КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕЛЕЧЕККЕ АЙКЫН ЖОЛ

Учурда биздин өлкөбүздө 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт.  Мына ушул жагдайга байланыштуу өлкөбүздө кыргыз тилдүү мектептер менен катар орус, өзбек, тажик тилиндеги же болбосо аралаш окутуу тилдери менен мектептер бар. Албетте, бул мектепте окуган окуучулар бир гана өзүнүн окуган тили менен чектелбестен, мамлекеттик тилди да талыкпастан үйрөнүүдө.  Көп тилдүү билим берүү этнос аралык мамиледе чыр-чатактардын алдын алууда, аларды болтурбоодо, инсанды толеранттуулукка, эки-үч тилдүү сабаттуулукка тарбиялоо учур талабы экендиги талашсыз.

Жалал-Абад  шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 мектеп-гимназиясы, Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы, №8 орто мектеби, Т. Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясы, Р.Азимов атындагы №13 орто мектептери «Кыргыз Республикасында  көп тилдүү  билим берүү» программасын ишке ашыруунун алкагында пилоттук мектептер катары тандалып алынган. Аталган мектептерде мамлекеттик тил — кыргыз тили, расмий тил — орус  тили  жана дүйнөлүк тил — англис  тили жогорку деӊгээлде окутулушу керек. Биздин  жаштар  ушул  үч    тилди  мектепте  жакшы  өздөштүрө  алышса, алар кайсы өлкөдө болбосун,  жождордо билим алууда болобу, ишке орношкондобу, айтор,  артыкчылыктарга ээ болуу   менен кыйынчылыктарды жеӊип өтө  аларына шек жок. Ошого  байланыштуу  кыргыз тилдүү мектептер менен  бир  катар  орус, өзбек тилиндеги  же  болбосо  аралаш  окутуу тилдери  менен да мектептер   бар.

 Көп  тилдүү  билим  берүү программасы  жаштарга  түрдүү  мүмкүнчүлүктөрдүн  ачкычын   берет деген ойдобуз. Ошондуктан  мектептерде   көп  тилдүү  билим  берүү  чөйрөсүн  түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Балдар  көп тилде  билим алуу  менен эле  чектелбестен,  көп  улуттун маданиятын, каада-салттарын үйрөнүп, башка улуттар менен ынтымактын бекемделишине, көп түрдүү маданияттарды үйрөнөөрүнө  ата-энелердин ишеничи да артууда.

 Пилоттук деп аталган бардык мектептерде көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырууга киришүүөткөн окуу жылынын март айында семинар-тренингге катышуу менен башталган. Семинар-тренингдин катышуучуларына  көп тилдүү билим берүү жөнүндө жалпы маалымат берилип, план иштеп чыгууну, максаттуу тилди тандоодо тилдик чөйрөнү изилдеп  чыгуунун зарылдыгы түшүндүрүлдү. Март айында аталган мектептердин өзүндө семинарлар өткөрүлүп, мугалимдерге, ата-энелерге КТББ, анын ролу, предмет жана тилди интеграциялап окутууну, предметчи жана филолог мугалимдин өз ара байланышы, ата-энелер менен мектептин шериктештиги жөнүндө түшүнүк берилди.

Ал эми педагогикалык кеӊешмелерде мугалимдерден жана ата-энелерден ар бир мектепте 17-20 мугалимден турган  чыгармачыл топтор түзүлүп, ишти жүзөгө ашыруу үчүн апрель айында мектептерде ата-энелер үчүн конференциялар өткөрүлүп, анда педагогикалык кеӊешмелердин чечимдери менен тааныштыруу да болгон. Пилоттук мектептерде ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен чыгармачыл топтордун натыйжалуу иштеши үчүн усулдук кабинеттер түзүлдү.

Түзүлгөн чыгармачыл топтордун  алгачкы семинарында топтун ар бир мүчөсү тарабынан мектептерде КТБ боюнча  маалыматтык стенддер чыгарылды. Предметчи мугалимдерге тилчи мугалимдер бекитилип, жумушчу график түзүлдү. Май айында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин адиси, көп тилдүү билим берүү боюнча ЮНИСЕФ уюмунун улуттук координатору  жолугушуу өткөрүп, иштин жүрүшү менен  таанышып, мугалимдерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти. 2015-жылдын июнь айынан тартып чыгармачыл топтун мугалимдери бир нечелеген семинар-тренингдерге активдүү катышып,  предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасы  (CLIL) боюнча сабак өтүүнү жана сабактын планын  түзүүнүүйрөнүштү. 2015-2016-окуу жылынын II чейрегинен тартып  пилоттук мектептерде  тандалып алынган класстарда  сабактар жарым-жартылай чөмүлүү формасында  окутула баштады. Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырып жаткан  мектептерде  чыгармачыл топтун  мугалимдери предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасы  (CLIL)   боюнча мугалимдер 96 сааттык  чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүштү. Көп тилдүү билим берүү программасы боюнча №4,5,10 мектеп-гимназияларынын, №8,13 орто мектептеринин мугалимдери тарабынан музыка, дене тарбия, көркөм өнөр, мекен таануу, табият таануу, Кыргызстандын тарыхы, физика сабактарынан фрагменттерди  педагогикалык чебер-класстарда көрсөтүшүп,  өз ара тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Үстүбүздөгү окуу жылынын 14-сентябрында №8 орто мектебинде семинар өткөрүлүп, ага КРнын Президентинин аппаратынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, Эл аралык  “ЮНИСЕФ” уюмунун  өкүлдөрү келип катышышты.  Семинарда 5-в классында ”Археология жана нумизматиканын тарыхтагы орду” аттуу  сабак толугу менен  жаӊы методика боюнча өтүлдү. Окуучулар максаттуу тилде өз ой-пикирлерин эркин айтып,  баарлаша алышты. Семинардын катышуучулары өткөрүлгөн иш-чарага өз бааларын беришип, жылуу пикирлерин айтышты.

Жалал-Абад областындагы  коомчулук, мугалимдер, ата-энелер  көп тилдүү билим берүү программасын түшүнүү менен кабыл алышып, ар тараптан колдоого алышууда. Өлкөбүздүн, балдарыбыздын келечеги  үчүн көп тилдүү билим берүү толук кандуу келечекти камсыздайт деп ойлойбуз.

М.Токторов

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*