КЫТАЙ ТИЛИ: МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТКА КИРҮҮ — УЧУР ТАЛАБЫ

Бишкек шаарындагы айтылуу №69  ОТКнын базасында өткөн «Мектеп-Конфуций институт: Кытай тилин окутуунун кыйынчылыктары жана чечүү жолдору» республикалык конференциянын бирден бир максаты – кытай тилин окутуу менен окуучуларга татыктуу билим алууга шарт түзүп берүүнү, алардын жеке кызыгуусуна ылайык дифференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүүнү, кытай тилин эркин сүйлөө менен бирге зарыл чөйрөдө колдоно билүүгө үйрөтүүнү, тилди үйрөнүү аркылуу Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошууну көздөдү. Ошондой эле кытай тилин окутууну мамлекеттик стандартка киргизүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо керек экени айтылып, кытай тилинин мамлекеттик деңгээлде окутулушу билим берүү тармагында бирдей системада жүргүзүлбөгөндөн улам, үйрөтүүдө бир топ кыйынчылыктар бар экенине, билим берүү системасында кытай тилин окутуунун деңгээлин күчөтүү зарыл экенине басым жасалды.

DSC_8379

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө №69 ОТКнын окуучулары келген конокторго иероглифтерди таза, сулуу жазууну, сүрөт тартууну көрсөтүү менен мастер-класс өткөргөнгө үлгүрүштү. Ошондой эле кытай тилинде ырдап, элдик бийлерин бийлеп, музыкалык аспаптарында ойноп, куурчак театры кытай жомогунан үзүндү көрсөтүп,  ушу, тайцзи өнөрлөрүн тартуулап, келгендердин купулуна толушту. Андан соң, катышуучулар 5-класстын мугалими Н.Көчөрбаеванын «Менин үй-бүлөм», 9-класстын мугалими А.Аскарбекова менен волонтер Ма Линин «Мага саякат жагат» жана 10-класстын мугалими Са Ер Нанын «Император Циньшихуан» аттуу ачык сабактарына күбө болушту. Маселен, 10-класстын окуучулары кытай тилинде кенен-кесир сүйлөшүп, мугалим берген суроого такалбай жооп берип, иероглифтерди жазып, аны кайра мугалим менен бирге айтып, сүйлөм түзүп, айтор, 45 минутанын ичинде жазганга, окуганга, сүрөттөр менен иштегенге, сабакты бышыктаганга чейин үлгүрүштү. Сабак дайыма ушул нукта өтөөрүн окуучулар өздөрүнүн жооптору менен тастыктай алышты. 10-класстын окуучусу Нуркан Усеналиевдин айтуусу боюнча, тилди үйрөнүү оңой-олтоңго турган жок.

DSC_8476

– Эгерде окуучу кааласа, албетте, тилди өздөштүрүп кетүүгө болот. Биз беш жылдан бери окуп келатабыз. Мугалим кытай тилин жакшы үйрөтөт. Биздин класс төртүнчү деңгээлдебиз, эми бешинчи  деңгээлге өткөнү аттанып жатабыз, – деди Нуркан.

Иш-чаранын алкагында №69 гимназиянын директору Сайрагүл Атаева өзү жетектеген мектептин ийгиликтери менен тааныштырып жатып, кытай тилин окутууда 12 класс комплектиде 180 окуучу камтылганын айтты.

– Негизги максаттарыбыздын бири — кытай тилин окутуу үчүн окуучуларга шарт түзүп берүү, дифференциалдуу окутууга шарт түзүү, зарыл чөйрөдө тилди колдонууга үйрөтүү.  Кытай тилин окутууда эки волонтер, бир кытай мугалими жана төрт жергиликтүү мугалимдер эмгектенишет.  Кытай тили  4-класстан баштап окутулат. Былтыр 16 окуучу бүтүрсө, анын ичинен сегиз окуучубуз Кытайдагы жогорку окуу жайларга өтүп, билим алып жатышат, анын алтоо акысыз окушат. Биздин бул бүтүрүүчүлөр Конфуций институту тарабынан жөнөтүлгөн. Анткени алар эң мыкты деп табылып, HSK (деңгээлди аныктоочу тест) деген сертификатты алышкан. Гимназияда кытай тилин окуган окуучуларыбыздын дээрлик бардыгы  төртүнчү, бешинчи деңгээлге чейин жетишти. Бул деңгээлге, керек болсо, университеттин профилдүү факультетинин студенттери бералбай, айрымдары  гана тапшырышат экен. Бизде кытай тилин окутууда бирдиктүү окуу программа жок. Мугалимдердин жана волонтерлордун ишмердүүлүгү менен эле шартка ылайыктап программа түзүп алып иштеп жатабыз. Иш-чаранын бирден бир максаты дагы — чогуу чаран  олтуруп, кытай тилин окутуудагы кемчиликтерди кантип жоюу керек экенин сүйлөшөлү дедик, – деди С.Атаева.

