ДАМИРА НИЯЗБЕКОВА, ТАЛАНТТУУ ЭТНО ЫРЧЫ: «ЫРДАП ЖАТСАМ АМЕРИКАДА ЖАШАГАН КЫРГЫЗ ЭЖЕЛЕР КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛДЫ»

Таластын Көк-Кашат айылынан чыккан Дамира Ниязбекова деген ырчы бар. Ырдаса шумдук ырдайт. Мыскал кайрылып келгендей болосуӊ. Үнүнүн тембри, аткаруучулук чеберчилиги укмуш. Көп жыл айтылуу «Ордо Сахна» тобуна кошулуп, Америка, Түркия демекчи, далай өлкөнү кыдырды. Учурда таланты ташкындап, чыгармачылыгы оргуштап турган чагы. Нооруз майрамынын эртеси талант ээсин кепке тарттым.

– Дамира, элдик өнөрдү аркалап, минтип ырчы болуп калышыӊа кимдер түрткү болду?

– Эӊ биринчиден, албетте, ата-энем. Атам – Ниязбеков Үсөнбек, апам – Ниязбекова Суусар, экөө теӊ ыр жандуу адамдар эле. Биздин үй-бүлөнү «Ниязбековдордун үй-бүлөлүк ансамбли» дешип, таластыктардын көбү билишет. Баарыбыз: агам – Аскар, иним – Алмаз, эжем – Айым ушул үй-бүлөлүк ансамблде торолдук. Агам кайтыш болуп калды, бирок анын ысымын өнөр адамдары ушу күнгө чейин айтып жүрүшөт. Алмаз болсо азыр да маданият тармагында иштеп жүрөт. Жолукканда атамдын:

Биздин айыл Көк-Кашат,

Музыкадан сырдашат.

Кары-жашы теӊ бирге,

Атай ырын ырдашат,– деген саптарын чогуу ырдайбыз.

– Баса, атактуу ырчы Атай Огомбаев ушул Көк-Кашаттан болот да?! «Аккан арыктан  суу  агат» деген ушу!

–  Ооба,   Атай Огомбаев  биздин  ай-ылдан. Ошондонбу, айтор айылыбызда өнөрлүү адамдар өтө көп. Апамды эле алалы. Раматылык колу бардык нерсеге шыктуу адам болчу. Анын боз үйлөрү көптөгөн көргөзмөлөргө коюлду. Москвага, ВДНХга чейин барды. Элдик көркөм өнөрдүн нагыз устаты, чебер ууз болчу. Ооз комузду созолонтчу.

–  Комузду  апаӊдан үйрөндүӊбү?

–  Үйүбүздөн  эжем  биринчи  болуп комуз чертти. Себеби ал Шекербек Шеркуловдун кызы менен кошо жүрүп, кошо чоӊойду. Анан мен да 5-6-класстарда колума комуз алып, эжемден үйрөнгөнүмдү чертип жүрдүм. Бирок, класстар аралык жарыштарда ырдаганым менен ырчы болуу деген оюмда жок болчу.

– Ким болсом дечү элеӊ?

– Журналист болом дечүмүн. Ушул кесип мага өзгөчө жакчу. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет» дегендей, минтип ырчы болуп калдым.

Өкүнбөйсүӊбү?

– Эми кайдан?  (Күлүп) Арадан бир топ убакыт өттү. Бир жагы, биздин кесип деле сиздердикине окшош. Сиздер адамдардын ички ойлорун алып чыксаӊыздар, биз алардын көӊүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулайбыз.

-Мунуӊа мен да кошулам. Чынында, адамдар менен иштегендин кызыктуу да, жооптуу да жагы бар. Сахнага кантип аралашып калдыӊ?

– Журфакка өтпөй калган соӊ, камволдук-нооту комбинатына ишке орноштум. Иштеп жүрүп Бакыт Ташиев жетектеген өздүк-көркөм чыгармачылык тобуна аралаштым. Анан көп өтпөй Каныкей Эралиева байкап, тагдырым таптакыр башка нукка түштү. Эже мен тууралуу Тууганбай Абдиевге айткан экен, филармонияга чакыруу келди. Барсам көркөм кеӊеште Самара Токтакунова, Нуржамал Таабалдиева, Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов өӊдүү көркөм өнөрдүн дөө-шаалары олтурушуптур. Колумдан комузум түшүп кетчүдөй болуп турду. Ошентип, филармониянын алдындагы эки жылдык студияга кабыл алындым.

– Кимдин классында билим алдыӊ?

