Анаркүл ДАНДЫБАЕВА, Чүй облусунун Сокулук №2 орто мектебинин директору, КР Билим берүүсүнүн отличниги: «БААТЫРЛАР БАЯНЫН БАЛДАРГА ОКУТАЛЫ»

«…Ардактоо падышасын элдин наркы,

А элин сактоо, коргоо – анын парзы»

(Жусуп Баласагын)

Жер эне жаздын жагымдуу жытын улуу күндүн нурларынан искегендей, Анаркүл эже балдардын бактылуу дүйнөсүнөн, билим жана тарбия берүү чөйрөсүнөн мугалимдик кесиптин асыл, барктуу, нарктуу сапаттарын жан-дүйнөсүнө ширетип келет. Сөзү – ишке, иши  – ийгиликке, ийгилиги – сыймыкка, сыйлыкка төп келген мектеп директору Анаркүл Ишеновна: «Элибиздин тарыхын, маданиятын үйрөтүү мугалимдердин ыйык милдети. Элден чыккан эр жүрөк тарыхый инсандарды даӊазалоодо баатырлар баянын балдарга окуталы», – деп, окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты жүрөгү сезет. Ал окуучулардын жетишкендиктерин тастыктай турган «Формативдик баалоо» китебинин авторлорунун бири. Бир нече ардак грамоталарынын ээси.

КР Президенти А. Атамбаевдин 2016-жыл – «Тарых жана маданият жылы» жөнүндөгү Жарлыгында «…дүйнөлүк маданият жана илим дал биздин аймактан өнүгүүгө карай жаӊы дем-күч алган»  делип таасын айтылган.

Ооба, элибиздин тарыхын, маданиятын үйрөнүүдө мектепте түрдүү иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турулат. Жакында Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган «Тарыхы болбой эл болбойт» аттуу сахналаштырылып театрлаштырылган көрүнүш өзүнүн актуалдуулугу менен айырмаланды. Анда окуучулар Шабдан, Бишкек, Жайыл ж.б. баатырлардын жандуу, элестүү образын, басып өткөн жолун, баатырдык баянын, тарыхый таржымалын чагылдырышты. Келишимдүү, келбеттүү, жарашыктуу кийинишкен «баатырлар» адабият менен тарых сабактарын байланыштырып, Жер-Эне менен Толгонайдын (Ч. Айтматов «Саманчынын жолу») диалогу аркылуу байыркы бабаларыбыздын эрдигин, урпактарга калтырган көөнөрбөс тарыхый баалуулуктарын даӊазалашты. Кылым карыткан кыргыз элинин түндүгүн көтөрүп, түбөлүктүүлүгүн сактап, кыйын кезеӊдерди баштан кечирип келген тарыхый инсандардан үлгү алуу аркылуу мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө зарылчылдыгы айкындалды. Мындай тарбия ишинде таасирдүү иш-чараны жогорку деӊгээлде даярдаган тажрыйбалуу мугалимдер Акак Оморова менен Нуржан Тюлекееванын чыгармачылык аракетин тарых жана маданият жылында мектепке кошкон салымы катары кароого болот.

Арыба, «Алтын балалык»

 «Алтын балалык» деген сөздү укканда мугалимдер жана окуучулар жамаатынын көз алдына анда уюшулган өздүк көркөм чыгармачылык ийрими тартылат. Демилгечил мугалим Тюлекеева Нуржан Садыковна тарабынан түптөлгөнүнө аз гана убакыт болгонуна карабастан ийрим өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп, жагымдуу сөзгө алына баштаганын байкоого болот. Т.а. алар мектепте өткөрүлгөн түрдүү иш-чараларга такай катышып, өнөрлөрүн тартуулашып келишет. Мындан сырткары Москва районунун Беловодск айылындагы майып балдардын республикалык жатак мектебинде, Сокулук мектеп-интернатында жана Белагорка токойлуу санатория мектебинде болушуп, «Балдар – балдарга» аттуу кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Анда балдар концерт коюшуп, материалдык жардам көрсөтүшүп, өз колдорунан жасалган белектерди тапшырышкан.

Таланттуу балдарды чыгармачыл чөйрөдө чыйралтуу, өнөрлөрүн өр алдыруу, турмуш жолдорунда такшалтуу, кайрымдуулукка, адептүүлүккө, кичи пейилдүүлүккө тарбиялоо – мезгил үнү.

– Балдар менен жашап, алардын аруу тилектерине ортоктош болуп, келечек кыялдарына компас болуунун өзү – бакыт. Алардын булактын суусундай тунук жан-дүйнөсүнө аӊдоо салуу, сергек сезимине сүӊгүп кирүү педагогикалык-психологиялык чеберчиликти талап кылат.

“Арыба, «Алтын балалык»,

Жаӊылык сенден жаралып.

Улуу Күндүн нурундай,

Ааламга турсун таралып”, – дейт «Алтын балалык» менен сыймыктанган кыргыз тили жана адабияты мугалими Дүйшембиева Махабат Мукариповна.

Кыргызча ырларды созолонткон Валентина

 Сокулук районунда устат, тажрыйбалуу, таланттуу, чыгармачыл мугалим, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, көптөгөн ардак грамоталардын ээси Сухова Валентина Ивановнаны көпчүлүк эл жакшы тааныйт. Дегеним, анын өмүрү мектеп менен тамырлаш, тагдырлаш, өзөктөш, уялаш. Мектеп 1962-жылы алгачкы коӊгуроосун какса дал ошондон бери ушул мектепте үзүрлүү эмгектенип келет. Географиядан жер жүзүн тааныштырып, картаны тигиле окуучуларга көргөзүп жатканы Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестиндеги Инкамал-апайдын элесин көз алдыбызга чагылдырат.

Өзгөчө, «Сармерден» сынагында, «Ырдайлы кыргыз ырларын» телеберүүсүндө «Кыз Бурак», «18 жаш» аттуу ырларды созолонткону, жагымдуу үнү суктандырат. Бар болуӊуз, Валентина Ивановна!

 Ибраим Чотов,  өз кабарчы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*