100 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП: БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТЫ

“100 инновациялык мектеп” билим жаатындагы маанилүү долбоорлордун бири. Ал 2012-жылы Кыргызстанда иштелип чыгып, бирок бюджеттинсеквестирленишине байланыштуу ишке ашкан эмес. 2013-жылдын бюджетиндеаталган долбоорду ишке ашырууга каражат каралып, жаңы окуу жылынанбаштап сынактан тандалып алынган 100 мектеп лабораториялык кабинеттержана Интернетке эркин чыгуу мүмкүнчүлүгү бар класстар менен камсыздалган. Бул максатта бюджеттен 100 миллион сом бөлүнүп, 100 пилоттук мектепке заманбап талаптарга жооп берген интерактивдүү инновациялык жабдуулар сатылып алынган.

“Инновациялык мектеп” аталышы эмнени камтыйт?

“100 инновациялык мектеп” долбоорун ишке ашыруудан мурда “Инновациялык мектеп жөнүндөгү” Жобо жазылып, мектептин директорлору тарабынан талкууланган. Андан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылган. Инновациялык мектеп – педагогикалык жамааттын изилдөөчүлүк, эксперименталдык иши жана чыгармачыл изденүү жолу менен инновациялык мазмундагы жалпы маанидеги педагогикалык ийгиликтерге жетишкен билим берүү уюму болуп эсептелет. Инновациялык мектептердин жамаатына педагогикалык коомчулукту билим берүү системасынын жалпы өнүгүшү үчүн маанилүү болгон багыттар боюнча, анын ичинде тилдик (көп маданиятуулук), табигый-математикалык жана политехникалык багыттар боюнча өз ишинин инновациялык тажрыйбасы менен тааныштыруу боюнча системалуу иш жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Кайра өзгөртүп түзүүлөрдүн тереңдиги боюнча инновациялар радикалдык (жаңы идеяларды иштеп чыгуу жана өздөштүрүү), модифицирлөөчү (мурунтан колдонулуп жаткан нерсени өркүндөтүү, айрым жерлерин өзгөртүү: мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык чектелген нормадан ашпаган сааттардын алкагында окуу планына жана программаларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү) болуп саналат. Андыктан пилоттук мектептин мугалимдери инновациялык ишмердүүлүктү жекече тартипте да, ошондой эле көйгөйлүү чыгармачыл тайпаларда да жөнгө салуучу укуктук-ченемдик иш кагаздарга ылайык жүргүзүп келатышат. Жаңычыл-педагогдор, педагог-изилдөөчүлөр инновациялык ишмердүүлүктүн жүрүшүн жана иштин натыйжасын талкуулоо үчүн жылына бир жолудан кем эмес чогулуп, мүдүрдүн алдындагы кеңешмелерде, мектептин педагогикалык кеңешинде, илимий-тажрыйбалык конференцияларда, семинарларда чыгармачыл отчетторун берип, методикалык көргөзмөлөрдү жана окуучулардын иштеринин көргөзмөлөрүн уюштуруп, инновациялык ишмердүүлүктү андан ары жүргүзүү мерчемдерин бекитишүүдө.

100 пилоттук мектеп билим сапатын жакшыртат

Долбоор мектептерди технологиялык жактан камсыздоого жана билим сапатын жакшыртууга багытталганы баарыбызга белгилүү. Ошентип 2013-жылдын бюдже- тинде аталган долбоорду ишке ашырууга каражат каралып, сынактан тандалып алынган окуу жайлар тиешелүү заманбап технологиялар менен камсыздалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин “100 инновациялык мектеп” долбооруна борбор шаардын беш мектеби кирген. Ушул мектептердин базаларында бардык жаңы идеялар, долбоорлор апробациядан өтөт жана аны мугалимдер, директордун орун басарлары, директорлор жалпыга көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Анын бири Т.Сатылганов атындагы №69 ОТК гимназиясы.

Инновациялык ишмердүүлүккө катышкандар укуктарын жана милдеттерин аткарып жатышабы?

– Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле республиканын аймактарында «100 инновациялык мектеп» долбоорун жүзөгө ашырууда Билим берүү жана илим министрлигинин «Инновациялык билим берүү программаларын жигердүү жайылтып жаткан жалпы билим берүү уюмдарын сынактык негизде тандап алуунун тартиби жана критерийлеринин» негизинде мектептер тандалып, аларга компьютердик комплектери керектүү эмеректери менен толук жеткирилген. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын кызматкерлеринин жана инновациялык мектептеринин директорлорунун катышуусу менен Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназияда «Инновациялык мектептерди жайылтуу аркылуу Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоо» деген темада тегерек үстөл өткөрүлүп, анда дагы кенен талкуулаганбыз. Биздин мектеп бул долбоорго кирээрден мурда сынакта белгиленген бардык критерийлерге жооп бердик. Ооба, инновациялык ишмердүүлүккө катышуучулар инноваци- ялык программаларды жана технологияларды тандап алууга; иш тажрыйбасынан материалдарды жарыялоого, бастырып чыгарууга; автордук укуктарынын корголушуна укуктуу. Ошондой эле билим берүү жараянынын сапатын камсыз кылууга; инновациялык ишмердүүлүктү экспери- менттик ишмердүүлүк программалары жана максаттуу долбоорду, программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш мерчемине ылайык жүргүзүүгө; инновациялык ишмердүүлүктүн жүрүшү жана анын натыйжалары тууралуу өз убагында отчетторду берүүгө; өзүнүн кесиптик дасыгын жогорулатууга милдеттүү. Бул жагынан алганда бизде бир топ алгылыктуу иштер бар, – дейт Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы ОТКнын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайрагүл Атаева.

