БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ОШТОГУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 

Билим берүү жана илим министри Э.Сариева Oштогу бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-катчысы Тынчтык Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Э.Сариева Ош шаарындагы бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушуу учурунда алардын жасап жаткан иштерине жогору баа берүү менен өзүнүн жылуу пикирлерин билдирди.

Ал эми шаардагы №69 “Мээрим” балдар бакчасындагы жолугушуу учурунда аталган бакчанын “Мыкты билим, мыкты бала бакчалар Кыргызстандын балдары үчүн” долбоору менен иштеп жаткан эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгектерин мактоого алып, “Тарбиячыларга кеп-кеңештер” аттуу китептерди акысыз таратты. Аны менен катар семинар-тренингдин жыйынтыгы менен тарбиячыларга сертификаттарды тапшырды.

Эске сала кетсек, №69 “Мээрим” балдар бакчасында буга чейин аталган долбоордун алкагында семинарлар өткөрүлүп, ага шаардагы кырктан ашуун тарбиячы катышкан.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*