DSC_8394

Аталган окуу жайда кытай тилин окутуу тээ 2004-жылы башталган экен. Бирок кандайдыр бир себептерден токтоп калган. Кайра ал 2009-жылы жанданып, 2011-жылы Конфуций класстары ачылган. Учурда кытай тили кабинеттери Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан жабдылган, материалдык-техникалык базасы чыңдалган.

– 2004-2005-окуу жылдарынын 2-вариантынын окуу планында кытай тили бекитилген. Мамлекеттик стандарттын негизинде чет тилдерди окутуу программасына ылайык, атайын календардык план түзүлгөн. Кытай тилине сааттар гимназиялык компоненттин негизинде алынган. Конфуций институту тарабынан берилген окуу китептери менен окутулат.  Жергиликтүү мугалимдер жайында Кытай Эл Республикасына барып, билимдерин жогорулатып турушат. Эң мыкты кытай тилин окуган окуучуларга да жайында Кытайга барып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мисалы, мектепке 18 орун берилсе, анын ичинен 16 окуучу жайкы эс алууга Кытайга барып келишти. «Кытай достук көпүрөсү» кароо-сынагында, «Менин кыялымда Кытай» деген дилбаянга жарыяланган конкурста, «Мен кытай тилинде ырдайм» сынагында  да биздин  окуучулар 1- жана 2- орундарды багындырып, жайкы окууга акысыз жолдомо алышкан. Конфуций институту тарабынан уюштурулган ар кандай кароо-сынактар окуучуларга, биринчиден, стимул болот, экинчиден, жакшы окуганга шарт түзүлөт экен. Быйыл биринчи жолу кытай тили боюнча шаардык олимпиада өткөрүлүп, анда дагы биздин окуучулар жалаң алдыңкы орундарга чыгышты, – дейт мектеп жетекчиси. Быйылкы бүтүрүүчүлөр дагы Конфуций институтунан аңгемелешүүдөн өтүп, анын ичинен деңгээлден өткөн төрт окуучу Шанхай университетин тандап алып, акысыз окуганга документтерин жөнөтүшкөн.

Кыскасы, конференциянын жыйынтыгында катышуучулар №69 ОТКнын тажрыйбасы алгылыктуу жана мактоого арзырлык экенин баса белгилешти. Ал эми айтылган сунуштар боюнча резолюция кабыл алып, аны Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүшмөк болушту.

Кытай тилин окутуу үчүн сааттар бөлүнүш керек

Ма Лей, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институтунун Кытай тарабынан директору:

DSC_8502

– Биз биринчи жолу мектепте кытай тилин окутуу боюнча конференция уюштуруп жатабыз. №69 мектепте  кытай тилин окутуу 2002-жылы башталган, кандайдыр бир себептен бир топ жыл туруп калган экен. Кайра 2009-жылы окутула башталып, 2011-жылы Конфуций класстары ачылды. Биз бүгүн №69 гимназиянын окуучуларынын кытай тилин өздөштүрүүдөгү жыйынтыгын көрдүк. Жаман эмес. Кыргызстан боюнча он чакты Конфуций класстары ачылды. Кытай тил борбору дагы бар. Кытай тилин окутууда көп проблема, айрыкча, мектепте бар. Анткени мектепте бул жаңы иш. Эгерде сапаттуу окуталы десек, эң маанилүү үч нерсеге басым жасашыбыз керек: мугалимге, окуу программага жана  окуу планга.

Үмүт Култаева, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институтунун Кыргызстан тарабынан директору:

DSC_8382

– Республикалык методикалык-практикалык конференцияда №69 ОТКнын мугалимдеринин кытай тилин окутуудагы ачык сабактарын көрдүк. Жаман эмес экен. Кытай таануу биздин республикада жаш, калыптана элек илим. Биз узак жылдары бою СССРдин курамында болуп, кытай таануу илими калыптана элек. Албетте, кыйынчылыктардын болушу мыйзамченемдүү көрүнүш.  Бүгүнкү конференция өтө маанилүү, анткени «Жол атасы — из» деген кыргызда улуу сөз бар. Биздин алдыбызда чоң жол турат. Менин көрүшүм боюнча, ал чоң жол — кытай таануу илимин калыптандыруу жолу. Ошол жолго №69 гимназия из салды. Мунун тарыхый мааниси өтө чоң.

