ЭР ЖҮРӨК КЫЗЫЛ ГВАРДИЯЧЫ

Жусупбек Медеров (1904-1989) 1941-жылы күзүндө октябрь айында аскер кызматына чакырылып, атуулдук милдетин Панфилов дивизиясында өтөгөн. Ал дивизияда чалгынчы болуп, немистерди кармап келип, алардан эң зарыл болгон маалыматтарды алууда анын эмгеги зор болгон. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «Улуу Ата мекендик согуш», «Даңк», «Кызыл жылдыз» ордендери жана ондон ашуун медалдар менен сыйланган. Согушка чейин айыл өкмөтүндө эмгектенген. Согуштанкелгенден кийин да колхоздун башкармасы, 1952-жылдан баштап суу чарбасында инженер болуп иштеген.

Жыл сайын Жеңиш күнүнө карата ал Фрунзеге, Москвага жана  Алма-Атага  майрамдык иш-чараларга чакырылып турчу.  Анын сүрөттөрү Панфилов дивизиясынын музейинде сакталып турат.  Панфиловчу  Жусупбек Медеровдун эмгектерин айылдаштары жогору баалап, Шалта айылынын бир көчөсүнө анын ысымын беришкен. 1944-жылы сентябрь айында«За Родину» гезитине жарык көргөн«Медеров- Кызыл гвардиячы» деген аталыштагы материалды«Кыргызстан пионери»  газетасы1990-жылы 9-майдагы санына жарыяланган.

Алыскы күнөстүү Кыргызстандан 1941-жылы күзүндө Кызыл Армиянын катарына Жусупбек Медеров чакырылып калды. Бир нече ай бою аскердик чеберчиликке үйрөнүп, андан кийин гана кыштын кыраан чилдесине кара-бай, биздин Ата мекенибиздин эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн биринчи жолу күрөшкө чыкты. Чындыгында эле биринчи күрөш оңой-олтоң болгон жок. Бара-бара мындай кармаштарда жетилип, эр жүрөк болуп чыга келди.

Медеров Жусупбек кызмат өтөгөн бөлүк өзүнүн алдына коюл-ган татаал милдетти ардак менен аткара билди. Бир жолу караңгы түндү жамынып, апапак халат кийишип «тил кармап» келүүүчүн чалгынга жөнөштү. Душмандар жайгашкан  кыштакты  беттеп жөнөп калышты. Бул жолду Медеров мурда эле билүүчү. Анткенимындай тапшырма менен ал кечээ күндөн бери карай убараланып жаткан эле. Мына анча чоң эмес сарай, аны айланып немистин сакчысы басып жүрөт. Чалгынчылар жөрмөлөп келе жатышат.

– Жолдош  командир,  магауруксат бериңиз.

– Мейли, уруксат.

Медеров ордунан чапчаң тура калып, сарайды көздөй жөрмөлөп жөнөдү. Халатын да чечип ыргытып жиберди. Мына эми, немис бурчту айланып чыга берер замат Медеров  аны барып басып калды. Калган чалгынчылар ага жардамга келишти. Ошентип, чалгынчылар ал немисти өздөрүнүн бөлүгүнө алып келишти.

Чалгынчы Медеровдун полктогу даңкы мына ушинтип башталды. Өкмөт аны Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлады. Мынаошондо Медеров жолдошторуна минтип айтты:

– Мен, мындай сыйды бардык күчүм жетишинче актаймын. Чындыгында  эле  ошондой болду. Ал өзүнүн билгичтигин нечен жолу көрсөтө алды.

Бир жолу Медеров күжүрмөн тапшырмадан чарчап-чаалыгып,  калың кардын үстүндө илкий басып келаткан. Анын келатканын көрүп калган, эки немис Медеровду атып калышты. Ал жарадар болду. Эч кимден жардам күтпөйкардын үстүндө жатып кансырады.

Аны өлдү дешип, немистер ордунан туруп, аны көздөй чуркап калышты. Бирок айлакер Медеров күтүлбөгөн жерден автоматынан ок чыгарып, немистердин бирөөсүн суй жыгылтты. Экинчи немис болсо аны келип басып калууга үлгүрдү. Алы-күчү кетип кансырап турса да немис менен кармашып, аны да өлтүрдү. Медеров немистин эки офицерин өлтүргөнүн госпиталда жатыпгана билди.

Мына ошондо эр жүрөк чалгынчы«Даңк» орденине көрсөтүлдү. Кийин  жаратынан  айыгып,  кызыл армиячы Медеров өзүнүн бөлүгүнө кайтып келди. Мурдагы эрдиктерине көтөрүлүп мактанбастан, күжүрмөн даярдыктан өтө баштады. Артиллерист болууга даярданды. Башка кызыл армиячылар менен бирге уставды үйрөнүп, күжүрмөн даярдыктан өттү. Орус тилин анча билбегендиги бир кыйла эле жолтоо болду. Мына ошондо ал орус тилин белсенип үйрөнө баштады, мындаага жолдоштору жардамга келди.

Убакыт билинбей өтүп курсда аяктады. Гвардиячы Медеров фронтко кайрадан жөнөдү. Командирлери жана жолдоштору аны майданга жөнөтүп жатып минтип айтышты:

– Бизди унутпа, фронттон кат жазып тур.

Айдай АЗИЗБЕК кызы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*