АЙНУРА ТОКТОШЕВА: “БҮГҮНКҮ КҮН МЕНЕН ЖАША, КЕЧЭЭКИНИ УНУТПА, ЭРТЕӉКИНИ ОЙЛО”

Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектебинин география мугалими Алиева Нургүл окуучуларга кесиптик туура багыт берүү максатында ар кандай кесиптеги алдыӊкы инсандар менен жолугушууларды уюштурууну колго алган. Жаӊы жылдын алдында болгон биринчи жолугушуу ушул мектептин алдыӊкы бүтүрүүчүсү, азыр КР Жогорку Сотунун маалымат катчысы Айнура Токтошева менен болду. Айнура 1992-жылы кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча шаардык, областтык, республикалык олимпиаданын жеӊүүчүсү болгон, мектепти артыкчылык аттестаты, күмүш медаль менен аяктаган. Азыркы күндө журналист, менеджер, пиар-технолог, маркетолог катары кыргыз коомуна таанымал болуп калган эжекеси менен баарлашуу тогузунчу класстын окуучуларына абдан жакшы таасирлерди калтырды.

Н Нургүл АЛИЕВА: Максатсыз жашоо –    маанисиз жашоо

 “Катардагы Мугалим – айтып берет, Жакшы  Мугалим – түшүндүрөт. Алдынкы Мугалим –  көрсөтүп берет, Улуу Мугалим –    шыктандырат“, – деген Уильям Артур Уорттун  айтканын өзүмө үлгү кылып, “Кесипке багыт –  максатка умтулуу” де-ген долбоор менен иштеп жатам. Долбоордун максаты: окуучуларга кесиптик багыт берүү, жаӊы пайда болгон “пиар”, “менеджер”, “маркетолог”, дизайнер”деген сыяктуу ж.б. кесиптерди түшүндүрүү, ар кыл кесиптин түйшүгү менен ырахатын ачып берүү. Жашоодо кыйынчылыкка туруштук берүү менен максатка жетсе болот деген ишенимге тарбиялоо.

 

Балдардын баео суроосуна – такшалган турмуштук жооптор

IMG_0251

Асанбек: Эгерде сиз элдик лотереяда ойнотулуп жаткан 30 миллион сомду утуп алсаӊыз эмне кылат элеӊиз?

А.Токтошева: 30 миллион утуп алсам… Албетте, балдар үйүнө кайрымдуулук кылып, жардам бермекмин. Андан сырткары, албетте, өзүмдүн мектебим менен  пландап,  бир  жакшы  иш-чара өткөзмөкпүз.

Нурайым: Түркияда  кыздардын  укуктарынын тебелеп, зордук зомбулук көргөзгөн адамды президенттин же депутаттын баласы болсо да, аны эч нерсесине карабай туруп соттоп салышат экен. Ал эми Кыргызстанда ошол мыйзам качан өз күчүнө кирет?

А.Токтошева: Азыркы  учурда өлкөбүздө сот тармагында чоӊ реформа жүрүп жатат. Ошол реформанын негизги максаты – элдин ишенимин актоо. Бул жерде бир үй-бүлөнүн же президенттин, же болбосо өкмөттүн мүчөлөрүнүн балдарыбы, башкаларбы, ким болбосун мыйзам баардыгына бирдей болуш керек.

Адилет: Жогорку окуу жайына коррупциялык жол менен өтүп жаткан учурлар болуп жатпайбы. Сиз окууга кантип өттүӊүз эле?

А. Токтошева: Мен жакшы окудум, карапайым эле үй-бүлөнүн кызымын. Окууга өзүмдүн күчүм менен эле өттүм. Бир сом да берген эмесмин. Ал эми жумушка келгенде деле, конкурсттарга катышып, сынактан өтүп келем. Мени чоӊ айлык төлөп беребиз деп кызыктырып кызмат сунуштаган учурлар көп эле болду. Бирок бир да жолу акча берипишке кирип көргөн эмесмин. Силер да бербегиле, өзүӊөрдүн акылыӊарга жана билимиӊерге таянып иш кылгыла дейт элем.

