И.Арабаев атындагы КМУ акыркы он жыл ичинде өзүнүн стратегиялык багытын аныктап, инновациялык методдорду колдонуунун натыйжасында электрондук китепканалык тейлөөнү уюштуруп, китепканалык кызматтын сапатын жакшыртууга көптөгөн аракеттер жасады. Атап айтсак, Илимий китепкана маалымат ресурстарды топтоодо китеп фондусун жана кагаз басылмалары (китеп, газета, журнал ж.б.) менен катар электрондук ресурстар менен толуктоого, анын ичинде дүйнөлүк маалымат ресурстарын эркин колдонуу жолу менен электрондук китепканалык тейлөөнү уюштуруп иш алып барууда. Алсак, республикалык масштабда түзүлгөн «КРАД» (кыргыз окумуштууларынын илимий авторефераттары, диссертациялары 1000 жакын), «Кыргызстандын китепканалары алган мезгилдүү басма чыгармалары» (жогорку окуу жайлары жазылган басма сөз каражаттары: журналдар жана газеталар 800 жакын). Мындан тышкары, жогорку окуу жайлар аралык долбоор «КИРЛИБНЕТ» (ЖОЖдун окумуштуу-илимпоздорунун илимий эмгектеринин базасы), ошону менен катар Улуттук китепкананын жана Улуттук академиянын фонддорунда сакталып турган сейрек кездешүүчү китептердин жыйындысы «Алтын фонд» (120) базасы Электрондук китепкананын маалымат ресурстарында жайгашкан. Мындан тышкары, республикалык масштабда түзүлгөн «Электрондук китепкананын» 5 лицензиясын (5 компьютерге жайгашкан) Россиянын 3000ге жакын окуу куралдары менен камсыз болгон. Ошону менен катар электрондук китепканада улуттук электрондук ресурстардан тышкары Россиянын жана башка эл аралык маанидеги электрондук ресурстарды топтогонго жетишкен. Мисалы: Россиянын (www. Iprbookshop.ru) электрондук ресурсуна акы төлөнүү жолу менен жазылып, натыйжада 2014-2015-жж. чыгарылган 100 миӊге жакын толук тексттүү окуу китептерди, илимий макалаларды университеттин электрондук китепканасында колдонууга шарт түзүлгөн. Бул ресурс жөнүндө кененирээк токтолуп кетсек, бүтүмүндө Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын ири университеттеринде бардык илимдер боюнча иштелип чыккан окуу куралдар, илимий макалалар, видео сабактар, кейстер ж.б. окуу методикалык куралдар жайгаштырылган. Бул ресурсту алууда, биз негизинен гуманитардык тармактагы, анын ичинде педагогика, психология илимдери боюнча маалыматтарга басым жасадык. Өзгөчө, университетибизде жаӊы ачылган адистиктерге дизайн, мектептерде дене тарбия жана спорт сабагын уюштуруудагы окуу процессине керектүү көптөгөн окуу-методикалык куралдары On-line түрүндө Iprbookshop электрондук ресурсунан алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, университеттин окутуучулары окуу процессине кеӊири колдонуп жатышат. Ошону менен катар университеттин Россиянын мамлекеттик китепканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 600 миӊге жакын диссертациялары менен авторефераттардын толук тексттүү вариантын Оn-Line режиминде алып окурмандарга сунуштап жатабыз. Бул кызматтарды университеттен тышкары, башка илимий мекемелердин, окуу жайлардын окумуштуулары дагы колдонуп келүүдө. Мындан тышкары, эл аралык маанидеги «ЭБСКО», «Исть-Вью», «Шпрингер» ж.б. ресурстардын тесттерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. «Исть-Вью» эл аралык ресурстун бүтүмүндө болгон Россиянын бир нече илимий журналдары менен окурмандардын суроо талабын канааттандырып жатабыз. Мисалы, «Педагогика» журналынын эки даанасына гана жазылып, университеттин педагогдоруна жетишсиз болуп жаткан, ал эми журналдын электрондук түрүн бүгүнкү күндө көптөгөн педагогдор колдонушуп, өзүлөрүнүн окуу-методикалык иштеринде пайдаланышууда.
Илимий китепкана жогоруда көрсөтүлгөн тышкы электрондук ресурстар менен гана чектелип калбастан, өзүнүн электрондук ресурстарын түзүүдө дагы алгылыктуу иштерди жасоодо, атап айтсак, 2005-жылдан баштап Илимий китепкананын иши толугу менен автоматташтырууга өткөрүлгөн. бүгүнкү күндө 4 БД камтыган электрондук каталог түзүлүп, негизинен 20 миӊден ашуун наамдагы китеп жана университеттин “Жарчысына” жарыяланган окумуштуулардын 1.5 миӊден ашуун толук тексттүү илимий макалалары киргизилген. Мындан тышкары, университетибиздин окутуучулары менен окумуштуулары жазган 50дөй электрондук китепти түзүүгө жетишип олтурат.
университеттин китепканасы келечекте электрондук китепканалык кызматтын сапатын жакшыртууну максат кылып коюуда. жакынкы арада окурмандарды тейлөө үчүн «SMART- библиотека» (Акылдуу китепкана) тармагын уюштуруу маселесин чечүү каралып жатат. Бул система ишке киргизилсе окурмандын өздүк электрондук карточкасына Интернет аркылуу керек болгон сапаттуу маалымат жеткирүү менен жекече тейлөөнүн ыкмасын колдонуу менен тейленет. Натыйжада окурман китепканага келбестен эле кайсы жерде (үйдө, жумуш ордунда) болбосун, маалымат менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай жаӊы ыкма окурмандарды сапаттуу маалымат менен камсыз кылуу менен бирге билимдин сапатын дагы көтөрүүгөөбөлгө болот десек жаӊылышпайбыз.
Н.А. Давлетярова,
И. Арабаев атындагы КМУнун
Илимий китепканасынын мүдүрү,
тарых илим. канд., доцент.
Эн мыкты!