№69 – инновациялык мектеп

Инновациялык ишмердүүлүгүнүн негизги багыты – окуу программасын ишке ашырууда профилдик багытта математикалык, гуманитардык , табигый, тереңдетилген немец жана кытай тилдери боюнча иш алып барат.

– “100 инновациялык мектеп” долбоорунун алкагында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Атай кетсек, республикалык инновациялык мектептер үчүн “Инновациялык технология мектеп практикасында” , “Тилдерди окутуу аркылуу окуучулардын коммуникативдик компетенциясын өнүктүрүү”, “Заманбап инновациялык технологияларды география сабагында колдонуу”, “Интерактивдүү досканы колдонуп, окуу методикалык каражаттарды түзүү”, “Чет тилдерин окутууда эффективдүүлүгүн арттырууда инновациялык технологиялардын ролу”, “Окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу”, “Окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу”, “Изденүүдөн

ийгилик жаралат” , ошондой эле “Мектеп – Конфуций институт: Кытай тилин окутуунун кыйынчылыктары жана чечүү жолдору” аттуу республикалык семинарлар болду. Мындан сырткары, шаардык семинарлар “Ар кандай типтеги программаларды түзүү технологиясы”, информатика жана физика мугалимдери үчүн “Кошумча программаларды түзүүнүн методикасы” деген темада семинар-тренинг, “Акылман” интеллектуалдык марафону өткөрүлдү. Бир сөз менен айтканда, мектептин базасындагы жаңы идеялар, долбоорлор апробациядан өтүп жана аны биздин чыгармачыл мугалимдер жалпыга жайылтып, өздүк тажрыйбалары менен бөлүшүп келатышат, – дейт мектеп жетекчиси.

Тажрыйба жайылтуу – жалпы иш

№69 гимназиянын мугалимдери ар түрдүү кароо-сынактарга катышуу менен республикага иш тажрыйбаларын жайылтышууда. Алсак, жыл сайын өткөрүлгөн республикалык «Мыкты мугалим» кароо-сынагында 2013-2014-окуу жылында химия мугалими К. Айдаралиева I орунга, 2015-2016-окуу жылында немец тили мугалими С. Абдыкеримова II орунга ээ болсо, “Мугалим – коомдун күзгүсү – 2016 “ аттуу республикалык кароо-сынакта кытай тили мугалими Залкар Кыдыков катышып, заманбап мугалимдин үлгүсүн көрсөтө алды.

– Республикалык деңгээлде Россотрудничество менен биргеликте Лев Шейман атындагы фонд тарабынан орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн өткөрүлгөн кароо-сынакта мугалимдик чеберчилигин көрсөтүү боюнча А. Коңурбаева орус тилдүү мектептердин арасынан II орунга ээ болду.

Мугалимдер усулдук чеберчилигин өнүктүрүүдө да окуу китептерин жана колдонмолорду иштеп чыгышты. Эмгектери республикалдык деңгээлде жайылтылып жана колдонулуп жатат. Алар: 7-8-класстар үчүн жазылган биология китеби, автору Б.Мамытова, 6-класс үчүн “Физикалык география боюнча дептер” (Мырзаева Р.А.), “Материктердин географиясы боюнча дептер” 7-класс (Мырзаева Р.А.), “Физикалык география боюнча дептер” 8-класс (Мырзаева Р.А.), “Кыргыз Республикасынын социалдык географиясы боюнча дептер” 9-класс, химия предмети боюнча “Маселелерди чыгарууну үйрөнөбүз” 8-11-класстар (Калбаева Ш.), “Музыка сабагы боюнча колдонмо дептер” 5-класс (Миярова М.М., Борукчиева Г.Т., Исаева Г.Т.), “Let s listen” (Оморова Ж.) жана “Эсептегенди үйрөн” 2-класс. Профилдик багытта сабактарды кеңири окутууда сапаттуу билимди камсыз кылууга көңүл бурулат. Профилдик окутуунун негизинде гимназиянын окуучулары көптөгөн ийгиликтерге жетишүүдө. Алсак, немец тилин тереңдетип окутууда Европалык стандарттагы “Sprach» тил дипломуна ээ болушат. Бул дипломдордун негизинде окуучулар Германия мамлекетинин Ганновер, Берлин, Франкфурт шаарларынын жогорку окуу жайларында билим алышууда. Ошону менен бирге кытай тилинде “HSK, HSKK, YСT” сыяктуу тил деңгээли сертификаттарына ээ болушуп, Кытай Эл Республикасынын Пекин, Шанхай, Харбин ж.б. шаарларынын эл аралык жогорку окуу жайларында азыркы учурда 19 окуучу акысыз билим алышууда. Бул иш тажрыйбаларыбыз республикага жайылтылып келет. Андан сырткары, гимназияда заман талабына ылайык тестирлөө борбору уюштурулган. Бул борбордун иши шаардык, республикалык мектептерге көрсөтүлүп жатат, – дейт С.Атаева.

Гимназиянын дагы бир милдеттеринин бири – “Комплекс-гимназиясынын бирдиктүү билим берүү маалымат-технологиясын түзүү” болуп эсептелет. Материалдык-техникалык камсыздоо менен тажрыйбалуу-эксперименталдык инновациялык ишмердүүлүктөрү жүргүзүлүүдө. Ошонун негизинде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдер интерактивдүү тактаны колдонуу менен заманбап сабактарын өтүшүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*