Билим берүүдө окутуунун мазмунун аныктабай туруп, чоң ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн эмес. Окутуунун мазмунуна үч нерсе кирет: окуу планы, окуу программасы жана окуу китеби. Окуу планы дагы бүгүнкү күнгө чейин биздин министрликте мыйзамдаштырыла элек. Болгону былтыр чуркап жүрүп,  мектеп компонентинен же ийримдерге бөлүнгөн сааттардын ичинен кытай тилин окутууга уруксат алдык. Бул дагы алгачкы из. Бирок республикада кытай тилин толук кандуу окутууга укук ала элекпиз. Ч.Айтматовдун айтканы бар: «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» деген. Бүгүнкү экономикалык, маданий байланышты биз ойлоп тапкан жокпуз, муну тарых өзү даярдады. Узак жылдары биз батыш тилдерине көңүл буруп, чыгыш тилдерин көз жаздымда калтырганбыз. Бүгүнкү күндө тарых чыгыш тилдерин үйрөнүүнү объективдүү, мыйзамченем катары алып келди. Конференцияда эң маанилүү нерсе — окуу планына мыйзамдуу түрдө кытай тилин окутуу боюнча сааттарды киргизүү боюнча резолюция кабыл алышыбыз керек. Балким, чет тилдер дегендин ичине береби же болбосо атайын кытай тилине саат бөлүп береби, бул министрликтин иши. Кайсы бир мектепте эки саат, бирөөндө үч саат, дагы бирөөсүндө төрт саат берилип жатат. Мындай абал менен биз узакка баралбайбыз. Биринчи кезекте кытай тилин окутууну мамлекеттик стандарттын ичине киргизүүнү министрликтен талап кылышыбыз керек.  Окутуунун мазмунундагы биринчи нерсе – бул окуу план. Окуу план туруктуу болмоюнча окуу программаны иштеп чыгууга болбойт. Биз ансыз деле кечиктик, 11 жылдан бери ой келди тилди окутуп келатабыз.  Тилди окууну ата-эне, бала, тарых өзү талап кылып атат. Экинчи — окуу программасы. Бул дагы окуу планынан кем калбаган чоң маселе. Конфуций институту окуу программасын иштеп бералбайт, андай укугу жок. Бирок биз жетекчиликке алып, эң мыкты мугалимдерден конференциянын чечими менен коллектив түзүшүбүз керек. Үчүнчү – окуу китеби. Кытай Эл Республикасындагы Эл агартуу басмасында окуу китептери иштелип жатат. Азыркы учурда 35 аталыштагы ар кандай деңгээлдеги окуу китептери менен методикалык иштелмелер даяр болду. Болгону жакшылап талкуулап, ой-пикирлерди айтып, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Дагы бир маселе, тилди кайсы класстан баштап окутуу керек деген турат. Мисалы, айрым мектептер 3-класстан баштап киргизип алышкан. Тилди абалга жараша киргизишибиз керек. Дагы бир чоң маселе, мугалимдердин арасынан илимге тартышыбыз керек болуп атат. Анткени кытай тилин окутуунун астында бир чоң дың жатат. Биздин кол тийип, ойбогон дың жатат. Албетте, биз эмпирикалык деңгээлде окутуп атабыз, ага бүгүнкү берилген ачык сабактар күбө. Негизинен бөтөн тилди окутуунун методикасын №69 мектеп туура сактап атат. Чынын айтканда, кытай тилин окутуунун өзүнүн спецификалык методикасын иштеп чыга элекпиз. Буга чейин сабак, маданият окутуу менен алектенген болсок, эми тарыхтын өнүгүшү өзү бизди ойлондурганга мажбур кылып жатат. Демек, илимий теориялык-методикалык негизин иштеп чыгууга милдеттүү болуп калдык. Мындан ары ушинтип окута бергенге болбойт, бир нече маселени чечүү керек экенин тарыхтын өнүгүшү алдыбызга коюп атат. Кечиктирбей мыйзамдаштырышыбыз керек. Эгерде милдеттүү түрдө окуу планына саат кирсе,  анда бардыгы ачык болуп калат. Программа кандайча түзүлөт, канча саат берилет, кайсы класска дегендей. Биз туңгуюк жолдо эле окутуп жатабыз.

