ОЛИМПИАДАНЫН ЖОБОСУ ѲЗГѲРТҮЛДҮ

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн ачуу жана колдоо, жалпы орто билим берүү системасында билим алган окуучулардын, мугалимдер жана педагогикалык-илимий кызматкерлер арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын чыгармачылык өз ара мамилелерин өнүктүрүү максатында өткөн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын Жобосуна өзгөртүү киргизди.

Билим берүү министри Эльвира Сариева «Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндөгү Жобого»  олимпиаданын уюштуруучуларынын катышуусунда айрым толуктоолорду жана өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча өткөргөн кеңешмеде жаңы Жободо олимпиаданын жүрүшү, өткөрүү этаптары, жалпы билим берүү предметтеринин аталышы, ошондой эле топтордун жетекчилеринин милдеттери, калыстар тобунун жобосу ж.б.у.с. так жазылаарын баса белгиледи.

– Олимпиаданын жүрүшүндө Жободогу айрым кемчиликтердин кесепетинен катышуучулардын укугу чектелгенин көрдүк. Ошондуктан, Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди. Айрым кошумча-алымчаларды олимпиаданын катышуучуларынын ата-энелери сунушташты, – деди Э.Сариева.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*