АКЕЛЕРДИН ҮКӨСҮ

Көрүнүктүү советтик, партиялык, коомдук жана мамлекеттик ишмер, белгилүү окумуштуу саясатчы жана педагог Жумагул СААДАНБЕКОВ жакында 75 жашка чыгат. Ошого карата биз саясий илимдеринин доктору, професор Ж.Жоробековдун «Акелердин үкөсү» деген материалын айрым кыскартуулар менен газета окурмандарына сунуштайбыз.

Жумагул Сааданбековду мен алгач өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында азыркы Улуттук университеттин ошол кездеги диалектикалык материализм кафедрасында «Бизден илимий иштерин коргогондор» деген дубалга илинип турган тактайчада фамилиясы жазылып турчу, ошондон тарта билем. Кийин заман өзгөрүп, кыргыздын соӊку жаӊы тарыхына «Легендарлуу парламент» – деген ат менен кирген парламентте демократияга бет бурган чоӊ топ депутаттардын арасында Ж.Сааданбеков өзүнүн омоктуу ойлору менен саясатка жаӊыдан кызыга баштаган биздин эсибизде калды.

Табиятынан дээринде бар, аналитикалык ой туюму зирек адам, өзү катышып күбө  болгон,  көбүнчө  өзү  аралашкан, Кыргызстанды  демократиялаштуруунун башатында турган инсан катарында классикалык саясат таануу илиминдеги жолдон башкараак жол бар экендигин «Сумерки авторитаризма: закат или рассвет?» (Авторитаризмдин иӊири: таӊыбы же күүгүмүбү?) деген китебинде таасын көрсөтөт.

Соӊку жаӊы тарыхыбызда айрыкча саясат таануу илиминде саясий процесстерди изилдөөдө жалаӊ эле гуманитардык илимдерди изилдеген «кабинеттик окумуштууларга» караганда саясаттын ичинде болуп, ошол мамлекеттик тагдыр чечээр маселелерге тике аралашкан практик инсандардын теориялык дареметтерине жараша илимий макалаларды, монографияларды жазып, окумуштуулук даражаларды коргошу жакшы көрүнүш деп ойлоймун. Бул категориядагы окумуштуулардын көч башында саясат таанудан докторлук диссертацияларын коргогон М.Шеримкулов жана Ж.Сааданбеков турат.

Ж.Сааданбеков советтик, мамлекеттик партиялык кызматка кетээрден мурда эле советтик идеологиянын гүлдөп турган убагында (1974) «Айыл интеллигенциясы жөнүндө» деген китепчеси менен ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын өзгөчө ордун жана коомдун өсүп-өнүгүүсүндөгү ролун таасын көрсөткөн. Ошол китептеги айрым ойлор азыр да өз актуалдыгын жогото элек. Кийин замандар өзгөрдү, системалар алмашты, формациялар оошту дегендей биз болжолдой албаган окуялар жүз берди. Бул процесстер коомду изилдеген окумуштуулардын астына жаӊы маселелерди койду. Ошолордун бири биз жогоруда сөз кылган «Авторитаризмдин иӊиринен» башка Ж.Сааданбековдун «Чыгыштагы авторитаризм жана демократия» (2003) деген монографиясы окумуштуулар арасында чоӊ кызыгууну туудурган. Убагында мен да бул монография туурасында жергиликтүү басмалардын бирине пикиримди айткамын.

Ж.Сааданбеков  ушул  монографиясынын негизинде Алма-Ата мамлекеттик университетинде Казакстандын абройлуу үлкөн адамы Садыков Токмуканбет Салменович жетектеген Диссертациялык кеӊеште докторлук диссертациясын коргогон. Мен ушул Кеӊештин мүчөсү элем. Эсимде Казакстандын көрүнүктүү саясат изилдөөчүлөрү, окумуштуулары, ал гана эмес парламент мүчөлөрүнүн катышуусу менен өтө кызуу талкуу болгон. Ошондо диссертанттын теориялык жана практикалык даярдыгына жана өтө жогорку эрудициясына бардыгыбыз күбө болгонбуз.

