ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫЛЫК МЕНЕН БАРАБЫЗ

 

1-сентябрдан тарта республикада 480 сааттык программа ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Э.Сариева Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин министрликте өткөн көчмө жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, учурда 480 сааттык программаны ишке ашыруу үчүн керектеле турган каражат табылды. Буюрса, 1-сентябрдан тарта беш жаштан жети жашка чейинки балдар 0-класска кабыл алына баштайт. Балдарды окутуу үчүн апрель айынан бери 68 мугалим атайын окуудан өтсө, эми дагы 5900 мугалим окутулат.

Жыйында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтаруу иши солгун жүрүп жатканын эл өкүлдөрү катуу сынга алды.  Бул күндө жалпы 119 бала бакча кайтарылса, анын 81 түз багытта иштейт. Калгандарына ремонт иштери талап кылынып, үч бала бакча боюнча сот иштери жүрүүдө. Дагы 467 бала бакчада ар түрдүү соттор, прокуратура, социалдык коргоо бөлүмдөрү сыяктуу мамлекеттик ишканалар жайгашкандыктан, маселе толугу менен чечилбей турат.

Комитет жетекчиси К.Осмоналиев учурда “Вечерний Бишкек” басма үйү турган бала бакчаны дагы бошоттуруу керектигин баса белгилесе, депутат Бөдөш Мамырова Бишкек шаарындагы 11-кичирайондо жеке менчик мектепке айланып кеткен бала бакчаны мисал кылып, дагы ушул сыяктуу максатсыз иштеп жаткан бала бакчаларды калыбына келтирүү талабын койду.  Андан сырткары билим берүүчү мекемелердин ремонт иштери, курулуштары, билим берүү стандарты,  кадр маселеси сыяктуу бир катар маселелер талкууга алынды.

Мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу менен гана кадр маселеси чечилерин министр баса белгилеп, 1-сентябрдан тарта алардын эмгек акысы 50%дан 80%га чейин жогоруларын, андан сырткары мугалимдердин статусун көтөрүү үчүн дагы кошумча эки механизм – пенсияга чыккан мугалимдерге кошумча төлөм киргизүү жана жергиликтүү бийликтин мугалимдерге колдоо көрсөтүүсү каралып жаткандыгын  маалымдады.

Депутаттар Кыргыз улуттук университетине эмдигиче ректор дайындалбай жаткандыгына, Улуттук илимдер академиясынын академик, мүчө-корреспонденттеринин стипендияларынын кыскартылып жатышына жана министрликке илимди жакшы түшүнгөн илимдин доктору жетишпей жаткандыгына тынчсызданышты.  Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып министр КУУнун ректорун дайындоо боюнча маселени жакында премьер-министр чечип берүү убадасын бергендигин жана министрликтин Илим жана илимий техникалык маалыматтар башкармалыгы жакында Илим департаменти болуп өзгөрө тургандыгын, ага жалаң белдүү илимпоздор тартылып жаткандыгын белгиледи.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*