–  Улукмырза  Полотовдун.  Залкар ырчы мага ырчылык өнөрдүн көп сырларын үйрөттү. А кишиге ушу күнгө чейин ыраазымын. Окууну бүтөрүм менен дагы бир улуу инсан Нурак Абдрахманов келип «Тембриӊ элдик ырларга жакын окшойт, «Камбарканга» кошул», – деди. Дароо макул болдум.

–  «Камбаркан»  нукура өнөрпоздордун ордосу да, жакшы болгон экен…

– Ошол тушта Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашева, Нурак Абдрахмановдор иштечү. Жетекчибиз дирижер Эсенгул Ибраев болчу. Мен бул чыгармачыл топто 1992-жылдан 1996-жылга чейин иштедим. Бул арада кыздуу болуп, үйдө олтурдум.

– Айтылуу «Ордо Сахнага» качан кошулдуӊ?

– 1998-жылы «Ордо Сахна» этногра-фиялык тобу уюшулуп, ошого иштеп кеттим. Азыр ойлосом, он үч жыл иштептирмин. «Ордо Сахна» мен үчүн чыгармачылык өсүп-өнүгүү мектеби болду. Бул жерде такшалдым, курчудум.

– Чет жердин далайын кыдырдыӊ да?

– Америкада төрт, Түркияда алты, Японияда эки, Кытай менен Германияда бир жолу болдум. Россиянын чоӊ-чоӊ шаарларында, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө концерт койдук.

– Кандай кабыл алышты?

– Чет жердин баарында элдик ыр-күүнү ушундай бир кызыгуу менен кабыл алышат. Кийген кийимибизден тартып, улуттук аспаптарыбызга чейин кармалап көрүшөт. Бирок алар биздин угармандардай түшүнө алышпайт.

– Эмне үчүн?

– Анткени элдик ыр-күү адамдын ка-нында болот деп ойлойм. Канында жок нерсеге адам түшүнбөйт. Япондордун барабан ойногонуна биз таӊыркашыбыз мүмкүн, а бирок андагы айтылып жаткан ойду япондор гана билбесе, башканын акылы жетпейт. Биздин чопо-чоор, комуздун коштоосундагы ыр-күүлөр да ошондой. Аларды түшүнүш үчүн эӊ оболу кыргыз болуп жаралыш керек.

– Чет жердеги кыргыздардын мамилеси кандай болду?

–  Америкадагы  концерттерибизге ошол жакка турмушка чыккан кыргыз эжелер көп келишти. Америкалык жезделерге биздин баш кийимдерди көрсөтүшүп: «Карачы биздин калпакты, элечекти! Кандай кооз жана жарашыктуу!», – дешип мактанышат. Алар антип жатса, күндө кийген кийимдерибиз бизге да өзгөчө кооз, өзгөчө барктуу көрүнөт.

– Ошондогу кызыктуу окуялардан бирди айтып бербейсиӊби?

– Бир жолу Сан-Франциского чукул жайгашкан Сакраменто шаарчасында концерт койдук. Адаттагыдай эле кыр-гыздар арбын келишти. Мен «Өмүр» деген ырды аткарып жаткам. Колумда күйүп турган шам бар болчу. Америкада жашаган кыргыз эжелер өз жерине куса болуп, көзүнө жаш алды. Аларды көрүп мен да жашыдым… Концерттен кийин кадимкидей дасторкон жайып, бизди коноктошту.

– Америкалыктардан биздин элдик ыр-күүгө кызыккандар болдубу?

– Алардын арасынан ар бир шаарга ээрчип уккандар да болду. Көпчүлүгү биздин аткаруубуздагы дисктерди сатып алышты. Америкалыктардын «Мустанг» аттуу чыгармасын аткарып берсек, абдан таӊ калышты.

– «Ордо Сахнадагы» чыгармачылык жетишкендиктериӊ үчүн кимдерге милдеттүүсүӊ?

– Албетте, эӊ биринчиден, кыргыз элиме милдеттүүмүн. Анткени элибизде Атай, Муса, Мыскал сыяктуу таланттар болбосо, мен эл алдына эмнени ырдап чыкмак элем? Экинчиден, мен «Ордо Сахна» этнографиялык тобунун башкы продюсери Шамил Жапаровго, продюсери Чолпон Жапаровага, музыкалык жетекчибиз Нурлан Нышановго ыраазычылык билдирем. Мен алардын көмөгү аркылуу көптөгөн ырлардын жүзүн ачтым. Биздин аткаруубуздагы ыр-күүлөр өзүнчө үч диск болуп чыкты. Эмгегим текке кетпеди деп ойлойм.

Маектешкен А. АЛИБЕКОВ,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*