Кийинчерээк Ж.Сааданбеков «Нурсултан Назарбаев: Лидерликтин мыйзамы. («Нурсултан Назарбаев: Законы лидерства – (2005) деген фундаменталдуу эмгегинде бир эле Назарбаевке эле тиешелүү – лидерликтин касиетин эмес, жалпы эле улут лидери кандай болот, кайсы тарыхый кырдаалда пайда болот, кайсы сапаттар болушу керек дегендей маселелердин тегерегинде тарыхый экскурс жасайт.

Ж.Сааданбековдун чоӊ-чоӊ ат көтөргүс монографиялары  эле  эмес  мезгилдүү басма сөздөгү коомду демократиялаштыруу Кыргызстандын шартында кандай өнүгүп-өсүп  жаткандыгы,  анын  кандай өзгөчө, регионалдык айырмачылыктары бар экендиги  алардагы  ири  проблемаларды ортого салып, окумуштуулардын арасында кызуу талкууларды жаратып келет. Анын акыркы эле «Кыргызстандын демократиядагы ийри-буйру жолу» деген интернет сайттардын бириндеги макаласы буга күбө болот.

Автордун айтымында Америка баш болгон либералдык Батыш («принудительной демократизации») «зордуктоо менен демократиялаштыруу» саясатын жүргүзүшүүдө. Бул деген либералдык демократия системасын орнотобуз деп суверендүү мамлекеттердин мыйзамдуу укуктарын чектөөнүн комплекстүү чараларын көрүп жатышат. Айталы кайсы бир мамлекетке дипломатиялык басым жасоо, санкцияларды киргизүү, «гуманитардык» интервенция, ички оппозицияны колдоо, эл аралык изоляцияга кабылтуу ж.б. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн мамлекеттерде либералдык демократияга жетиш үчүн материалдык жана менталдык – руханий деӊгээлдери жете элек болсо классикалык демократиянын принциптерин кабыл алууга даяр эмес болсо, саясий жана экономикалык жактан зордуктоо жолу менен мындай тездетилген демократиянын кимге кереги бар?

Бүгүнкү күндүн саясий практикасында мындай иллюзиялуу демократия өтө калпыс жана коркунучтуу көрүнүш болорун автор эскертет да, бул эмне өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Европабы же жаӊыча орто кылымбы? деп собол таштайт. Ж.Сааданбеков Кыргызстандагы демократиянын өйдө-ылдыйын анализдеп, парламенттик республикада анын негизин конституциялык либерализм түзөөрүн белгилейт.

Мына карап көрүӊүздөр эгерде конституциялык либерализмдин фундаменти бекем болсо демократиясыз эле (шайлоолорсуз) коом өсүп өнүгө берет (Сингапур). Ал эми бизде шайлоо демократиянын жеткен жери деп билебиз. Мына акимдерди, айыл өкмөттөрүн, ректорлорду шайлоо айрым учурларда жүгөнсүз демократиянын кесепетинен анекдотко айланып кетүүдө. Бул жагынан алып караганда Ж.Сааданбеков демократиянын бизде түптөлүшү, өсүп-өнүгүшү үчүн белгилүү бир мөөнөт керектигин Англиянын XVII кылымдан XXI кылымга чейинки либералдык демократиясын көздөн өткөрөт. Ал эми биз өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап демократиянын агымы катуу дайрасына демократиядан эч кандай түшүнүгүбүз жок эле, эч кандай конституциялык либерализм жөнүндө анын алиппесин билбей эле бой уруп кеттик.

Ошондуктан Ж.Сааданбековдун логикасы боюнча биздин менталдык, традициялык коомдо классикалык демократиянын принциптери менен дүйнөлүк тажрыйбада топтолгон ойлордун бизде Кыргызстандын кыртышына сиӊе турганын таап, ошону өнүктүрүүбүз керек.

Эми Жумагул Сааданбековдун ар бир жазган макала же монографиясы болобу аны сөзсүз кунт коюп окуп, ага өзүмдүн пикиримди билдирип келем. Бирок ошолордун арасынан өзгөчө саресеп салууга арзыганы «Чыӊгыз Айтматовдун философиясы деген китеби. Мында автор Ч.Айтматов доорубуздун чыгаан ойчулу, сүрөткери гана эмес улуу философу экендигин да ачып көрсөткөнгө аракет кылат.

