ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИН КАБЫЛ АЛДЫ

 

Президент Алмазбек Атамбаев 25-январда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкө мектептеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлмира Кудайбердиева «2015-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары» программасын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө да айтып берди. Министрдин сөзү боюнча, өткөн жылы өлкөдө 76 мектеп курулду жана 100гө чукул мектептер капиталдык оңдоодон өттү. Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча дагы  28 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мектептерди куруу жана оңдоо боюнча комплекстүү иш биринчи кезекте бул максатка бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылышы керек экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*