КЫЗЫЛ АТТЕСТАТКА ТАТЫКТУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

Артыкчылык аттестатына талапкер 1231 окуучунун болгону 215 билимин тастыктады.

Быйыл мектепти бүтүрүп жаткан 61661 окуучунун 1231 артыкчылык аттестатын алууга талапкер болуп, тест сынагына катышты. Алар төрт сабактан: эне тили жана адабияты,  алгебра жана анализдин башталышы, кыргыз, орус тили жана Кыргызстандын тарыхы боюнча сынак тапшырды.

“Тест 26 тестирлөө борборунда өттү. Жыйынтыгы боюнча 20-майдан 29-майга чейин техникалык аппеляциялык комиссия иштеп, арыз менен кайрылгандардын иштерин карап чыкты. Натыйжада жалпы 215 окуучу өзүнүн билимин тастыктады”, – дейт Улуттук тестирлөө борборунун директорунун орун басары Зейнеп Жамакеева.

Артыкчылык аттестатын талапкер болуп эң көп окуучу Жалал-Абад облусунан (388) катталып, тилекке каршы, алардын болгону 29 билимин тастыктады. Ош облусунан 218 окуучу катышса, анын болгону тогузу гана кызыл аттестатка татыктуу экенин тастыктап, аталган область эң акыркы орунда калды.

Биринчи орунга Бишкек шаарынын окуучулары чыкты. Шаар боюнча жалпы 164 окуучу катышса, анын 82 артыкчылык аттестатына татыктуу болду.

 

Аманат кызы Махабат, студент-практикант

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*