БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ КЫРГЫЗТЕСТ СИСТЕМАСЫНЫН ОТЧЕТТУК ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ БОЛДУ

2015-жылдын 6-августунда Билим берүү жана илим министрлигинде “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” Улуттук Программасынын аткарылышы боюнча отчеттук презентациясы өттү. Отчеттук Презентацияга Президенттик  Аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров катышты. Мындан тышкары КРнын Өкмөтүнүн аппаратынан, КРнын Улуттук Академиясынан, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү Комиссиясынан өкүлдөрү да болду. Аземди Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева ачып,  КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Т.Жумакадыровго Улуттук программанын алкагында Кыргыз Тестте аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берип өттү. Андан соң, Президенттин аппарат жетекчиси Темир Жумакадыров Тил багытындагы Улуттук Программанын аткарылыш жагдайларына кеңири токтолду.  

 Мындан тышкары Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Б.Топоева Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук  Программанын аткарылышы боюнча отчеттук презентация жасады. Отчетто Улуттук тест жүргүзүү борборунда  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекиткен графикке ылайык түзүлгөн тапшырма боюнча министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин  КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагынан өтүүсү боюнча жыйынтыгы көрсөтүлдү. Докладда Улуттук программада тилди билүү деңгээлдерин аныктаган шкалалары, талаптары, тест жүргүзүүнүн каналдары (лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу, сүйлөө), расмий тил боюнча тест сынагы туурасында айтылды. Расмий тил боюнча тест сынагы Москвадагы М.Ф.Ломоносов атындагы университеттин кызматташуусу менен түзүлүп жатканы да маалым болду. Мында Улуттук тесттин айрым кызматкерлери аталган окуу жайдан  окуп, атайын күбөлүктөргө ээ болуп келишкен. Программанын негизинде буга дейре Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү, Кыргызча-Орусча адабий сөздүгү да иштелип, жарыкка чыккан. Эми аспиранттар менен изденүүчүлөр үчүн кандидаттык минимумдарды тапшырууда мамлекеттик тил боюнча сынак киргизилмекчи. Ал эми илимий иштердин аннотациясы кыргыз тилинде жазылат. Министрликте 2014-жылдын 30-декабрындагы чечими менен “Тил билим берүү тармагында” 5-9 жана 10-11-класстар үчүн жаңы муундагы предметтик стандарттар бекитилген. Жаңы  30 окуу колдонмосу басып чыгарууга даяр турат.

Презентациянын экинчи бөлүгүндө келген коноктор КЫРГЫЗТЕСТ системасынын компьютердик тестинин иштөө ыкмасы менен да таанышышты.

 Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”

 

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*