“ЖАШТЫК” БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

Массалык спорт жана ден соолукту чыӊдоо боюнча республикалык “Жаштык” борбору элүү жылга жакын убактан бери жаштардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыӊдап, спорт менен машыктырып келет. Борбор балдарды спортко машыктыруу менен гана чектелбестен, студенттердин, окуучулардын жана мугалимдердин арасында мелдештерди жана спорт боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп, спортту сүйгөн жаштардын сүймөнчүгүнө айланган.

“Жаштык” борборунда спорттун беш түрү – сууда сүзүү, көркөм гимнастика, спорттук акробатика, футбол, ушу, күрөштүн түрлөрү боюнча машыгуулар жүргүзүлүп, жаштар жана өспүрүмдөр ден соолугун чыӊдашат. Көркөм гимнастикага жана спорттук акробатикага беш жаштан баштап балдар, кыздар  кабыл  алынат.  Сууда сүзүүнүн беш түрү боюнча машыгуу ачык бассейнде жүргүзүлүп, ага тогуз жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр катышат. Сууда сүзүү боюнча беш, көркөм гимнастикадан төрт, спорттук акробатикадан беш, футбол боюнча алты машыктыруучу бар.

– Бизде жылына миӊге жакын жаштар жана өспүрүмдөр спорт менен машыгат. Борбор балага тарбия-таалим берүү жагынан дагы чоӊ функцияны аткарат. Себеби спортко  кызыккан,  спорт  менен машыккан бала жаман илдеттер-ден алыс болот, – дейт борбордун директору Абдылдаев Эркинбек.

Мекеменин жүзү – жетекчинин ишмердиги

1-2

Абдылдаев Эркинбектин бул борборду жетектеп жатканына беш жылга жакын убакыт болду. Ал жаӊы директор болуп келери менен ишин борборду оӊдоп-түздөөдөн  баштаган.  Себеби 1967-жылы  курулган  борбор акыркы 20 жылдан бери такыр каралбай,  өтө  начар  абалга кептелип, чатырынан аккан суу жер төлөсүнө чейин жетип, андан чыккан жыт мурунду жарып, эч кандай шарты жок иштеп турган. Ал дароо эле көркөм гимнастика жана спорттук акробатиканын залын ремонттотуп, жылуулук системасын  оӊдоткон.  Андан кийин сууда сүзүү үчүн балдардын чечинүүчү жайын, дааратканасыноӊдоп, имараттын чатырын бүтүндөй ачтырып кайра жаптырган. Бир жылда дагы эки залды, бир катар бөлмөлөрдү, медициналык кабинетти оӊдоп, кызматкерлерге  дагы,  машыгууга  келген  жаштарга  дагы жогорку  шарт  түзүп  берген.

2013-2014-жылдары болсо борбордун  кире  беришин  толугу менен  ремонттоп,  заманбап жасалгалап, метод кабинет менен тренерлердин кабинеттерин, акробатика залынын чечинүүчү жайын жасаткан.

2006-жылы  борбордун жеке  жактарга  сатылып  кет-кен футболдук аянтчасы дагы Эркинбек Абдылдаевдин күчү менен бир канча соттошуулардын  натыйжасында  кайрадан кайтарылып алынып, ал жерге демөөрчүлөрдүн жардамы менен үч чакан футболдук аянтча курулуп пайдаланууга берилди. Ушул жылдан баштап калган жерине дагы чоӊ футболдук аянтча куруу пландаштырылууда.

Студенттер багындырган спорттук ийгиликтер

1-5

Бишкек шаарында өтүп жаткан  жогорку  окуу  жайлардын “Универсиада – 2015” мелдешинде жогорку лигада 69 упай менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы алдыда келе жатса, биринчи лигада 108 упай топтоп Ош техникалык университети, экинчи лигада 270 упай топтоп Ысык-Көл мамлекеттик университети биринчиликти бербей келе жатат.

Спорттук мелдешти өткөрүп жаткан Массалык спорт жана ден соолукту чыӊдоо боюнча республикалык “Жаштык” борборунун 8-апрелдеги маалыматына таян-сак, жогорку лига боюнча 2-орунда Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, 3-орунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы келе жатат. Биринчи лигада Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 102 упай менен 2-орунда болсо, 78 упай топтогон Бишкек гуманитардык университети 3-орунда. Бул лигада дзюдо (балдар, кыздар), ордо, сууда сүзүү, жеӊил атлетика боюнча мелдеш бүткөндөн кийин   командалык  орундар дагы такталат. Экинчи лигада Ош гуманитардык педагогикалык институту 2-орунда келе жатса, Жалал-Абад мамлекеттик университети 3-орунга чыкты. Бул лигада  дагы  жеӊил  атлетика боюнча мелдеш өткөндөн кий-ин командалык орундар дагы такталат.

Универсиада  жылдагыдай эле спорттун 17 түрү боюнча өтүп,  жалпы  36  окуу  жайдын командалары күч сынашууда. Командалар жогорку, биринчи жана экинчи лигаларга бөлүнгөн. Жогорку жана биринчи лигада сегиз, экинчи лигада 20 окуу жай күч сынашууда. Жалпы командалык эсепте 1-3-орунду алган жогорку лигадагы команда кубок, диплом жана 40, 35, 30 миӊ сом менен сыйланышса, 1-2-лигадагы 1-орунду ээлеген командалар дагы кубок, дипломдор жана 23, 20 миӊ сом менен сыйланышат.

