ЭЛЬВИЗА НАРЫМБАЕВА: МЕНИН ЖЕӉИШИМ – МЕКТЕБИМДИН ЖЕӉИШИ

Май айында Ош шаарында “Мыкты мугалим – 2015” конкурсунда баш байгени Бөкөмбаев ат. №5 лицейден Эльвиза Нарымбаева  утуп, Daewoo Matiz  маркасындагы жеӊил машине мингени жалпы эле агай-эжейлерди шыктандырган окуя болду. Азыр Эльвиза жайкы убакты текке кетирбей, күзүндө боло турган республикалык конкурска активдүү даярданып жатат.

Ош шаарында алдыӊкы мугалимдердин конкурсу өткөн жылдын этегинде башталып, төрт тур менен өтүп, ушул жылы май айында аяктаган. Финалга чыккан жети мугалим окуу-усулдук иштерин көрсөтүп, кесибин тааныштырып, педагогикалык кырдаалдар боюнча суроолорго жооп берип, өнөркана, блиц-таймаш жана эрмек (хобби) жарышынан да өтүштү. Бөкөмбаев ат. №5 лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эльвиза Нарымбаева алдыга озуп чыгып, баш байгени жеӊип алган. Конкурсту уюштурган Ош шаардык мэриясы Эльвиза Нарымбаеваны Daewoo Matiz  маркасындагы жеӊил машине менен сыйлаган.

888-9

“Мага мугалимдер жамааты, айрыкча кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Байтикова зор жардам беришти. Албетте, мага караганда педагогикалык тажрыйбасы кыйла чоӊ болгон күйөөм да абдан жакшы колдоп турду. Конкурс ушундай деӊгээлде уюштурулса, мугалимдер чыгармачыл иштегенге дилгирленип, билим берүү тутуму жакшы өнүгөт деп ойлойм”, – дейт Эльвиза.

 Эльвиза Нарымбаева Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка айлында туулган. ОшМУда филологиялык билим алган соӊ, шаардагы № 16 кесиптик лицейде эмгек жолун баштап, анан азыр иштеп жаткан №5 лицейге которулган.

Назира Мамбетмусаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*