СУЛТАН МЕНЕН ЖАКШЫЛЫК ЭЧ НЕРСЕДЕН КЕМ БОЛБОЙТ  

Президент  Алмазбек Атамбаев 26-январда  «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен курман болгондордун туугандары менен жолугуп, трагедияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын дилинен көӊүл айтты.

«Кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болду – бүтүндөй үй-бүлөлөр, наристелер бөөдө ажал тапты. Баарыбыздын жүрөгүбүз тилинип турат. Мен дагы бир жолу баарыӊыздарга көӊүл айтам. Кайрат кылгыла. Силер жалгыз эмессиӊер, артыӊарда бүт Кыргызстан эли турат. Бул каргашаны ар бир кыргызстандык жеке башына түшкөн мүшкүлдөй, өз жакынынан ажырагандай кабыл алды», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы айрыкча ата-энесинен ажырап калган балдарга камкордук керектигин, бир да бала көӊүл сыртында, камкорсуз калбоого тийиш экендигин баса белгиледи.

16-январдагы учак кырсыгынан ата-энесин жоготкон Жакшылыктан биздин газетанын журналисттери дагы кабар алып, Султандан бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышып келишти.

Жакшылыктын чоң атасы Шераалы Сатыбалдиев учурда небересин эч ким менен, өзгөчө журналисттер менен жолуктурбай жаткандыгын айтып, азырынча баланы мектепке дагы жибербей кое турууну чечкендигин билдирди. Себеби кырсык учурунда Жакшылыкты Сокулук райондук ооруканага тез жардам жеткиргенден кийин аны туугандары издеп тапканча бир топ убакыт өтүп, журналисттер аны камерага, сүрөткө көп тартып чочутуп коюшкан. Азыр бала катуу чыккан дабыш эмес жарк эткен жарыктан дагы коркуп жатат.

– Неберемди үч күн бою толук медициналык текшерүүдөн өткөрдүк. Кудайга шүгүр ден соолугу жакшы. Азыр балдарым Жакшылыкты алаксытыш үчүн паркка, эс алуучу жайларга алып барып жатышат. Себеби ата-энесин сагынып жатат окшойт, анда-санда ыйлап калат. «Атам келет бекен» деп да сурайт. Биз үчүн неберемдин амандыгы, ден соолугу баалуу, окуусун болсо азырынча ойлонуштура элекпиз. Мүмкүн эмдиги жылы деле окутарбыз, – дейт Шераалы Сатыбалдиев.

Кесиптешибиз Наргизанын уулу болсо дүйшөмбүдөн баштап мектепке бара баштаптыр. Биз баладан кабар алуу үчүн үйүнө барганыбызда Султан окууга кеткен экен. Тилекке каршы, бала менен жолугуша алган жокпуз. Ала барган белегибизди мектептен келгенде берип коюңуздар деп чоң апасына тапшырдык. Чоң апасы болсо  Султанды күнүгө чоң атасы мектепке алып барып, алып келип жатканын айтты.

– Султандын эжейи баланы мектепке жибергиле деп эки жолу келип кетти. Анан аны үйдө кармабайлык, андан көрө классташтары менен ойноп алаксысын деп жибере баштадык. Биринчи күнү сабактан келгенде атам, апамдарды классташтарым менен эскердик деп келди. Кудайга шүгүр баланын абалы жакшы. Буга чейин деле биздикинде көп жүрчү. Өзү дагы жоош. Ошондон уламбы айтор, азырынча мүнөзүнөн деле өзгөрүүлөрдү байкай элекпиз. Болгону атасы, апасы, эки бөбөгү турган сүрөттү карап калат. Анан чоң апа бул сүрөттө мен эмне жокмун деп сурайт, – дейт көзүнө жаш алган Бурулкан Жумалиева.

Учурда Султан менен Жакшылыктын келечегине кайдигер карабаган бир топ жарандар чоң ата, чоң энелерине бир катар сунуштар менен кайрылышууда. Айрымдары жеке окуу жайларда окутуп беребиз дешсе, кээ бирлери балдарды интернатка берүү керектигин айтышууда. Ал тургай аларды багып алат элек дегендер дагы чыккан. Бирок эки баланын тең чоң ата, чоң энеси неберелерин жанынан жарым карыш жылдырбай тургандарын билдиришти.

