“ЖАЙЛООДОГУ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ” – 2016 ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 27-29-октябрь аралыгында Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаторийинде “Жайлоо өнүгүү борборлору – 2016” долбоорунун алкагында республикалык конфренция өткөрөт.

Конференцияга республиканын бардык аймактарынан 160тан ашык педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышат.
Конференциянын иши негизги беш теманын алкагында жүрөт: Жайлоо өнүгүү борборлору – 2016. Өзгөчөлүктөрү, жетишкендиктер, жаңы демилгелер; Жайлоодогу ата-энелердин жана балдардын ден-соолуктарын текшерүүнүн жыйынтыктары; Жайлоо өнүгүү борборлорунун мазмундук, усулдук, сапаттык коштоо; Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун туруктуулугун камсыз кылуу жана каржылоо булактары. Бул темаларда катышуучулар  атайын баяндамаларды угушат жана өз ой-пикирлерин ортого салып, талкуулай алышат.

Ошондой эле  иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашып жаткан долбоорлор тууралу  маалыматтар берилет.

Республиканын ар кыл аймактарынан келген катышуучалар үчүн “Атанын керээзи”, “Сүтак” фильмдери көрсөтүлөт. Андан тышкары тыныгуу убактыларында “Макаларт” продюссердик борборунун фильмдери тартууланат.

“Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбоору 2014-жылдан бери фонд тарабынан колго алынып, үч жылдын ичинде 6000ден ашык тоо шартында жашаган малчылардын балдарынын ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түздү. 2014-жылы Республиканын аймактарында – 35, 2015-жылы – 87, ал эми быйыл, 2016-жылы – 117 жайлоодогу өнүгүү борборлору ачылып, иш алып барышты.

Республикалык конфренцияны өткөрүү Улуу Британиянын элчилигинин “Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын башкаруунун туруктуулугун, натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагындагы каржылык колдоосу аркылуу жана “Ага Хан фонду” менен кызматташтыкта ишке ашууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*