БААРЛАШУУ БААРЫНАН БААЛУУ

Жакында И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинде Тажикстандын Жерге-Тал районунан келип Бишкектеги ар кайсы жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттердин жолугушуусу болду. Баарлашууга чакырылган филология илимдеринин кандидаты, УИА улук илимий кызматкери Гүлбара ОРОЗОВА, «Кутбилим» гезитинин кызматкери Жолдош ТУРДУБАЕВ, жергеталдык жазуучу Аким КОЖОЕВ, УИА Тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери Абдылхак АЛИПБЕКОВ жаштарга кеп-кеӊешин айтып, суроолоруна жооп беришти.

Ж

 Аталган университеттин тарых жана  социалдык-укуктук билим берүү  институтунун 3-курстагы студенти,    жолугушуу демилгесин көтөргөн Жеӊиш  БОРОНОВ каратегиндик кыргыздардын тарыхы  тууралуу кыскача сөз кылып келип, алардын  азыркы кездеги абалына жана келечегине кам  көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

– Бүгүнкү күндө эӊ орчундуу маселе – бул Жерге-Талдагы кыргыздардын өз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап, өздүгүн жоготпой, жаштарын сабатсыз калтырбай жашап кетиши. Биз утурумдук жеке кызыкчылыктар менен чектелбей, элибизди ой-лошубуз керек, бул үчүн ушунча алыстан келген соӊ мыкты билимге ээ болуп, өз жерибиздеги шартты жакшыртканга салым кошуубуз керек. Ошондуктан дипломду алганга чейин эле күч-аракетибизди бириктирүү үчүн жердештер чогулуп, пикир алмашып, колубуздан келген иштерди уюштуралы. Улуу муундун өкүлдөрү бизге кеӊеш берип, жол көрсөтүп жүрсүн деп белгилүү  агаларыбызды,  эже-лерибизди чакырдык. Мисалы, Жерге-Талда азыр окуу китептер жокко эсе, атүгүл диктант жазганга кыргызча текст жыйнагы жок му-галимдин колунда. Агай-эжейлер усулдук жардамга абдан муктаж. Жерге-Талдагы кыргыздар менен эле эмес бүткүл Кыргызстан боюнча байланыш түзүп, чоӊ иштерди аткарсак болот.

  Гүлбара Орозова: «Эми кезек силерде»

Г– Биз жазуучу Мирзохалим Каримов  менен    биргеликте 90-жылдардын башында  жергеталдыктардын  «Боордоштор» коомун  түзүп, бул жакта окуган, иштеген жаштарга  көп эле  жардам  уюштурганбыз. Эми кезек  силердики, шымалана киришсеӊер,  колуӊардан чоӊ иштер келет. Менимче,  кандайдыр бир коом же фонд уюштуруп, расмий каттоодон өтүп иштесеӊер, кыйла жакшы болот. Анткени юридикалык жак эсептелмейинче жардам берүүнү, колдоо көрсөтүүнү каалагандар деле жеке адамдар менен иштешпейт. Ата-энеӊер силерди мыкты  адис  болот  деп  окуу-га жиберген, алардын үмүтүн актагыла,  элге  жарыгыӊар тийгидей болуп өскүлө. Азыр силерде  укмуштуудай  сонун мүмкүнчүлүктөр  бар.  Баятан бери байкасам, араӊарда кайдигер эмес, көп нерсеге акыл чаптырган жаштар бар экен. Ми-салы, кыздар жок дегенде орто мектепти аяктап, ар бири азыркы замандын талабына ылайык жакшы үй-бүлө курганга даяр болушу керек, жогорку билим алганга дилгир, шык-жөндөмдүү кыздарды ата-энелер колдогону жакшы деген оюӊар мага жакты.

Жолдош Турдубаев: «Аалам силердин алаканыӊарда»

– Бул жолугушуу уюштурулуп жатканын бир саат мурун эле угуп калдым,  мындан  кийинки  иш-чараларды жок дегенде эки-үч күн илгери кабарлап, талкуулана турган маселелерди макулдашып алсаӊар жакшы болот. Бишкектеги ар кайсы окуу жайларда окуп жаткан теӊтуштарыӊардын дарегин тактап, баарыӊар өз ара таанышып, керектүү маалыматты алмашып тургула. Мургаптык балдарды да чакыргыла. Бизден башка жердештерди да билип алгыла – ар кайсы тармактарда турмуштук, бай тажрыйба топтогон түркүн кесиптеги адамдар бар, алардын да баалуу кеӊештерин уккула.

