КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

23-31-октябрга  чейин Түркиянын Чорум шаарында күрөш түрлөрү боюнча студенттер аралык дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык студенттер эки алтын, үч коло медалга татышты. 

Студенттик спорт федерациясынын вице-президенти, “Жаштык” республикалык жаштардын ден соолугун чыңдоо борборунун директору Эркинбек Абдылдаевдин берген маалыматына таянсак, аталган чемпионатка Кыргызстандан тогуз спортсмен, эки машыктыруучу, федерациянын  өкүлү, судья жана дарыгер барган. Эркин күрөш боюнча төрт спортсмен, бир машыктыруучу; грек-рим күрөшү боюнча төрт спортсмен бир машыктыруучу жана аялдар күрөшү боюнча бир спортсмен катышкан.

–          59 кг. чейинки  салмак категориясы менен грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында эки жолку дүйнөлүк чемпион аталып жана алтын медалды КМЮАнын студенти Каныбек Жолчубеков жеңип алды. Анын машыктыруучусу М.Ахмедов. 75 кг. категорияда ЖАМУнун студенти Эсен Асанов алтын медалды жеңип алып, грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпион наамына татыды. Анын машыктыруучусу А.Салаев. 70 кг. категорияда эркин күрөш боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун студенти Эламан Догдурбек уулу коло медалды утуп алып, дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру болуп калды. Анын машыктыруучусу Анарбек Усенканов. 57 кг. категорияда эркин күрөш боюнча КМЮАнын студенти Улукбек Жолдошбеков коло медалга татып, ал дагы дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру деп аталды. Анын машыктыруучусу Улан Деркимбаев. Белгилей кетүү керек, аялдар күрөшү боюнча катышкан “Манас” КТУнун студенти Мадина Надирова 48 кг. категория боюнча коло медаль утуп алып, ал дагы дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру, – дейт Э. Абдылдаев.

Айтмакчы, 1-8-октябрга чейин Тайиланддагы Чанг-Май шаарында студенттер арасында бокс боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага Кыргызстандан эки спортсмен катышып, байгелүү орунга татышты. Т.а. 49 кг. чейинки категорияда КМЮАнын 3-курсунун студенти Рахманкул Аватов коло медалды жеңип алып, студенттер аралык дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру болуп калды. Анын машыктыруучусу Азамат Ибраев.

–          60 кг. чейинки категорияда КМЮАнын 1-курсунун студенти Темирлан Осмонов коло медалды утуп алып, дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру деп аталды, – дейт Э.Абдылдаев.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*