100 жаңы бала бакчаны октябрь айында киргизүү пландалууда

Мектепке чейинки билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунун алкагында 2016-жылында, кыска мөөнөттө турууну камтыган 100 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын  түзүү пландаштырууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейин, мектептен тышкары жана мектепте билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айгүл Камалованын берген маалыматына таянсак, 100 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачуу Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын аткаруу максатында  министр Э.Сариеванын планында бекитилген.

–  100 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачуу  “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунун колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ачылышы пландалууда.  Бул программанын максаты – мектепке чейинки билим берүү камсыздоо менен аны көбөйтүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү кандай жумуштар аткарылып бүттү? Ириде маалымат берилчү тегерек столдор өткөрүлдү. Ага чейин министрликтин буйругу менен атайын түзүлгөн жумушчу топ сынакка катышуу үчүн критерийлерди иштеп чыгып, далилдөөчү документтер аныкталган. Жогоруда айтылган маалымат берүүчү тегерек столдор 100 мектепке чейинки билим берүү мекемелерди түзүү боюнча коомчулукка кеңири маалымат жеткирүү максатында айыл өкмөттөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын социалдык маселелер боюнча орун басарларынын жана  райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын)  башчыларынын катышуусу менен  республика боюнча өткөрүлдү. Азыркы учурда республиканын бүт региондорунда  100 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууга кызыкдар болгон демилгечи топторунун мүчөлөрүнө долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча семинарлар өтүлүп, тастыктоочу документтер жыйналууда. Андан соң, министрликтин атайын буйругу менен бекитилген тандоо комиссиясы сунушталган өтүнмөлөрдү карап чыгып, ачылуучу 100 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тизмеси министрликтин буйругу менен бекитилет.
Тандалган 100 мектепке чейинки билим берүү уюмдары  Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоорунун алкагында керектүү окуу-усулдук жана көрсөтмө колдонмолор, өнүктүрүү оюнчуктар менен жана жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу эмеректер менен камсыз болушат. Андан тышкары, тарбиячылар үчүн окутуу тренингдери өткөрүлөт. Ошондой эле, муктаждык болсо санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылат (ажааткана салынып, суулар киргизилет), – дейт А.Камалова.

2014 жылдын 1-сентябрына карата 927 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, аларга 132000 бала барган (17,4%).  Учурда республика боюнча 1062 бала бакчага 152116 бала барат (18% ).

2009-жылы  бала-бакчалардын саны 594 түзгөн. Акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санынын көбөйгөнүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 18, 7 % түзөт. Ушул көйгөйлүү маселени чечүү жана башталгыч мектептерде балдарды окутуу үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында Министрлик тарабынан 2012-жылы 480 сааттык Мектепке даярдоо программасы иштелип чыккан. Үч жыл аралыгында бир топ өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу программага өзгөрүүлөр киргизилип, кайрадан Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилди. Бул программаны ишке ашыруу боюнча даярдалган токтом учурда Өкмөттүн кароосунда турат. Бул документке кол коюлгандан кийин министрдин буйругу менен 1-сентябрдан тарта бардык мектептерде мектепке чейинки даярдоо топтору ачылат. Жумасына 15 саат, күнүгө үч сааттан окутулат. Программага 5,5-6 жаштагы балдар камтылат, – дейт башкы адис.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*