КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫКТА БОЛ, КЫРГЫЗДЫН УУЛ-КЫЗДАРЫ!

14-15-майда Бишкекте жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында өткөн спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча үчүнчү жалпы республикалык спартакиадасында Нарын, Талас, Чүй облустарынын окуучулар командалары алдыга озушуп, мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты.

Командалар “Күч бирдикте” экендигине ынанышты

КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын Күжүрмөн даярдоо борборунда уюшулган бул спартакиадага республикабыздагы бардык облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командаларынын өкүлдөрү аскерге чейинки даярдыктары боюнча күч сынашты. Мелдеште мектеп окуучуларынын саптык даярдыгы, 100 метрге чуркоо, команда составында 1000 метрге чуркоо, күч көнүгүүлөрү, автоматты чачуу жана жыйноо, гранатаны алыскы аралыкка ыргытуу, пневматикалык винтовкадан ок атуу ж.б. түрлөрү боюнча өздөрүнүн даярдык деӊгээлдерин көрсөтүштү.

КР Коргоо министрлигинин чакыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Арстанбек Керималиев үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан спартакиаданын даярдык деӊгээли жылдан-жылга жогорулап, аскерге чейинки окууга окуучулардын кызыгуусу артып бараткандыгын белгиледи.

– Спартакиада Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальнигинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги №136 буйругунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте өткөрүлдү. Анын максаты – эӊ биринчиден, жаштарды бири-бирине жардам берүүгө, колдоого жана коллективизмге үндөө, башкача айтканда, кыргыздын жакшы макалында айтылгандай “Күч – бирдикте” экендигин көрсөтүү, Мекенди коргоо кесибин даӊазалоо жана ошондой эле алардын аскерге чейинки даярдыктарын жогорулатуу, бекемдөө болуп эсептелет. Анткени, кийинки кездерде жаштар арасында Мекенди коргоо деген түшүнүк мурдагыдай популярдуу болбой бараткандай. Окуучуларга дене тарбия, спортко машыгууга, эӊ жөнөкөй катарга тизилүү эрежелерин, курал кармоо ыкмаларын жана аскер формаларынын тартиптерин мектептен үйрөтүп, көнүктүрүп турсак, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган уландарга кыйла жеӊил болоору талашсыз. Мурда мектептерде Аскерге чейинки даярдык окуулары кандай деӊгээлде өтчү эле? Ал эми Зарница оюндарына катышпагандар арабызда чанда кездешчү. Тилекке каршы, кийинки мезгилде бул сабактар үзгүлтүккө учурап калган. Мына быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча спартакиадада окуучулардын даярдык деӊгээлдери купулга толорлук деӊгээлде жогорулап келатканын байкадык. Катышкан командалардын оюнга  даярдыктарынан тышкары, башындагы берети, талаа формасы, белиндеги куру, бут кийими сыяктуу формалары да калыстар тобунун көз жаздымында калган жок, – деп, өз баасын берди.

Нарындыктар быйыл да биринчи

Спартакиаданын жыйынтыгында калыстардын калыс чечими менен командалык мыкты даярдыктары үчүн Нарын облусунан келген курама командасы биринчи орунга озуп чыкса, экинчи байгелүү орун таластыктардын энчисине тийди. Ал эми Чүй облусунан келген курама команда үчүнчү орунга илинди.

Биринчи орунду камсыздаган Нарын облусунун командасынан 10-класстын окуучулары Талгат Асангазиев, Жаныбек уулу Жыргалбек, Темирлан Жумакадыров, Кадырбек Кочкорбаевдер чуркоо, граната ыргытуу сыяктуу мелдештерде өздөрүнүн чапчаӊдыктарын көрсөтүштү.

Оюн-мелдеште жалпы эле катышуучулардын мыкты даярданып келишкенин, мелдештин кээ бир түрлөрү боюнча гана көбүрөөк упай топтоо менен үч команда алдыга озуп чыккандыгын айткан Талас облусунун өкүлү, Аскерге чейинки даярдоо боюнча мугалими Нурлан Арыков сөз арасында балдарды даярдоодо жакындан жардам берген Бакай-Ата райондук аскер комиссариатынын 3-бөлүмүнүн башчысы, капитан Нургазы Кыбаловго өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Нурландын айтымында, ушундай биргелешкен колдоо, аракеттердин натыйжасында алар экинчи жылы катары менен байгелүү экинчи орунду ээлешти.

Ал эми КР КК ГШнын Аскерге чейинки даярдоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Асылбек Жапар уулунун пикиринде, командалардын ийгиликке жетиши жетекчилердин бул мелдешке жасаган мамилесинен да көз каранды болот.