– Коомчулукта Жакшылыкты багып алам дегендер да чыгып жатканын угуп абдан капа болуп жатам. Бизге бериңиз, бул жактан, тигил жактан окутуп беребиз дегендер дагы көп болууда. Бирок мен алардын баардыгына уулумдан калган жалгыз туягымды эч кимге бере да албайм, эч кайда чыгара да албайм деген жоопту берип, узатып жатам. Кудайга шүгүр неберемди окутуп алууга азырынча кудуретим жетет. Жакшылык деле мектепке барганчакты менин колумда эле чоңойгон. Ата-энесинин колуна барганы менен кайра эле бул жакка кача берчү. Ошол каргашалуу күнү дагы неберемдин барбайм деп ыйлаганына карабай уулум алып кетип калган, – дейт Шераалы.

Султандын чоң апасы болсо буга чейин баланы түрк лицейлеринин биринен окутууну пландап жаткандарын, бирок ар кандай себептер менен бул оюнан дагы  кайтып жаткандарын айтты.

– Бала беш күн ал жакта, эки күн бул жакта болуп калса, тарбия жагынан маселе жаралып калбайбы деп ойлоп жатабыз. Өзүмдүн балдарым деле ушул мектептен окушкан, кудайга шүгүр, жаман болгон жок. Ошондуктан азыркы мектебинен эле окутабыз деп калдык. Ассоль Молдокматова дагы Султанды Эл аралык бир университеттен окутуп берели деген сунушун айтты, – дейт чоң апасы.

 

Балдарга психологиялык жардам керек

Учак кулаган каргашалуу күндөн бери психологдор кырсыктан жабыр тарткан балдарга психологиялык жардам беришүүдө. Алар Султан менен Жакшылыкка дагы келип, бир топ күн көз салышкан. Бирок Султандын чоң апасы ушул күндөрдө психологдордун жардамынан баш тартып жаткандарын айтты.

– Эки-үч жолу психологдор баланы алып кетип, кайра алып келишти. Султан бир жолу үйгө келгенден кийин эле мен интернаттан окуйм деп калыптыр. Жакшылап сурасам: «Эжекелер мени интернаттан окуйсуңбу деп сурашты, мен макул болдум», – дейт.  Анан отургузуп алып интернат деген эмне экенин түшүндүрүп бердим. Ошондон кийин баланы психологдорго бербей калдык. Ага караганда кошуналарыбыз жакшы жардам беришүүдө. Көбү орустар. Ошолор Султандын көңүлүн көтөрүп, алаксытып жатышат. Өткөндө бир кошунабыз өзүнүн балдары менен чогуу «Ташрабатка» алып барып келди, – дейт чоң апасы.

Психологдордун жардамы Султан менен Жакшылыкка караганда учурда Дача-Суу айылында жашап жаткан балдарга зарыл болуп жаткандыгын 16-декабрдан бери волонтер психолог катары кыргыз тилдүү балдар менен иштешип жаткан Уланова Бермет билдирди. Анын айтымында, кырсыктан жабырланган балдар менен дайыма бир психолог  иштебей, улам бири алмашып жаткандыктан балдарга толук кандуу жардам берилбей калууда.

– Азыр Дача-сууда жашап жаткан балдарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл болуп жатат. Себеби биз барып жолуккан балдардын көбү азыр деле шок абалынан чыга элек. Балдарга сүрөт тарттырып, пластилин менен ойноткондо жалаң кансырап жаткан же буту, колу жок адамдардын сүрөтүн тартып жатышат. Бир бала болсо пластилинден жалаң денесинен үзүлүп калган бут, колдорду жасап берди, – дейт Бермет Уланова.

 

Кол сунгандардын аягы суюла элек

Кырсык болгондон бери он күн өтсө дагы жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандардын аягы суюла элек. Биз Султандын  чоң ата, чоң энеси менен сүйлөшүп отурганда Астанада иштеп жүргөн кыргыздардын атынан келдик деген беш-алты киши кырсыктан каза болгондордун баардыгынын жакындарына жардам берип жаткандарын айтып, Наргиза менен Азаматка жана балдарына дагы  куран окутуп, ата-энесине материалдык жардам берип кетишти. Султандын чоң атасы Рахат бул адамдарга окшоп келип, куран окутуп, акчалай жардам берип жаткандар абдан көп экендигин айтып, элге ыраазылыгын билдирди. Аларга эки күн мурда Ички иштер министрлигинен дагы өкүлдөр келип, Султандын атына банктан эсеп ачып, ага бир топ акча салып койгондорун айтып, банктык эсепти берип кетишкен. Султанга материалдык жардам берет элек деп биздин редакцияга кайрылгандардын дагы саны арбын. Ал тургай Эл аралык Алыш федерациясынын президенти  Калмамбет Анапияев  бул эки балага Бишкек шаарында куурулуп, 2018-жылы колдонууга бериле турган көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батир белек кыла турганын дагы жар салды.

 

 

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*