Мыкты спортчуларды даярдаган машыктыруучулар, кафедра башчылары, спортклубдардын төрагалары дагы атайын медаль жана Ардак грамоталар менен сыйлоо  дагы  каралган.  Универсиаданын жабылыш аземи 21-апрелде өтөт.

Жаштар үчүн көрүлгөн камкордук

“Жаштык”  борборунун  эӊ башкы максаттарынын бири массалык-спорттук иш-чараларды өткөрүү,  жаштардын  ден  соолугун чыӊдоо, спорт аркылуу достукту, ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Жыйырма жылдан бери студенттердин универсиадасын ушул борбор жогорку деӊгээлде өткөрүп келет. Мурун универсиада окуу жайлардын шартына,  санына,  базасына  жараша  жогорку,  биринчи жана  экинчи  лигага  бөлүнүп өткөрүлчү. 2014-жылдагы универсиаданын жыйынтыгы боюнча бардык окуу жайлардын дене тарбия кафедраларынын башчылары менен биргеликте кеӊешип,  эмдиги  жылы  окуу жайлар эмес спорттун түрлөрү боюнча лигаларга бөлүү чечими чыгарылды. Себеби спорттун түрү менен бөлүштүргөндө гана машыктыруулардын, окутуучулардын иши даана көрүнүп, мугалимдин деӊгээли бааланып, эӊ мыкты спортчулар аныкталат. Анын негизинде дүйнөлүк оюндарга мыкты спортчуларды дагы татыктуу тандап алса болот.

– 2010-2011-жылга чейин студенттер арасында өтүүчү универсиада түштүк, түндүк болуп бөлүнүп өткөрүлчү. Бул спорттук принципке дал келбегендиктен 2012-жылдан баштап түштүк, түндүк деген бөлүнүүнү жоюп, универсиаданы бириктирип Бишкек шаарында өткөрө баштадык. Ошонун жыйынтыгы менен 2013-жылы Россиянын Казань шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк 27-студенттердин  универсиадасына 87 спортчуну алып барып, эки алтын, эки күмүш, сегиз коло, жалпы 12 медаль алып, ийгиликтүү келдик. Бул акыркы отуз жылга жакын убактан берки студенттер арасындагы биринчи чоӊ жетишкендик болуп тарыхта калды. Буга чейин 1977-1987- жылдары Игорь Паклин, Кадыр Дүйшөнбиев сыяктуу бир катар жигиттерибиз өз күчүн көрсөтүп келишкен. Андан кийин мындай ийгиликтер болгон эмес. Ошондуктан быйыл дагы Түштүк Кореянын Гуанчжоу шаарында өтө турган 28-жайкы универсиадага эӊ мыктыларды гана алып баралы деп жатабыз. Себеби Түштүк Корея алыс болгондуктан көп каражат жумшалат, – дейт Эркинбек Абдылдаев.

20 жылдан бери мектептер, ЖОЖдор  арасында  спорттук мелдештер өткөрүлүп, ортодо кесиптик  орто  окуу  жайлары калып калган. Бул борбордун жетекчилиги демилге көтөрүп чыгып, 2012-жылдан бери кесиптик  орто  окуу  жайлары арасында өзүнчө спартакиада өткөрүлүүдө. Окуучулар арасындагы спартакиада дагы мурун борбор шаарда гана өткөрүлүп келсе,  борбордун  демилгеси менен  2013-жылдан  баштап ар башка аймактарда өтүүдө. 2013-жылы спартакиада спорт-тун алты түрү боюнча Жалал-Абад облустук спорт мектебинде өтсө, былтыркы оюндар Талас шаарында өткөрүлгөн. Быйыл Ош  шаарында  өткөрүү  пландаштырылууда. Мурун окуучулар жол чыгымын, жатаканасын, тамак-ашын өздөрү көтөрүп келишсе, 2012-2013-жылдан бери бул маселе Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу аркылуу чечилип, окуучулардын жатаканасы, тамагы борбор тарабынан акысыз берилүүдө.

– Окуучулардын жол чыгымын, студенттердин жатакана, тамак-ашын биз каржылайбыз. Студенттердин жол чыгымын ЖОЖдор өздөрү төлөшөт. Негизи бир баланын тамагына 109 сом, жатаканасына 200 сомдун тегерегиндеги каражат бөлүнгөн. Ал  эми  машыктыруучуларга, калыстарга жана догдурларга болгону күнүнө 83 сом каралат. Албетте, азыркы заманда бул акча менен балдардын курсагын тойгузуу, калыстарды, догдурларды кармап калуу кыйын. Ошондуктан ар кандай булактарды таап, балдарга күчтүүрөөк тамак  бергенге,  калыстарды, догдурларды кармап калганга аракет кылып жатабыз, – дейт Эркинбек Абдрасулович.

Борбордун күчү менен мектеп мугалимдери, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасындагы спартакиада дагы үзгүлтүксүз жай мезгилинде көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келет. 2010-11-жылдары мугалимдердин мелдеши “Геолог” пансионатында өтсө, 2012-жылы “Кыргызское взморьеде”, 2013-2014-жылы “Голубой Иссык-Куль” санаториясында өткөн. Жыл сайын жайкы эс алуу учурунда спорттун жети түрүнөн  400-500дөй  мугалим чогулуп, мелдеш өткөрүп, ден соолугун чыӊдап алышат. Мын-дан сырткары борбор жыл сайын жеӊил атлетика боюнча мектеп окуучулары,  студенттер  арасында мелдеш өткөрүп турат. Анда 500 метр, 1000-2000 метрге чуркап жөө күлүктөр күч сынашат.

 Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*