– Спартакиаданын жыйынтыгында Нарын облусунан келген курама команда быйыл да биринчи орунду ээледи. Ал эми Таластын  курама командасы былтыркыдай эле мыкты көрсөткүчтөрү менен экинчи орунга жетишти. Мындай мелдештердин жыйынтыгы катышуучулардын даярдыгына жараша жалпы упай боюнча эсептелээри белгилүү, бирок тигил же бул команданын ийгиликке жетиши көпчүлүк учурда жетекчилердин мамилесине жараша да болуп калат. Балдарды даярдоого олуттуу мамиле жасап, алардын кийген кийиминен тартып, коюлган ар бир талапка жооп берүүгө далалат жасаган жетекчилердин аракети текке кетпеси айкын көрүнүп калды.

Арткы орунда калган командалардын жетекчилерине айтаарым – “Аракет кылсаӊ – берекет” дегендей, алдыга умтулуу менен аткарылган иштен майнап чыкпай койбойт. Ал эми кээ бир командалар, мисалга алсам, Бишкек шаарынын командасынын мүчөлөрүндө бирдиктүү аракет байкалбайт. Жетекчилери эптеп эле эсеп үчүн катыштыруу далалатын көрүшкөндөй, – деп, сын пикирин билдирип өттү.

Салтанаттуу жыйында байгелүү орунду ээлешкен жеӊүүчүлөрдөн тышкары КР Куралдуу күчтөр катарында жаштарды даярдоодо үзүрлүү эмгектенип келатышкан бир катар алдыӊкы аскер кызматкерлери “Мыкты аскердик кызмат үчүн” медалдар, КР Коргоо министрлигинин Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Аскердик-спорт оюнунун тарыхынан

Жогоруда полковник Арстанбек Керималиев эскергендей, ырасында эле мурда союз мезгилинде “Зарница” деген ат менен белгилүү болгон мындай таймаштар өтө кызыктуу, жогорку деӊгээлде даярдалып, окуучулар арасында популярдуу эле. Согуш талаасын элестеткен шартта колдоруна автомат кармаган балдар өздөрүн чыныгы жоокердей эрдемсишип, “жарадарларга” жардамга ашыккан медайым кыздар да өз милдеттерин тырышчаактык менен аткарышкан “Зарница” оюнунун эпизоддору көпчүлүгүбүздүн эсибизде болсо керек.

Кийинки муун үчүн тарыхка айланып бараткан “Зарница” аскердик-спорт оюнунда АЧД – Аскерге чейинки даярдыктын элементтери камтылып, жыйынтыктоочу этабында аскердик окууларына окшошуп кеткен жасалма (имитация) согуштук иш-аракеттер кирчү. Катышуучулар командаларга бөлүнүшүп, спорттун аскердик-прикладдык түрлөрүн оюн формасында көрсөтүшкөн.

“Зарницанын” жаралуу тарыхына кайрылсак, ал Бүткүл союздук аскердик-спорт оюндары катары СССРде 1967-жылы биринчи жолу расмий түрдө катталып, бул оюн окуучулар үчүн Алгачкы аскердик даярдоо программасына киргизилген.

“Зарницанын” биринчи Бүткүл союздук финалы 1967-жылы Севастополдо, Сапун тоосунда өткөрүлгөн. Адатта ал оюндар 4-7-класстардын окуучулары үчүн жайкы эс алуучу пионер лагерлеринде уюштурулган. Эреже катары аны атайын билими бар аскер адиси өткөрүүгө тийиш болгон.

Мурдагы Союздун курамына кирген бир катар мамлекеттер сыяктуу эле бизде да Аскердик-прикладдык оюндар кайра жандандырылып, мектептерде АЧД – аскерге чейинки даярдык сабактарын жумасына үч жолу өткөрүү киргизилгени менен, ал сабактарды өтүүчү атайын адистердин даражалык айлык акылары чечиле электиги кимди болсо да түйшөлтпөй койбойт. Албетте, аскерге чейинки даярдыктарды үйрөтүү милдетин аскер адамынан башка эч ким талаптагыдай аткара албайт. Окуучуларга бул сабактарды өтүүчү адистер жок эмес, бар. Алсак, запастагы офицерлерди, дене тарбия мугалимдерди даяр кадрлар десек болот. Бирок аларга эмгек маяна төлөп берүү маселеси чечилмейин, бул маселенин чечилиши да күмөн.

Кийинки мезгилде аскердик бөлүктөрдө орун алып жаткан терс окуялар аскердик кызматка, деги эле аскер турмушуна коомчулуктун кооптонуусун жаратып жатканы жашыруун эмес. Ал көрүнүштөр ата-энелерди аргасыздан уулдарын Мекенди коргоо милдетинен “куткарып кетүү” айла-амалдарына түртүүдө. Андыктан балдарыбызга үйдөн Мекенди коргоо милдети тууралуу туура түшүндүрмөлөрдү берсек, мектептен мугалимдер, атайын аскер адистер патриоттук духта окутуп-тарбиялашса, аскердик оюндардын негизинде чыныгы Мекен коргоочу эр-азаматтарыбызды даярдап алаарыбызда шек жок.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*