сабак өтүүсү зарыл. Бул өтө татаал… Көпчүлүк учурда ”4”, ”5”ке окугандар аракет кылышып, “3”кө окугандар калып калат. Болбосо ”3”кө окугандар үн жок, сөз жок туруп кайра отурат. Алар менен иштөөгө убакыт жетишпейт. Алар сабакка келип, катышып, жазымыш болуп отурушкандыгы үчүн гана “3” деген бааны алышат. Эгер аларга убакытты көп бөлсөӊ, калган “4”, ”5”ке окугандар, сабактын башка бөлүктөрү калып калат. Баарына жетишкен мугалимдер өтө аз. Ошентип, сабак максатына толук жетип-жетпей аягына чыгып, билим сапаты төмөндөп жаткан жокпу? Жогорудагыдай 3 класска бөлүү сабактын максаттарынын ишке ашышына мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, билим сапатынын жакшырышына түрткү берет. Окуучулардын аракети, жоопкерчилиги күчөп, атаандашууну жаратат эле. Атаандаштык бар жерде өнүгүү, жакшы натыйжа болору жалпыбызга белгилүү.

Ал эми сааттардын кыскарышы ушуга ылайык ишке ашмак. Маселен, гимназия классындагылардын сабактары, анын сааттары көбүрөөк; жогорку кесиптик класстагылардын сабак-сааттары андан азыраак; кесиптик класстагылардын сабак-сааттары дагы азыраак…

Балким, “3”кө араӊ окуган, тентек балдардан мугалимдер, окумуштуулар, депутаттар, министрлер жана башкалар чыккан, чыгып жатат, чыгат дээрбиз. Алар чанда го… Чандаларды чыгарабыз деп, начарлар көбөйүп жатпайбы. Ойлонсоӊуз: мектепти эптеп “3” менен бүткөн бала кандай мугалим, кандай окумуштуу, кандай депутат, кандай министр ж.б. болот?! Билим сапатын төмөндөтүп; мугалимдин кадыр-барк, билимин түшүргөн; турмушту начарлаткандар – дал ошол мектепке жөн гана келип, кайра жөн гана кайткан “3”кө окугандар. Алардын баарына ”2” деген бааны коюп, ордуна калтыра албай жатпайбызбы. Анткени алар көп да… Андан көрө аларга көбүрөөк тарбия берип, жөнөкөй өнөр кесип үйрөтүп, турмушка көбүрөөк даярдасак кантет? Ошондо адам турмушу, коом оӊолот эле. Турмуш, коом адамдарды ойлонтот эле. Мектепте балага билим-тарбия берүүнүн, мектептин биринчи максат-милдети баланы турмушка даярдоо эмеспи. Ар кандай текшерүүлөр, токтомдор; ар кандай чечимдер, көрсөтмө буйруктар; ар кандай чаралар, жоболор; кооз-түрдүү жылдык, айлык, жумалык пландар, декадалар; таӊгак-таӊгак отчет кагаздар менен билим сапатын жогорулата албайбыз.

Кел, замандаш, кесиптеш, билим берүү жаатындагы жаӊыланууга кайдигер карап турбай үн кошолу! Ал үн жеке эмес. Жалпы коомдун, замандын үнү болсун! Келечек муундар үчүн акыйкат үн болсун!

 Талантбек Орозобеков,  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын  Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана  адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*