МУГАЛИМДИН СЫЙМЫГЫ – ОКУУЧУЛАРЫ

Мугалимдик кесип – бул татаал, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү кесип. Мен муну тээ окуучулук бала күнүмдөн тартып абдан жакшы сезип-туйгам. Студенттик кезимде “үйрөткүм келет, балдар менен иштегим келет” деп тынымсыз ойлонгонум менен өзүм мунун чыныгы маанисин түшүнө берчү эмесмин. Энеси  балдарына  үй тиричилик-жумуштарын  тараткандай  эле, Кудай да ар бир адамга  өзүнүн  түйшүктүү түйүнчөгүн берет экен. Бирок ошол түйүнчөктү чечүү үчүн убакыт жана эффективдүү ыкма колдонуу керек тура.

Бир себептердин аркасы менен мен билим берүү тармагында иштеп калдым. Ошондо бул окутуучулук кесип меники экенин билдим. Окуучуларга өзүм билгенди үйрөтүүдөн рахат алдым. Сарптаган эмгегимдин натыйжасын көрө баштаганда сезимим ого бетер күчөдү. Бирок ошол менен эле бирге анын чоӊ жоопкерчилиги сезилди. Менин колумда инсандын келечеги. Алар кайсы кесиптин ээси болот? Кандай адамдык сапаттарга ээ болот? Ушул жүрөк өйүгөн маселелердин чечилүүсүндө мугалимдин таасири зор. Андыктан мен “мугалим” атымды бийик, татыктуу деӊгээлде көтөрүп жүрүүм эӊ алгачкы артык-чылыктарымдан болуусу зарыл.

Мугалим болуш үчүн өтө сезимдүү, тамырчы, акыл-ман, чыгармачыл, кеӊири ойлонгон адам болуш парз. Мугалим окуучуга үлгү, багыттоочу, жардамчы, ата, эне, дос, үйрөтүүчү, колдоочу болуш керек. Билим жана тар-бия берүү бул мугалимдин эӊ негизги эки функциясы болуп эсептелинет. Берген билим-тарбиясы таасирдүү болуш үчүн, эӊ биринчиден, балдарга сүйүү болушу зарыл. Балдардын ишенимине кирип, алар менен бир тилде сүйлөшүү пайдалуу натыйжаларды алып келет. Таасирдүүлүк бул чыгармачылык менен тыгыз байла-ныш. Берген материалым эффективдүү натыйжа бериши үчүн, ал көркөмдүү, кылдаттык менен ойлонуштурулган, жеткиликтүү көрсөтүлгөн болушу абзел. Мунун аркасында зор эмгек жатат. Бүгүнкү кылган аракетим ар бир күнгө өз салымын кошуп, бышык кыштан курулган имараттай, келечекте бекем фундаменттүү, сапаттуу билим курулсун.

Мугалим катары балдарга билим алуунун сырларын ачып, жашоонун миӊ кырдуу кубулуштарында туруш-тук берүүсүндө, адамдык асыл сапаттарга ээ болуп, өз жеринин патриоту болушуна, ар тараптуу өнүгүшүнө, алардын ички дүйнөсүндө себилген үрөндөрдү өстүрүп чыгаруу, келечекте мыкты инсан болуусуна өбөлгө түзүп тарбиялоо – менин максатым. Бергеним натыйжалуу же-миш бергидей болуш үчүн, мен тынымсыз ар тараптуу өнүгүп турушум керек. Анткени окуучу – бул мугалимдин жүзү. Өзүм тынымсыз эмгектенгендей, окуучуларга да эмгектенүүнү үйрөтүп, адатка айландырышым керек. Эмгек аркылуу ийгиликке жетүү – бул адамдын инсан болуп түзүлүшүндөгү эӊ негизги шарт.

Мугалим менен баланын ортосунда ажырым болбошу керек. Алар бирдей деӊгээлде мамиле түзгөнү туура. Бала өз оюн ачык айтып, өзүндө катылган талантты, келечегине керек сапаттарды көрүш үчүн, аны менен өнөктөш бойдон калуусу кажет. Келечектин инсанын, татыктуу кадрын тарбиялоо үчүн диалог, диспут, командада иштөө ыкмаларын колдонуу зарыл. Балдарды жакшы окуган, жаман окуган деп бөлбөй, индивидуалдык ыкманы колдонуу талап кылынат. Балдар көбүнчө оюн-сабак, интерактивдүү ыкма, бир ситуация түзүү ыкмасы, инновациялык сабактар аркылуу көп маалыматты кабыл алышса, ал билими бекем болот.

Ар бир учурдун өзүнүн заманбап техника каражаттары колдонулушу керек. Азыр компьютер, маалымат, интернет заманы. Сабактарда жаӊы технологияны колдонуу дачоӊ таасир берет. Лингофондук, видео-компьютердик кабинеттер мугалимдин үйрөтүү, окуучунун үйрөнүү ишин кыйла жеӊилдетет.Бирок ушулар менен эле бирге, тилекке каршы, ар нерсенин проблемасы да болбой койбойт. Ошого карабастан биз, мугалимдер, балдарга жан дүйнөбүз менен берилип, таалим-тарбия берүүгө ашыгабыз.

Аягында айтаарым “билимсиз адам мөмөсүз дарак” сымал эч кимге пайда бере албайт, экинчиден, билимин өркүндөтпөгөн адам акырындан куурап, соолуйт, келечектүү боло албайт. Ошону үчүн “Мугалим мөмөлүү дарак” деп бекеринен айтылбаган. Адам билим үйрөнүү менен гана жогорку мартабага жете алат. Даанышман Сократтын: “Өнөрдөн мыкты, билимден улук эч нерсе жок” деген накыл кеби, алга карай билимге, илимге умтулуунун бийик үлгүсү.

Гүлмира СУЛАЙМАНОВА,

М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун алдындагы лицейдин англис тили мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*