Жеке өзүн эле ойлогон, элдин, коомдун ишине кызыкпаган кайдигер  немени  адам  дешке да  ооз  барбайт.  Акча  менен өлчөнгүс пайдалуу, таза уюштурулган коомдук иштер болот. Окутуучуларыӊардын айрымда-рын жаман көрүшүӊөр мүмкүн, бирок аларга өчөшүп окубай кой-богула – ошолор үчүн же башка бирөө үчүн эмес, утурумдук баа үчүн да эмес, өзүӊөр кесипкөй адис  болуш  үчүн  окуйсуӊар.

Азыркы мезгилди маалымат доору дейт – туш тараптан түркүн мазмундагы, сапаттагы маалымат агылып, күн сайын миӊдеген жаӊылыктар бүт дүйнөгө таралып жаткан кез. Силер ушул маалымат деӊизинен эӊ керектүүсүн, зарылын иргеп алып, турмушта туура колдоно билгиле.

Агент сыяктуу азгырыктарга алдырбай, бекерчинин эрмеги болгон телесериалдарга, жеӊил-желпи тасмаларга убактыӊарды коротпой,  Интернетти  акыл менен колдонсоӊор, аалам силердин алаканыӊарда. Дээрлик каалагандай  китепти,  окутма видеону ж.б. алып, өз алдынча да  билимиӊерди  тереӊдетип, дүйнөгө  көз  карашыӊарды кеӊейте берсеӊер болот. Чет тилдерин үйрөнгүлө, англисчени жок дегенде тиричиликте сүйлөшүү деӊгээлинде билип алгыла.

Бош  убактыӊарды  бекер кетирбей дилгир болсоӊор, немисче, япончо, арабча, кытайча да билип алганга күчүӊөр жетет. Компьютердин негизги программаларын эркин колдоно билгиле. Бүгүнкүдөй чогулганга дайым эле мүмкүнчүлүгүӊөр боло бербейт,  айрым  идеяларыӊарды социалдык желеден топ ачып, талкуулап  эӊ  жакшы,  пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп турсаӊар болот. ФБда ишеничтүү адамдар менен гана достошкула. Беймаани, зыяндуу нерселерге кирип кетпегиле.

Аким КОЖОЕВ:

– 2000-жылы Жолдош байке экөөбүз ар кайсы мекемелерден, эл аралык уюмдардан чогултуп Жерге-Талга окуу китеп, эки компьютер жеткиргенбиз. Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги атайын бөлгөн окуу китептер да бар, эми жеткирилет деп ойлойм. Бир нече жылы дал ушул силер бүгүн сөз кылган маселелерди чечүүгө уставы ылайыкталган коомдук бирикме түзүп, Минюсттан өткөргөнбүз, негизги багыттардын баары камтылган, ошону эле өткөрүп алып иш жүргүзө берсеӊер болот.

Ж.ТУРДУБАЕВ:

– Мына, бир аз кечиксе да келип калды, Абдылхактын кеӊешин уккула. Ал көптөн бери «Ак-Шумкар КУТ» жаштар уюмунда иштеп жакшы тажрыйба топтогон.

АбдылхакАЛИПБЕКОВ:

– Коомдук уюм же бирикме ачсаӊар, абдан кылдат, этият иштешиӊер керек: ар кандай саясий күчтөрдүн куралы болуп калбагыла. Ар бир ишти кеӊешип баштасаӊар, өкүнбөйсүӊөр

Жыпаргүл БЕККЕЛДИЕВА, Эл аралык университеттин экономика факультетинин 2-курстагы студенти:

Ж-2

–  Мен  каратегиндик студенттердин    жолугушуусуна өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй  кубаныч менен келдим. Бирибиз бирди айтсак,  экинчибиз бирди айтып олтуруп, мындай  маселелердин көптүгүнө ынандык. Аларды  чечүү боюнча да түрдүү сунуштар айтылды.  Мисалы, окуучуларды китепке кантип  кызыктыруубуз керек, жаштарды бийик мүдөөлөргө кантип шыктандырууга болот, кыздардын жогорку билим алганы жакшы болорун ата-энелерге кантип түшүндүрүү керек дегендей абдан маанилүү суроолорду талкууладык. Биргелешип аракет кылсак, көп ийгиликтерге жетебиз деген Жеӊиштин ою баарыбызга жакты.

Даярдаган Ж.ТУРДУБАЕВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*