Окуу планына кытай тили деп түз жазылбаса деле чет тили деп жазып коюу керек. Анда мектеп кайсы тилди окутууну тандап, чечип алмак. Азыр өлкөдө үч миңден ашык кыргыз-кытай чакан ишканалар бар. Албетте, маселенин чечилиши оңойго турбайт. Бирок негиз бар. Азыр Кытайдагы 17 жождо биздин балдар сомго айлантканда 30 миңден стипендия алып магистратурада окуп жатышат. Өлкө башчылары 2007-жылы кол койгон мамлекет аралык келишим бар. Бүгүнкү турмуш кытай тилин мыйзамдаштырууну талап кылып жатат. Мамлекеттик стандартка киргизүү туура болот.  Мындан сырткары, жергиликтүү мугалимдерди даярдоо маселеси дагы бар. Анткени кытай тарап айтып жатат, «биринчи он, беш жыл жардам беришибиз ыктымал, бирок жергиликтүү мугалимдерди даярдашыңар керек» дешүүдө. Дүйнөдө Конфуций класстардын саны 1000ден ашты. №69 гимназия биздин ишенген, таянган мектеп.  «Таянган бийик тоодон ыргыткан таш, алыс кетет» дегендей, тарыхый, маанилүү ишти баштаган, чоң жолго из таштаган №69 гимназиянын жамаатына чоң ыраазычылык билдирем.

Л.П.Байбородина, №62 мектептин директору, Бишкек шаары:

– №69 гимназиянын иш-аракеттерин көрүп, жаңы нерселерин мен өзүмө алдым. 2008-жылы Чикаго барганымда, америкалыктар жогорку окуу жайында Конфуций класстары менен бизди тааныштырышкан эле.  Жаныбызда турган кошуна мамлекеттин тилин биз эмне үчүн окубайбыз деп ойлонуп, келээрим менен кытай тили кабинетин ачкан элем. Баса, Конфуций класстары 2004-жылы Сеулда да ачылган. Демек, Корея мамлекети кытай тилин окуп жаткандан кийин, демек биз дагы бул маселени туура кабыл алып, кыйынчылыктарды чогуу чечкенге аракет кылуу зарыл. Конфуций кабинеттерибиз бар үчүн окуучуларыбыздын Кытайга окууга барууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Гүлмира Бектурганова, №28 лицейдин директору, Бишкек шаары:

DSC_8505

– 2008-жылдан бери биздин окуучулар  кытай тилин окуй баштады. Ошондон бери окуу программанын, окуу пландын жана окуу китебинин жоктугу биздин жүрөгүбүздү өйүткөн маселе эле. Биз Сеулга барганда семинарда айтты, «он жылдан кийин дүйнө жүзүндө ар бир экинчи ишкер кытай болот» деп. Ошон үчүн балдарга кытай тилин окутуп жатканыбыз жакшы иш.

Конфуций институту бизге окуу китептерин бергенде волонтерлор менен чогуу олтуруп алып, программа түзүп, ага карата календардык жана окуу планын түзгөнбүз.

Вера Апышева, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

–  Көп нерсени көрүп, кызыкдар болуп калдык. «Миң уккандан, бир көргөн» дегендей, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери да чакырылса болмок экен.  Анткени №69 мектеп бир топ айылдык мектептерге  үлгү болмок, биринчиден. Экинчиден, бир топ тажрыйба топтоп кетишмек. Окуучулардын сабакка болгон мамилелери, өткөрүлгөн иш-чаралардын деңгээли абдан жогору экен.

 Бурулуш Аккулуева, Балыкчы шаарындагы №4 мектептин директору:

–  2011-жылдан бери кытай тилин окутуп жатабыз. Компьютер, эмеректер, окуу китептери менен камсыз болгонбуз. Эки волонтер бар, жергиликтүү мугалим да алдык. Бир окуучубуз Урумчиге барып келди. Негизинен окуучулар өз көздөрү менен барып келсе, кызыгышат экен. Конференция жогорку деңгээлде өттү.

 Айжаркын Аскарбекова, №69 ОТКнын кытай тили мугалими:

– Кытай тилин былтыртан баштап 8-11-класстарга берем. БГУ окуп жүргөндө 3-курста сегиз ай Кытайга барып, окуп келдим. Ириде кыйын болгон, иероглифтери көп, түшүнө албай, кыйналгам. Окууну бүткөндөн кийин Нарын тарапта жол салып жаткан кытай ишканасында иштеп калып, чөйрө менен сүйлөшкөндөн тилим өзү эле  жакшы болуп калды. Негизи окуучулар Кытайга барып келгенден кийин, тели-теңтуштарына айтып беришет. Ошондон улам, башка балдардын кытай тилине кызыгуусу артууда. Кытайга барып келгенде балдарга стимул болуп калат.  Биринчи эле  окуучулардын максаттары — Кытайга баруу жана ошол жерге окуп калуу.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*