ЭЛ АРАЛЫК АЛАКАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ТИЛДИН САЛЫМЫ ЧОӉ

Кыргызстандын алты жогорку окуу жайынын окутуучулары Англиянын Колчестер шаарындагы Эссекс университетинде жана Германиянын Фрайбург педагогикалык университеттеринде өткөрүлгөн бир жумалык тренингге катышып, алдыӊкы окутуучулардын иш-тажрыйбалары менен таанышып кайтышты.

Демократиянын, өнүгүүнүн шарданы менен, эл аралык алака мамилелер күч алып турган заманда, Кыргызстанда  да чет тилине болгон кызыгуулар өтө жогору.

Бул  жаатта  Erasmus+/TEMPUS (Университеттик билим берүү боюнча трансевропамобилдүүлүк) Программасы боюнча “Чет тили кесиптик максатта” (FLEPP) долбоорунун алкагында алгылыктуу аракеттер ишке ашырылууда. Бул гранттык долбоор үч жылдык мөөнөткө эсептелип, Кыргызстанда алты университетте айыл чарба, экономика, тоо-кен, техника, медицина боюнча чет тилин кесиптик багытта окутууга каралган. Долбоордун негизги максаты – тармактар боюнча тил программаларын өнүктүрүү.

Учурда долбоор Англиянын Эссекс, Гласгоу  университеттери,  Германия, Италия, Эстония, Швеция, Азербайжан, Тажикстан өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен бирдикте бир максатта иш алпарып, келечекте алгылыктуу жыйынтыктардын болушуна шарт түзүлүп келет. Европадан ар бир партнер университетке 15тен компьютер, принтер жана  башка  техникалык   жабдуулар алынып келип, окуу китеп, адабияттар ошондой эле аудио-видео материалдар менен да камсыздалмакчы. Партнер окуу жайларда чет тилдери боюнча даярдоочу атайын борборлор уюштурулууда. Бул борборлор келечекте жаштардын кесиптик багытта сапаттуу билим алы-шына абдан чоӊ салым кошоору шексиз. Мындан тышкары алдыда атайын окуу куралдарын даярдап басып чыгаруу иштери пландалууда.

Билим майданындагы ушундай алакалардын негизинде Кыргызстандагы алты жогорку окуу жайынын окутуучулары бир жумалык тренингге Англиянын Колчестер шаарындагы Эссекс университетинде жана Германиянын Фрайбург педагогикалык университеттеринде болуп, ал жогорку окуу жайлардын алдыӊкы окутуучуларынын иш-тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Чет тилин окутуу боюнча программаларды модернизациялоо, кадрдык сапатты жогорулатуу, ресурстарды талапка жооп бере тургандай пайдаланууну негизги максаты кылган бул тренингдер жогорку деӊгээлде уюштурулду. Жогоруда айтылып кеткен адистиктер боюнча окутуу программасын, силлабустун мазмунун, структурасын заманбап акыркы талаптарга ылайык иштеп чыгуу жагына басым коюлуп, сабактын пландарын түзүүгө машыгышты.

Жалпы эле окутуу сапатын баалоо жана  өз  ара  сабакка  катышуулардын жыйынтыгын баалоо ыкмалары, анализ берүүнүн түрлөрү, тактап айтканда, Европада окутуу сапаты эксперттер жана о.э. студенттер тарабынан кандай бааланаары жөнүндө таанышып, өзүбүзгө мол тажрыйба топтодук десем болот. Экзамен, тест өткөрүүнүн биз биле элек түрлөрү, мисалы С-тест ж.у.с. ыкмалары абдан кызыктуу жана пайдалуу болоору-на ынандык. Германия университетине баргандарга окуу китептерин алууга ар бир окуу жайга 700 евродон, Англия 1000 евродон бөлүп берди.

Ошондой эле, чет тилдерин окутууда мотивация, коммуникативдик окутуу ыкмалары боюнча алган маалымат, билимдерибиз биздин ишибизге чоӊ пайдасын тийгизип, келечекте натыйжасын берет деп ишенебиз.

Гүлзат КОНОКБАЕВА,

Кыргыз техникалык университетинин улук окутуучусу, Кыргызстандагы “Форум” англис тилчи мугалимдердин Ассоциациясынын координатору

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*