Ж.Сааданбеков батыштын философтору: Гегель, Кант, Маркс. Орустун ой-чулдары: Бердяев, Чаадаев, Соловьев, анан  өзүбүздүн  эле  акылмандарыбыз: Арстанбек, Молдо Кылыч ж.б. баш кылып алардын философиялык айткан дегендерин анализдеп өткөрүп, жуурулуштуруп Айтматовдун руханий – философиялык феноменин ачып берет.

Албетте,  мурдатан  эле  Айтматов-дун  феноменине  кызыгып  Гачевтин, К.Асаналиевдин,  К.Бобуловдун  айткан-дегендеринен,  жазгандарынан Айтматовдун  өзүн  инсан  катары  жана ал жараткан образдарды окуп түшүнсөк, бу  Ж.Сааданбековдун  эмгегинде  дагы башкачараак  жагдайда,  башкачараак өӊүтөгү Айтматовду тааныйсыӊ. Мисалы, Ж.Сааданбеков «кантип адам күн сайын адам болот» деген Айтматовдун өзөктүү оюн Танабайдын, Едигейдин образдары аркылуу дагы эле классик философтордун айткан, жазган ойлорун жуурулуштуруп керектүү жерде, керектүү мезгилде өз ыгы менен пайдаланып, илимий айлампага алып кирип, Айтматовдун планетардык масштабдагы ойчул экендигин тастыктап, анын түбөлүктүү философиясын көрсөтөт. Ж.Сааданбековдун бул эмгегинде сүйүү жана үй-бүлө маселеси, рынок менен демократия заманында улуттун турмушунун трагедиясын, «Айтматовдун планетардык ой жүргүзүүсү жана биз» – деген бөлүмдөрүндө өтө дыкаттык менен классикалык, гуманитардык илимдин методикасы менен изилденет.

Эми биз Ж.Сааданбековдун жазгандарын кайсы тарабынан карабайлы, ал киши кайсы теманы албасын, кайсы темада жазбасын, майын чыгара иштегени менен айырмаланат. Өзү жөнүндө жазган «Менин турмушум» (Моя жизнь 2010) деген эмгегинде да эч бир кошумча-алымчасы жок, кийинки муундарга сабак боло турган, өзүнүн баскан жолун баяндайт. Ж.Сааданбеков жөнүндөгү бул макаланы ушинтип эле жазгандарын чөп башылап, комментариялап эле бүтүрсөм болоор эле, бирок кыргыз-казак арасындагы, айрыкча ысык-көлдүктөрдүн арасындагы бул кишинин аброю – кадыры жөнүндө бир ооз айтпай түгөтсөм кандайдыр бир татым тузу жок болгонсуп турат.

Жогоруда белгилеп кеткендей докторлук диссертациясын Алма-Атада коргоп, ошол Кеӊештин мүчөсү катарында, мен анан дагы бул иш-чарага катышууга бара турган беш-алты аксакал чогуу баралы деп, эртеӊ мененки саат беште Ала-Тоо аянтынан жолугуша турган болдук. Болжолдонгон убакта келсем, бери болгондо эле 15-20дай жеӊил машина чогулуп калыптыр, күн караӊгы, бурганактап кар жаап турат. Ошондо Мамбет Мамакеев аксакал алардын бардыгын чогултуп «Эмне казактарды чаап аласыӊарбы бул барат, тиги барат калганыӊар калгыла» – деп эки-үч машина менен жөнөп кеттик. Жогоруда айтылгандай жактоо жогорку деӊгээлде өттү. Кечинде банкетке келсек, баягы Бишкекте калгандардын баардыгы ошол жерде жүрөт. Бул деген Ж.Сааданбековко болгон урмат-сый эмеспи.

Ж.Сааданбеков бүгүнкү күндө акыл-эси толуп, дагы алдыда толтура пландары менен күрдөөлдүү күздөгүдөй күркүрөп иштеп жаткан кези – дымагыӊыздан тайбаӊыз. Көлдүк акелердин үкөсү демекчимин.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*