Улан:Сиздин оюӊузча адам баласы ойлоп чыгарган үч эӊ маанилүү жетишкендик эмне?

А. Токтошева:Адамзат көп эле нерселерди ойлоп чыгарды. Мен эми айым катары эӊ биринчи “ак келин” жөнүндө айтайын. Баарыӊардын үйүӊөрдө бар болуш керек ээ? “Ак келин” деген эмне кылат? Кир жууйт, туура. Мен дайыма кир жууган сайын “Ак келинди” ойлоп тапкан адамга рахмат айтам. Анткени, мен кичине кезимде, “Киргизия” деген машина бар, балким көрүп калсаӊар керек, ошого жуучубуз. Дем алыш күндөр кечке кир жууганга кетчү. Азыр болсо жыргал да, баарын автоматка салып коёбуз. Мындан сырткары, жол кыскарткан машинаны, самолётту, компьютерди адамзат турмушундагы эӊ маанилүү жетишкендиктер дейт элем.

Сайкал: Сиз эмнеден коркосуз?

А.Токтошева:Рахмат Сайкал, аябай ойлонткон суроо экен. Чындыгында турмушта ар кандай кырдаал болот. Мисалы, мектепте окуп жүргөндө экзамен берээрдин астында аябай коркчубуз. Силер дагы коркосуӊарбы? Мен да ошо экзаменден коркчумун. Кызматка кирерде дагы конкурстан өтөмбү-өтпөймбү деп коркчумун. Ар бир учурдун өзүнө жараша коркуу сезими болсо керек.

Наргиза: Сиз элестетсеӊиз, эки адам сууга чөгүп бара жатат. Бирөө сизди жакшы көргөн, бирөө сиз жакшы көргөн адам. Сиз кимисин биринчи куткарат элеӊиз?

А. Токтошева: Ойлонткон суроо экен. Эгер катар-катары менен болсо, балким, мен жакшы көргөн адамды биринчи, андан кийин мени жакшы көргөн адамды сууруп чыгармакмын.

Тыныстан:Сиз кайгырганды, капаланганды кантип жеӊесиз?

А.Токтошева:Эми кайгынын ар кандай түрлөрү бар эмеспи, катуу кайгыны бербей эле койсун Алла Таалам. Бирок жашоодо ар кандай болот экен. Кайгырганда жакындарым, балдарым, үй-бүлөм менен болом. Андан тышкары китеп окуйм. Кандайдыр бир жаман сезим болгондо китеп окусаӊар аябай алаксыйсыӊар. “Акылмандардын акыл насааты” деген китептер бар. Китеп акыл айтат. Силерге дагы китеп окугула деп кеӊеш берем, балдар.

Адинай:Сиздин жашоодогу урааныӊыз кандай?

А. Токтошева: Бүгүнкү күн менен жашаш керек, бирок кечээкиӊди унутпа, анан эртеӊки күнүӊдү ойлой жүр!.

Жыргал:Сиз өзүӊүздүн идеал туткан адамыӊызды айтып бересизби?

А. Токтошева: Мен идеал туткан адам жок, анткен себеби идеалдуу, төгөрөгү төп келген адам болбойт. Ар бир адамды эгер жакшылап карап көрсөк, анын сөзсүз сага жакпаган кемчилиги болуп калышы мүмкүн.

Жуман: Сиздин ишиӊизде эӊ кыйын учурлар кайсы?

