ЭМГЕК АРДАГЕРИ

Улуу Ата  мекендик  согуштун аяктаганынын  70  жылдыгы   жакындаган сайын, ал улуу ааламат күндөрдү көздөрүнө жаш алып эстеген аталардын, апалардын катары күндөн-күнгө суюлуп барат. Улуу Ата  мекендик  согуш  жылдарында тылда эмгек кылган көптөгөн балдардын  арасында  бүгүн  биз сөз кыла турган агайыбыз Медеркул СЫДЫКБАЕВдин да балалык күндөрү ошол кыйын мезгилге туш келген. Агасы согушка кетип, ата-энеси эрте өлгөн агай эжесиникинде калат. Ал кездеги эл көргөн кыйынчылыкты көрүп, оор жумуштарды жасап, балалыктын таттуу доорун сүрө алган эмес.

Биз сөз кылып жаткан агай Кочкор районунун Туз, Кызыл-Дөбө, Эпкин орто мектептеринде мугалим, завуч, мектептин директору болуп көп жылдар эмгектенип жүрүп, азыр ардактуу эс алууда. Таза, ак иштеп, бир кишиге катуу айтпаган, өзгөчө маданияттуу агай Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын сексен эки жаш курагында тосуп отурат. Аталган мек-тептерди оӊдоого, билим алууну жакшыртууга көп аракет жасаган.

Агай окуткан, билим тарбия берген окуучулары республиканын булуӊ-бурчунда   белдүү,  элдин керегине жараган кызматкерлер. Алды министр, ректор, губернатор, аким. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бир сөзү эске түшөт: “Адамдардын бири-бирине кылаар жакшылыгы эле үйүндө адам болоор балдарды тарбиялап, өстүргөнүндө” – деп.

Жазуучунун бул айтылган баалуу сөзүндөгүдөй, агай үйүндө да жак-шы балдарды тарбиялап, өстүргөн. Агайдын беш кыз, бир уулу, жыйырма небереси, он беш чөбөрөсү бар. Бир кыз, бир уулу илимдин кандидаттары, дагы бир кызы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын артыкчылык диплому менен аяктап, шаардык клиникада дарыгер. Калгандары агайдын жолун жолдоп мугалимдер.

1995-жылы Улуу Жеӊиштин 50 жылдыгы медалы менен сыйланган. Бүгүн агай карыдым деп үйүндө отуруп  албай,  жаштарга  баалуу кептерин айтып, насаатчы. Үйгө жардам сурап келгендерге  химиялык элементтерди жатка айтып, түшүндүрүп, эсептерди чыгарып берет. Сөзүбүздүн акырында оруктун ардагери агайыбызга ден соолук тилеп, Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгы менен кызуу куттуктайбыз!

Жолдош ОРОЗОВ, коомдук ишмер

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*