БИЗ СҮЙГӨН – МУГАЛИМ

«Педагог» – аӊ-сезими калыптанып, өрчүп келаткан баланы жетелеп жүрүп, таалим-тарбия берип, алардын дүйнө таанымын кеӊейтүүдө бөтөнчө ролду ээлесе, руханий дүйнөсүн байытып, келечекке толуккандуу инсан кылып тарбиялайт.

Чех элинин улуу окумуштуусу Я.А.Каменский: «Күн астындагы кесиптердин эӊ ардактуусу – мугалимдик кесип», – деп баса белгилеп айтканы бул кесип ээлеринин тактап айтканда, мугалимдердин коомдогу, жалпы эле адамзаттын жашоосундагы маанилүү, маӊыздуу ордун окутуп-тарбиялоодогу ары татаал, ары жоопкерчиликтүү милдеттери далил деп турат.

Заманыбыздын өнүгүү доорундагы түрдүү кесиптерден ушундай түйшүктүү,ошону менен бирге эле жетиштүү кесип тандап алган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагыА.Жумагулов атындагы «Көк-Жар» орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, райондун, облустун,  министрликтин «Ардак грамоталарынын» ээси, мектеп ичиндеги «Мыкты мугалим»  жана 2013-2014-окуу жылындагы райондук «Жыл мугалими» сынагынын III даражадагы жеӊүүчүсү Төрөкулова Айгүл Алдашовна аталган мектепте 12 жылдан бери жаш муундарды окутуп-тарбиялап,кесиптештери менен иш тажрыйбасын бөлүшүп, окуучулары, ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеп келет.

«Мугалим» күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат», – дегендей окуучуларды окутуп-тарбиялоодогу мыкты жетишкендигин эжейдин ар бир окуучусунан көрсө болот. Себеби, алар абдан зээндүү, тартиптүү, ынтымактуу, боорукер, бардыгы «эӊ жакшы» деген баага татыктуу «Эӊ мыкты» окуучулар.

Буга далил, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде эжейдин 1-«а» классынын «Алиппе» майрамы жогорку деӊгээлде болуп өттү. Мотурайган биздин кичинекей бөбөктөрдүн өз алдынча ырдап-бийлеп, жаӊылбай ырларды көркөм айтып, бул кеченин көркүнө көрк кошуп, ар бир конокту толкундантып турушту. Ар дайым алардын келечектери кеӊ, өмүрлөрү узун болуп, окууларын ийгиликтүү аяктап, биз сыймыктанган ууп-кыздардан болуусун каалап өтөлү.

Ошол шаӊдуу майрамда, эжейдин уул-кыздарыбыздын окутуп-тарбиялоодогу артыкча салымы, ишкердик өзгөчө тажрыйбасы, жеке инсандык мыкты кулк-мүнөзү ж.б. көптөгөн жакшы сапаттары үчүн 1–«а» классынын ата-энелеринин сунушу менен Баткен согушунун Ардагерлер кеӊеши тарабынан 2015-жылдын апрель айында №0046 Буйругунун негизинде Төрөкулова Айгүл Алдашовна «Мен сүйгөн – мугалим» төш белгиси менен сыйланды.

Айгүл Алдашовна, ден соолугуӊуз чыӊ, өмүрүӊүз узун болуп, келечекте Эл агартуунун отличниги, Эл мугалими наамдарына ээ болушуӊузду каалайбыз!

Бышкан сайын мөмөлөрү чачылып,

Баскан сайын гүлдөр жайнап ачылып.

Бажырайып төшкө сыйлык батпасын,

Бул төш белги көп сыйлыкты чакырып!

Сыйлыгыӊыз кут болуп, окуучуларыӊыз менен ар дайым бирге болуӊуз!

Назгүл АСАНАКУНОВА,

2-«а» классынын ата- энелеринин атынан комитет төрайымы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*