А. Токтошева: Кандай гана кесипте болбосун өзүнүн кыйын жактары болот. Өзгөчө сот системасында. Мисалы, соттолгон адамдын аркасында жүздөгөн жакындары бар. Сот күнөөсүн теришитирип аныктап, чечим чыгарат – өкүм деп коёт. Ошо өкүм чыкканда күнөөлүү адам эркинен ажыратылып абакка кесилиши мүмкүн. Мындай иштер коомчулукту өтө кызыктырат. Коррупцияга малын-ган чоӊ кызматтагы адамдардын иштери каралып жатканда мага журналисттерге көп маалымат беришке туура келет. Дал ошол учурда мен үчүн эӊ оор жагы – бул соттун өкүмүн угузуу. Анткени соттун өкүмүн угузуу, китептерден деле окусаӊар керек, согуш учурунда кара кагазды угузгандай эле аябай оор. Анткен себеби, коомчулук үчүн балким ал күнөөлүү, балким кылмышкер, бирок ал өзүнүн апасы-атасы же жакында-ры үчүн ал жакшы эле адам бойдон калат.

Ошондуктан менин ишимде соттун өкүмүн угузганда өтө кылдаттык менен, бир дагы ашыкча сөз айтпастан, ошол соттолгон адамдын дагы укугу бузулуп калбагыдай, анын жакындарына оор тийбегендей кылып, өтө дипломатиялык, юридикалык, анан негизгиси жеткиликтүү тил менен айтып берүү абдан маанилүү.

Айдай:Ч.Айтматов бул дүйнөдөн кайтканда Сиз кандай абалда калдыӊыз эле?

А. Токтошева:Чынында Ч.Айтматов бир кылымда бир жарала турган улуу инсан эмеспи. Ч.Айтматов 2008-жылы июнь айында кайтыш болду. Бир чоӊ тообуз кулагандай оор сезим болду. Бул жалпы кыргыз эли үчүн аябай оор жоготуу болду. Бирок улуу жазуучубуз өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашай берет. Биздин бал-дарыбыз дагы, урпактарыбыз дагы анын чыгармасы менен ар дайым жашай берет.

Алия: Кичинекей  чагыӊыздагы максатыӊызга жете алдыӊызбы?

А. Токтошева: Кичинекей чагымда аябай көп кыялданчумун. Кыялкеч кыз болчумун. Ошол кыялдарымдын баарын Алла Таалам акырындап орундатып келе жатат. Тынбай умтула берсен, ак эмгек эч качан жерде калбайт экен.

IMG_0136
№4 гимназия мектебинин директору Бурулуш Акулуевага белектерди тапшыруу учуру.

     Ак тилектен берилген белектер

Айнура Токтошева өзү окуган мектепке кур  келбептир. Эӊ оболу мектептеги үч томолой  жетим балага акыркы үлгүдөгү “Самсунг  Галакси 4” үлгүсүндөгү уюк телефонду  тартуулады. Окуучуларга ар кандай  китептерди белек кылып тапшырды. Анын  арасында биринчи класстын алиппесинен тартып, кыргыз тили, география окуу китептери, манасчы Саякбай Каралаевдин жыйнагы, футбол ойноонун сырлары жөнүндө жана Садыр аке тууралуу жаӊы жарык көргөн китептер бар.

География мугалими Алиева Нүргүлгө 6-класстын география китептерин, глобус жана дүйнөлүк картаны белек кылды.

Мектеп администрациясы да өз кезегинде ыраазылык билдирип, Айнура Токтошевага “Идеалдуу бүтүрүүчү” ардактуу наамын ыйгарды.

Айнура ТОКТОШЕВА: Биздин акыл-кеӊеш балдарга жукса деп тилейбиз

Балдардын  кубанычында  чек  жок болду. Таӊ калганым, кеткилери келбей, чарчабай үч саат отурушту. Белек алган балдардын кубанычын көрүп мен өзүм да катуу кубандым. Ушул балдардын баары болбосо да бир тобу биздин акылкеӊешибизди укса, анда Нургүл Алиева экөөбүздүн максатыбыз орундалды дейт элем.

К. АСАНГАЗЫ, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*