ММК МЕНЕН ПРОФСОЮЗ – КООМЧУЛУКТУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН БИРГЕ КОРГООЧУ ӨНӨКТӨШТӨР

Өткөн жумада Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Ж.Абдрахманов ММК өкүлдөрү менен жолугушуп, “PR-компания – профсоюздар ишмердүүлүгүнүн алмашкыс элементи” деген теманын тегерегинде баарлашты.

Мындай аталыштагы семинардын өтүшү “профсоюздар менен прессанын балансташкан жана конструктивдешкен кызматташтыгынын башталышы” деген пикирин билдирген Жанадил Абдрахманов, өлкөбүздөгү жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдө ММК кызматкерлеринин кошуп жаткан салымы зор экендигин белгиледи:

–          Пресса күн сайын бизди акыркы жаңылыктар менен тааныштырып, өлкөбүздө болуп жаткан окуялардын чордонунда болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мен журналисттерди коомдук пикирдин жарчылары катары жана ошондой эле эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары баалар элем. Профсоюз уюмдарынын алдыдагы милдеттери жана коомдогу реформалар – жарандык коомчулуктун катышуусуз ишке ашпай турган нерсе. Бул процессте да ММК өкүлдөрүнүн ролу чоң. Андыктан коомчулуктун кызыкчылыгын бирге коргоочу өнөктөш катары мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып бараарыбызга ишенем, – деди КПФ төрагасы Ж.Абдрахманов.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы коомдук уюм болгон менен мамлекеттин мыйзамдарында каралган укук жана менен милдеттердин жыйындысын айкалыштырган өзгөчө статуска ээ. Мына ушул мыйзамдык базага таянган профсоюз кыймылы адамдын эмгегине байланыштуу мамилелерди жөнгө салууда жана эмгек рыногунун өркүндөп өсүшүн камсыздоодо, социалдык чыр-чатактарды алдын-алууда, деги эле мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшүндө орунттуу роль ойноору талашсыз. Профсоюздар федерациясы Кыргызстандагы бир нече министрликтер менен биргеликте комиссияларды жана кеңештерди, жумушчу топторду түзүшүп, республикалык, облустук жана тармактык деңгээлдеги адам эмгегине байланышкан чыр-чатактарды жана ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө активдүү катышып келет.

Республикабыздагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн арналган семинарга Молдовадан атайын чакырылган модератор Чоарик Василе, КПФнын төрага орун басары Р.Бабаева, социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы С.Ф.Семенова, укук коргоо бөлүмүнүн башчысы В.Г.Брейво, техникалык инспекциянын башчысы, Д.Тыныбеков ж.б. катышышып, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*